Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2005-жылдын 9-январы № 6
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө
(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 224, 2009-жылдын 17-февралындагы № 53, 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 129, 2012-жылдын 25-июлундагы № 137, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2013-жылдын 27-июнундагы № 108, 2015-жылдын 18-декабрындагы № 228, 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2017-жылдын 2-августундагы № 167, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2019-жылдын 17-майындагы № 64, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2020-жылдын 22-августундагы № 142, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоонун укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерин аныктайт.
I глава Жалпы жоболор
1-статья. Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынан, башка мыйзамдарынан жана аларга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Аккредитация - аккредиттөөнүн саламаттык сактоо уюмдарынын стандарттарына ылайык кесиптик ишти жүзөгө ашыруудагы компетенттүүлүгүн таануунун расмий жол-жобосу.
Сыркоо адам - оорусу бар экени белгиленген адам.
Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары - Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн уюмдаштыруучу (менчик ээси) тарабынан түзүлгөн уюмдар.
Бирдиктүү төлөөчү - базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
Тегерегиндегилер үчүн коркунуч келтирүүчү оорулар - кыска мөөнөттүн ичинде көп сандагы адамдардын ооруп калуусуна жана (же) өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон оорулар.
Клиникалык протокол - медицина кызматкерлери аткарууга тийиш болгон айкын ооруну диагноздоонун, дарылоонун жана анын алдын алуунун схемасы же пациенттин ал-ахвалы.