Редакцияот 12.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2013-жылдын 12-февралы № 3/4

(Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2013-жылга карата түзүлгөн иш планын окуп, таанышып Семиз-Бел айылдык кеңешинин регламентинин 3-бөлүгүнүн 9-главасына ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши)

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  2013-жылга карата түзүлгөн иш планын окуп, таанышып Семиз-Бел айылдык Кеңешинин регламентинин 3-бөлүгүнүн 9-главасына ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2013-жыл үчүн иш планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бекитилген иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Өмүровага милдеттендирилсин.

 

Семиз-Бел айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М. Букамбаев

 

 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз III сессиясынын №3/4 токтомуна 1-тиркеме

 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2013-жылга карата иш планы

 

№ п/п

Каралуучу маселелер

Аткарууга жооптуулар

Даярдоого жооптуулар

I- квартал.

1.

2011-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө

ФЭБ башчысы

 А.Касымова

Туруктуу комиссия

Ф.Э.Б. бөлүмү

2

Семиз-Бел айыл өкмөтү  боюнча жазгы талаачылык жумуштарын аткаруудагы тарифтерди бекитүү жөнүндө.

Айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл башчылары

Туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн башчысы

3

Кочкор райондук ветеринардык башкармалыктын калк арасында мал чарбасындагы малдан жугуучу оорулардын алдын алуу жана жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө

 Кочкор рай.вет.башкармалыгынын башчысы С.Медетбеков

 

туруктуу комиссия

4

Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү ФАП башчыларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө.

ФАП башчылары

 

туруктуу комиссия

II - квартал

1

Жайыт комитетинин 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө.

Жайлоо комитети

Жайлоо комитетинин төрайымы, туруктуу комиссия

2

Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндө көрктөндүрүү-жашылдандыруу  иштеринин  жүрүшү жөнүндө.

Айыл өкмөтүнүн башчысы

Айыл башчылар

Туруктуу комиссия

III-квартал

1

Мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыктары жана ремонт иштери жөнүндө

ФЭБ башчысы

Мектеп директорлору

Туруктуу комиссия

2

Семиз-Бел айыл аймагындагы  клуб башчыларынын аткарган иштери жөнүндө

Клуб башчылары

Туруктуу комиссия

IV- квартал

1

Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Монкоевдин 2013-жыл ичинде жүргүзгөн  иштери жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл  өкмөтүнүн аппараты

Туруктуу комиссия