Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 3-июну № 80
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун (мындан ары - Мамлекеттик протокол) укуктук негизин белгилейт, анын максаттарын жана милдеттерин, мамлекеттик маанидеги иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн негизги принциптерин аныктайт.
Мамлекеттик протокол расмий иш-чараларды пландоодо жана жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышы үчүн милдеттүү болуп саналат.
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) Мамлекеттик протокол - бул Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик деңгээлде расмий эл аралык иш-чараларда сакталуучу жалпы кабыл алынган эрежелердин, салттардын жана шарттуулуктардын жыйындысы;
2) Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын протоколдук улуктугу - бул мамлекеттик ички жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө колдонулуучу, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызмат адамдарынын улуктук тизмеги;
3) мамлекеттик сапар - чет мамлекет менен жетишилген эки тараптуу мамилелердин саясий бийик деңгээлин белгилөө максатында жүргүзүлүүчү, чет мамлекеттин башчысы тарабынан анын бийликтеги ыйгарым укуктарын үзгүлтүксүз аткаруу мезгилинде бир жолу жүзөгө ашырыла турган чет мамлекеттин башчысынын Кыргыз Республикасына сапарынын жогорку түрү;
4) расмий сапар - чет мамлекет менен расмий дипломатиялык мамилелерди чагылдыруучу сапардын негизги түрү, чет мамлекеттердин башчылары үчүн Кыргыз Республикасына сапарынын статусу боюнча экинчи түрү жана чет мамлекеттердин парламенттеринин, өкмөттөрүнүн, ошондой эле тышкы саясат ведомстволорунун башчылары үчүн Кыргыз Республикасына сапарынын жогорку түрү;
5) жумушчу сапар - белгилүү максаттуу мааниге ээ болгон сапар: чет мамлекеттердин мамлекет башчыларынын, парламенттеринин, өкмөттөрүнүн жана тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын, анын ичинде көп тараптуу иш-чараларга катышуу, жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү, консультацияларды өткөрүү, келишимдерге жана макулдашууларга кол коюу, улуттук көргөзмөлөрдү жана маданият күндөрүн ачуу үчүн Кыргыз Республикасына келүүсү;
6) жеке сапар - чет мамлекеттердин мамлекет башчыларынын, парламенттеринин, өкмөттөрүнүн башчыларынын жана башка кызмат адамдарынын жеке иштер боюнча Кыргыз Республикасына сапары;
7) жол ара сапар - Кыргыз Республикасында анын аймагы аркылуу транзит менен бара жаткан чет өлкөлүк делегациянын кыска аралыкта болуусу;
8) жогорку деңгээлдеги сапар - чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги сапары жана алардын статусуна ылайык көрсөтүлүүчү аземдүү урмат-сый;
9) бийик деңгээлдеги сапар - чет мамлекеттердин парламенттеринин, өкмөттөрүнүн, тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын, мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын атайын өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин жана аларга теңештирилген адамдардын Кыргыз Республикасына сапары;
10) сапардын форматы - сапардын программасында чагылдырылуучу иштиктүү жана протоколдук мүнөздөгү иш-чаралардын жыйындысы, алардын жөрөлгөлөрү жана аларга катышкан адамдардын жекече катышуу деңгээли;
11) расмий кабыл алуу - делегациянын башчысынын келүүсүнө арналган иш-чара;
12) эстелик белектер - сапардын жүрүшүндө расмий делегациянын башчысына жана мүчөлөрүнө тапшырылуучу, Кыргыз Республикасын символдоштурган сувенирлер жана белектер;
13) протоколдук атрибуттар - салтанаттуулуктун талаптагыдай деңгээлин камсыз кылуу, дипломатиялык жана кызматтык протоколдун ченемдерин сактоо, ошондой эле мамлекеттик эгемендүүлүктү көрсөтүү максатында расмий иш-чараларды өткөрүүдө пайдаланылуучу символдордун, предметтердин жана визуалдык элементтердин жыйындысы. Протоколдук атрибуттарга мамлекеттик символдор жана мыйзамдарга жана эл аралык практикага ылайык колдонулуучу расмий жол-жоболоштуруунун башка элементтери кирет.
2-берене. Мамлекеттик протоколду жүзөгө ашыруунун укуктук негизи
Мамлекеттик протоколду жүзөгө ашыруунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
3-берене. Мамлекеттик протоколдун максаттары жана милдеттери
Мамлекеттик протоколдун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын бирдиктүү протоколдук практикасын жүргүзүү максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин чет мамлекеттерге сапарларын, ошондой эле жогорку/бийик деңгээлдердеги чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына сапарларын протоколдук камсыз кылуу;
3) сүйлөшүүлөрдү, көп тараптуу форматтагы иш-чараларды, эл аралык келишимдерге кол коюу аземдерин даярдоо жана уюштуруу;
4) чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын Кыргыз Республикасынын Президентине тапшыруусун уюштуруу;
5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.
