Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 3-майы № 18
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 132, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2018-жылдын 2-июнундагы N 58, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95, 2026-жылдын 28-июлундагы № 131 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам эталондук жана уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана объектилерин, кооз жаратылыш түзүлүштөрүн, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн генетикалык фондун сактоо, биосферадагы табигый процесстерди иликтөө жана анын абалынын өзгөрүүлөрүн контролдоо максатында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын уюштуруу, башкаруу, коргоо жана пайдалануу, ошондой эле контролдоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салат.
(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө мыйзамдар
1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан турат.
2. Жер, суу, токой ресурстарын, туристтик-рекреациялык жана ден соолукту чыңдоо маанисиндеги аймактарды, айлана-чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн стационардык пункттарын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоого жана пайдаланууга, атмосфералык абаны, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоого байланыштуу мамилелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү жана туруктуу иштетүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
акватория - табигый, жасалма же элестетилген (шарттуу) чек ара менен чектелген суу мейкиндиги;
биологиялык ар түрдүүлүк (био ар түрдүүлүк) - өздөрү бөлүк болуп эсептелген жер үстүндөгү, деңиздеги жана башка суу каптаган эко түзүмдөрдү жана экологиялык компоненттерди камтыган бардык тирүү организмдердин булактарынын окшоштугу. Бул эко түзүмдөрдүн ортосундагы түрлөрдүн жана ар түрдүүлүктүн чектериндеги өз алдынчалуу ар түрдүүлүктү камтыган түшүнүк;
биосфералык аймактар - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, алар биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктүн туруктуу балансын, экономикалык өнүгүүнү жана тийиштүү маданий дөөлөттөрдүн сакталышын камсыз кылуучу жер үстүндөгү жана суудагы экологиялык системалардын участокторунан же алардын комбинацияларынан турат;
буфердик зона - аймактын адатта негизги зонасын курчап турган же аны менен чектешкен жана илимий изилдөөлөр, айыл чарбалык жерлерди регламенттүү пайдалануу үчүн арналган аймактын участогу;
суулуу-саздак жерлер - табигый жана жасалма акваториялар, анын ичинде көлмөлөр, тайыз суулар, ошондой эле суулуу бети адатта жер үстүндө жайгашкан, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөр жана сууда жана суунун жанында жашаган, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын башка түрлөрү массалык жашаган, уялаган, көбөйгөн жерлер болуп саналган аймактын ашыкча нымдалган участоктору;
мамлекеттик корукчалар - табыштама же чарбалык иштин жөнгө салынуучу режиминдеги, мамлекеттик жаратылыш-корук фондунун бир же бир нече объекттерин сактоо жана көбөйтүү үчүн арналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары;