Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 11-апрели № 32
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө
(КР 2013-жылдын 23-январындагы № 7, 2016-жылдын 22-мартындагы № 22, 2016-жылдын 24-мартындагы № 27, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун укуктук негизин белгилейт, анын максаттарын жана милдеттерин, мамлекеттик маанидеги иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу калыптанган эл аралык тажрыйбага ылайык Кыргыз Республикасында расмий иш-чараларды өткөрүүнүн жол-жобо эрежелерин жөнгө салат.
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу терминдер жана түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
Мамлекеттик протокол - бул Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик деңгээлде башка мамлекеттер менен расмий иш-чараларда сакталуучу жалпы кабыл алынган эрежелердин, салттардын жана шарттуулуктардын жыйындысы.
Протоколдук улуктук - бул ички мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө колдонулуучу Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын улуктук тизмеги.
Мамлекеттик визит - чет мамлекет менен жетишилген эки тараптуу мамилелердин жогорку саясий деңгээлин белгилөө максатында Кыргыз Республикасына жүргүзүлүүчү визиттин жогорку түрү, ал чет мамлекет башчысынын бийликтеги ыйгарым укуктарын үзгүлтүксүз аткарып жаткан мезгилинде бир жолу гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Ушул Мыйзамда каралган аземдик сый көрсөтүүнүн көлөмү боюнча мамлекеттик визит кыйла толук болуп эсептелет.
Расмий визит - чет мамлекеттер менен расмий дипломатиялык мамилелерди чагылдырган визиттин негизги түрү, чет мамлекеттин башчылары үчүн Кыргыз Республикасына визиттин статусу боюнча экинчи түрү жана өкмөттөрдүн, тышкы саясат ведомстволорунун башчылары, ошондой эле чет мамлекеттин парламенттеринин спикерлери үчүн Кыргыз Республикасына визиттин жогорку түрү.
Жумушчу визит - белгилүү максаттуу мааниси бар визит: сүйлөшүүлөргө, консультациялар, келишимдерге жана макулдашууларга кол коюу, улуттук көргөзмөлөрдү, маданият күндөрүн ачуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри менен жумушчу жолугушууларды өткөрүү үчүн чет мамлекеттердин башчыларынын, өкмөт башчыларынын, тышкы иштер министрлеринин Кыргыз Республикасына келиши.
Жеке визит - коомдук багыт боюнча конференцияларга жана кеңешмелерге катышуу, спорттук мелдештерге катышуу үчүн, ошондой эле өз өлкөсүнүн элчисинин мейманы катары же туризм максатында жеке иштери боюнча чет мамлекеттердин башчыларынын, өкмөт башчыларынын Кыргыз Республикасына визити.
Жол ара визит - анын аймагы аркылуу өтүп бара жаткан чет өлкөлүк өкүлчүлүктүн Кыргыз Республикасында кыска болушу.