4-берене. Мамлекеттик протоколду жүзөгө ашыруу
1. Мамлекеттик протоколду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын протоколдук кызматтары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү протоколдук практиканы жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет мамлекеттерге сапарларын, ошондой эле чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына жогорку/бийик деңгээлдердеги сапарларын даярдоо жана өткөрүү боюнча протоколдук-уюштуруучулук мүнөздөгү маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин координациялоочу ролунда Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары тарабынан камсыз кылынат.
5-берене. Координациялоону жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тышкы саясий курсту ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын биримдигин камсыз кылуу максатында эл аралык иш маселелеринде бийлик бутактарынын аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдарын координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык корпустун катышуусу менен республикалык ички иш-чараны уюштурууда бул маселени Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен милдеттүү түрдө макулдашууга тийиш.
6-берене. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк делегациялардын сапарлары
1. Кыргыз Республикасына жогорку/бийик деңгээлдердеги сапардын мөөнөттөрү, мүнөзү жана форматы дипломатиялык каналдар боюнча чет өлкөлүк тарап менен алдын ала макулдашылууга тийиш.
2. Бийик даражалуу мейман дем алыш жана майрам күндөрү, ошондой эле жумуш убактысынан тышкары келген учурда протоколдук иш-чаралардын деңгээли төмөндөйт.
3. Чет өлкөлүк делегацияга протоколдук аземдер жана урмат-сый сапардын форматына, делегацияны жетектеген адамдын (мамлекеттин, парламенттин, өкмөттүн, тышкы саясат ведомствосунун башчысынын же башка бийик даражалуу адамдын) статусуна, эки тараптуу мамилелердин деңгээлине ылайык, ошондой эле өз ара мамиле принцибин эске алуу менен көрсөтүлөт.
4. Кыргыз Республикасына мамлекеттердин, парламенттердин, өкмөттөрдүн башчыларынын жана аларга теңештирилген адамдардын сапарларын пландоо, даярдоо жана жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын компетенциясында, тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын сапарларын пландоо, даярдоо жана жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин карамагында болот.
5. Сапарлар мүнөзү боюнча мамлекеттик, расмий, жумушчу, жеке жана жол ара сапарлар болуп бөлүнөт. Кыргыз Республикасына сапар бийик даражалуу меймандын (делегациянын) Кыргыз Республикасына келген учурунан тартып башталат.
7-берене. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк делегациялардын катышуусундагы протоколдук иш-чаралар
1. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк делегациялардын катышуусундагы протоколдук иш-чараларга жогорку/бийик деңгээлдеги расмий жолугушуулар жана меймандарды узатуу, тарыхый-маданий мемориалдарга жана эстеликтерге гулчамбарларды коюу, расмий сүйлөшүүлөр, биргелешкен эл аралык келишимдерге кол коюу, басма сөз конференциялары, расмий кабыл алуулар жана маданий иш-чаралар кирет.
2. Эл аралык практикага ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты менен биргеликте протоколдук иш-чараларды иштеп чыгат.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү бөлүмү эл аралык келишимдерди макулдашууну, даярдоону, аутенттүүлүгүн белгилөөнү жана кол коюуну уюштурат.
8-берене. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк делегациялардын сапарларынын программалары
1. Кыргыз Республикасына жогорку/бийик деңгээлдеги чет өлкөлүк делегациялардын сапарларынын программалары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип чыгат жана делегациялардын болуусуна байланышкан жолугушуулардын аземдерин жана башка протоколдук иш-чараларды карайт. Сапардын программасын иштеп чыгуу убагында дипломатиялык каналдар боюнча бийик даражалуу меймандын каалоосу такталат.
2. Сапардын убактысын, өтүүчү жерин, катышуучуларынын курамын жана аны уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматты көрсөтүү менен иш-чаралардын ырааттуулугун сактоо сапардын программасынын милдеттүү шарты болуп саналат.
3. Чет өлкөлүк парламенттик делегациялардын башчыларынын сапарларын кошпогондо, жогорку деңгээлдеги сапарлардын программалары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган тартипте бекитилет. Сапардын программасы бекитилген учурдан тартып расмий документ болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк парламенттик делегациялардын башчыларынын сапарларынын программалары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы тарабынан бекитилет. Сапардын программасы бекитилген учурдан тартып расмий документ болуп саналат.
5. Эгерде бийик даражалуу мейманды жубайы коштоп келсе, анда ал үчүн өзүнчө программа түзүлөт жана макулдашылат.
9-берене. Мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынын атайын өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин сапарлары
Мамлекеттердин, өкмөттөрдүн башчыларынын атайын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин меймандары катары кабыл алынат.
10-берене. Такты мураскорлорунун жана падышалардын үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнүн сапарлары
Такты мураскорлору жана падышалардын үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин меймандары катары кабыл алынат.
11-берене. Чет өлкөлүк делегациянын башчысынын өлкө боюнча кыдыруусу
Сапардын программасында чет өлкөлүк делегациянын башчысынын Кыргыз Республикасынын региондору боюнча кыдыруусу каралышы мүмкүн.
12-берене. Протоколдук иш-чараларды камсыз кылуу
1. Чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына сапарларында белектерди алмашуу, автотранспорт, убактылуу жашоо үчүн турак жай менен камсыз кылуу, тууларды жана чакырыктарды илүү каралат.
