Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2021-жылдын 5-майындагы N 60 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 26-июлу № 141

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамынын, КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексинин  редакциясына ылайык)

1-берене.

"Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 9, 640-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 20-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"- уюшкан кылмыштуу топтордо, кылмыштуу шериктиктерде (кылмыштуу уюмдарда), куралдуу топтордо (бандаларда) тургандарга;".

2. 21-беренеде:

3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Администрациялык көзөмөл - Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу таасир берүүнүн жекече-алдын алуу чарасы.";

4-бөлүктөгү "министрлигинин" деген сөз "органынын" деген сөз менен алмаштырылсын.

3. 22-берененин 3-бөлүгүндөгү "жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук ченемдик актылары менен" деген сөздөр алып салынсын.

2-берене.

(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)