Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 28-декабры № 254
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж.,№1, 30-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-берененин он экинчи жана он үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жайыт белети - жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу укугун бере турган жана жайыт пайдалануучуну жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөсүнүн жайыт пайдалануу статусуна ээ кылуучу документ.
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет, бирок ушуну менен эле чектелбейт.".
2. 3-беренеде:
2-бөлүктө:
"тышкы чектери" деген сөздөр "чектери" деген сөзгө алмаштырылсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү жайыт участокторунун чектерин белгилөө процессинде чектери талаш-тартыштарды пайда кылган учурда төмөнкүдөй белгиленет:
- колхоздорго жана совхоздорго мамлекеттик акт боюнча пайдаланууга берилген жерлердин чектеринде;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин чектерин аныктоо боюнча материалдарга ылайык колхоздор жана совхоздор узак убакытка пайдаланган мамлекеттик жер запастарынын курамына кирген жерлердин чектеринде.