Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-февралы № 32
2014-жылдын 13-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө |
Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 17-февралындагы № 9-1-чечиминин негизинде шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча сунушуна жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-, 4-, 5-пункттарын, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 13-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
№ 2235 “Кыргызстан” шайлоо участкасы.
Борбору: Боконбаев атындагы орто мектебинин 2-корпусу.
Чек аралары: Токтогул шаарынын № 1 кичи районундагы Азимкан, Азимкан кыска көчөсү, У.Кушубаков, Толук, Муктарбек, Кадырбек көчөлөрү, Суйуналиев көчөсүнөн түндүктү карай кеткен Кыргызстан көчөлөрү (Дадиев көчөсүнүн кесилишине чейин) толугу менен кирет, туурасынан кеткен Саадакан-Апа көчөсү толугу менен, А. Мадьяров көчөсүнөн батышты карай Момункулов, Коргол, Суйуналиев көчөлөрү кирет.
№ 2236 “Боконбаев” шайлоо участкасы.
Борбору: Боконбаев атындагы орто мектеби.
Чек аралары: Токтогул шаарынын Ченкил, А. Мадьяров, Ботбаев, Дадиев көчөлөрү жана Дадиев кыска көчөсү, Суйеркулов, Малгараев, Исраилов, Боконбаев, Ата-Киши, Султаке, Жамгырканов, Шаршенбиев көчөлөрү толугу менен кирет. Туурасынан кеткен Момункулов, Биримкулов, Кенжетаев, Медеров, Турду, Аралбаев көчөлөрү, Токтогул көчөсүнүн чыгыш тарабына чейинки аралыктар кирет.
№ 2237 “Коргон-Ата” шайлоо участкасы.
Борбору: А.Керимбаев атындагы райондук маданият уйу.
Чек аралары: Токтогул шаарынын № 2-кичи району жана 7-кичи району толугу менен кирет. Коргон-Ата көчөсүнөн тартып Турусов көчөсүнө чейинки аралыктары, Токтогул, Болсунбек, Сапиш, Азимов Чолпонбай, Сарагул, Бердалиев көчөлөрү кирет. Турусов, Ала-Тоо көчөсүнүн түштүк чыгыш тарабындагы каналга чейинки бардык көчө аралыктары кирет.