Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-февралы № 23
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу |
Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдору менен айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган. Ал токтомдордун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге жана пропорциялуу система боюнча саясий партиялардын тизмелериндеги депутат болуп шайлангандардан кийин катталган талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын каттоосу бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын ырастамалары бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Аймактык шайлоо комиссияларынын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде аталган талапкерлер бул токтом жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастаманы жана төш белгини берсин.
7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 12-февралындагы № 23 токтомунун 1-тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Ош облусу | ||||
Өзгөн шаары | ||||
1 | Өзгөн шаардык кеңеши | Каримов Нодирбек Токтосинович | Мэр болуп шайланган | № 155, 15.12.2012 |
Ноокат району | ||||
2 | Ынтымак | Раимбердиев Досмухамед Эркинбаевич | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 155, 15.12.2012 |
3 | Н.Исанов | Асанов Нурланбек Эсенбаевич | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 1, 31.01.2014 |
4 |
| Колдошов Данияр Темиркулович | Өз арызынын негизинде | № 1, 31.01.2014 |
5 | А.Мирмахмудов | Гафаров Шухрат Мамадумарович | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 155, 15.12.2012 |
6 | Бел | Каратаев Мамадияр Абдиллаевич | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 155, 15.12.2012 |
7 |
| Эсенбаев Жеңишбек Назарбаевич | Өз арызынын негизинде | № 155, 15.12.2012 |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
8 | Васильевка | Юсупов Азиз Ибрагимович | Каза болгонуна байланыштуу | № 157, 15.12.2012 |
Сокулук району | ||||
9 | Гавриловка | Рахманбердиева Бактыгул Маткеримовна | Өз арызынын негизинде | № 157, 15.12.2012 |
10 | Ат-Башы | Сейталиев Азисмамет Токтогулович | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 157, 15.12.2012 |
11 | Асылбаш | Абдыкулов Бек Жашасынович | Өз арызынын негизинде | № 157, 15.12.2012 |
12 | Төш-Булак | Исакова Тамара Жекшенбаевна | Өз арызынын негизинде | № 157, 15.12.2012 |
13 |
| Кожокматов Уранбек Салморбекович | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 157, 15.12.2012 |
14 | Саз | Надыров Байтик Мамбеталиевич | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 157, 15.12.2012 |
15 | Фрунзе | Кушчубаев Арфел Талантбекович | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 157, 15.12.2012 |
16 |
| Толстых Константин Петрович | Өз арызынын негизинде | № 157, 15.12.2012 |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
17 | Кош-Дөбө | Эдигеев Марат Кадырбекович | Муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 154, 15.12.2012 |