Протоколдук иш-чараларды камсыз кылуунун тартиби жана көлөмү ушул Мыйзам менен белгиленген Мамлекеттик протоколдун негизги жоболору менен аныкталат.
2. Мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан чет өлкөлүк делегациялар менен жолугушуулардын жүрүшүндө алынган белектер мамлекеттик мүлк болуп саналат, көпчүлүктүн көрүүсү үчүн тиешелүү органдын имаратынын бул үчүн арналган жерине же болбосо Кыргыз Республикасынын музей фондуна, ал эми өзгөчө баалуулукту туюндурган белектер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына коюлат.
Белектерди баалоонун, эсепке алуунун, өткөрүп берүүнүн жана сактоонун тартиби, ошондой эле аларды өзгөчө баалуу деп таануунун критерийлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
13-берене. Чет мамлекеттердин элчилеринин Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын тапшыруусу
1. Чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталары Кыргыз Республикасынын Президентине тапшырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү (протоколдук) кызматы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте ишеним грамоталарын тапшыруу аземин даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат. Ишеним грамоталарын тапшыруу датасы дипломатиялык каналдар боюнча бир айдан кеч эмес макулдашылат. Ишеним грамоталарын тапшыруу күнү кыргыз тарап чет мамлекеттин элчисине резиденциядан тапшырылуучу жерге чейин жана кайра кайтуу үчүн транспорт берет.
3. Чет мамлекеттин элчиси Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним грамотасын тапшырган учурдан тартып аккредитацияланды жана Кыргыз Республикасында өз милдеттерине киришти деп эсептелет.
Ишеним грамотасы тапшырылганга чейин элчи дайындалган элчи деп эсептелет жана, эреже катары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталган тартипте саясий кызмат адамдары менен расмий жолугушуулар менен чектелет.
14-берене. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчилери тарабынан тапшыруу үчүн ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын даярдоо
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчисин, эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүн дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын даярдайт.
2. Ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталары мамлекеттик тилде, гербдүү кагазда даярдалат. Келген мамлекеттин протоколдук өзгөчөлүгүн эске алуу менен ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталары расмий же болбосо чет тилдеги тексттерди кошумча камтуусу мүмкүн.
15-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлүк сапарлары
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлүк сапарларынын мөөнөттөрү дипломатиялык каналдар боюнча макулдашылат. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлүк сапарын даярдоо жана өткөрүү үчүн сапар жасалуучу өлкөгө алдыңкы топ жиберилет. Кыргыз Республикасынын тиешелүү чет өлкөдөгү мекемеси алдыңкы топтун ишине зарыл болгон көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлөргө сапарларынын бир учурда болуусуна жол берилбейт.
3. Пландалган көп тараптуу иш-чара учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кыска мезгилдин ичинде бир эле чет өлкөгө сапарларына жол берилбейт.
16-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет мамлекеттердеги иш-чараларга катышуусу
1. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы чет мамлекеттердин майрамдык иш-чараларына, чет мамлекеттердин башчыларынын инаугурациясына, чет мамлекеттеги же эл аралык уюмдагы эл аралык конференцияларга жана симпозиумдарга тиешелүү чакыруунун негизинде катышуу жөнүндө чечимди кабыл алышат.
2. Чет мамлекеттин башчысынын каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү иш-чараларына, чет мамлекеттердеги эскерүү иш-чараларына Кыргыз Республикасынын катышуусунун тартиби жана деңгээли Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү чечими боюнча аныкталат.
17-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик иш-чараларына бийик даражалуу меймандардын катышуусу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик иш-чараларына, эл аралык конференцияларга жана симпозиумдарга бийик даражалуу меймандардын же алардын өкүлдөрүнүн катышуусу Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин чакыруусу боюнча жүргүзүлөт.
18-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун пайдалануу
1. Протоколдук иш-чараларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөттөрү пайдаланылат жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни аткарылат.
Кыргыз Республикасындагы эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты да пайдаланылышы мүмкүн.
2. Ушул Мыйзамда каралган учурларда эстелик гүлчамбарлары жана себет гүл үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана/же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан текст жазылган тасмалар, эстелик сувенирлери үчүн визиттик карточкалар пайдаланылышы мүмкүн.
19-берене. Эл аралык келишимдер
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылгандардан башка ченемдер белгиленсе, анда эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат.
20-берене. Мамлекеттик протоколдун негизги жоболору, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын протоколдук улуктугу
1. Жогорку/бийик деңгээлдердеги чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алуунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлүк сапарларынын тартибин регламенттештирүү, ошондой эле башка аземдүү протоколдук иш-чараларды өткөрүү максатында Мамлекеттик протоколдун негизги жоболору (тиркеме) белгиленет.
2. Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын протоколдук улуктугу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
21-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 32 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 4, 2113-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 23-январындагы № 7 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 1, 7-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-мартындагы № 22 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 3, 174-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-мартындагы № 27 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 3, 179-ст.);
5) "Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 18-мартындагы № 46 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 3, 178-ст.).