Редакцияот 10.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2013-жылдын 10-июлу № 4-3

«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директорунун эмгек акысынын жана тазалык үчүн төлөмдүн 1 айлык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директорунун эмгек акысынын өлчөмү жана Ат-Башы айылындагы соода түйүндөрү, түтүндөр жана коммерциялык уюмдар үчүн тазалык үчүн төлөмдүн 1 айлык өлчөмдөрү, калькулациясы боюнча «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Т.Аралбаевдин сунушу менен таанышып жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директорунун эмгек акысынын 1 айлык өлчөмү тиркемеге ылайык бекитилсин;

2. «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасына тазалык үчүн төлөмдүн 1 айлык өлчөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:

1 .Бир түтүнгө - 50 сом;

2. Дүкөн жана павильондорго - 60 сом;

3. Кафе жана чоң дүкөндөргө - 300 сом;

4. Коммерциялык уюмдарга - 250 сом;

5. Бюджеттик мекеме ишканаларга - 100 сом;

6. Базарларга - 800 сом;

2. Ат-Башы айылындагы жакыр, жардамга муктаж үй-бүлөлөр тазалык үчүн төлөмдө төлөөдөн бошотулсун;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Т.Аралбаевге тапшырылсын.

 

Ат-Башы айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

К. Абдылдаев

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2013-жылдын 10-июлундагы №4-3 токтомуна тиркеме

 

«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директорунун эмгек акысынын 1 айлык өлчөмү

 

Штаттык

бирдик

Кызматтык

маяна

377 токтом боюнча

кошумча төлөм

Райондук

коэффициент

1 айлык

эмгек акы

%

Сумма

%

Сумма

1

6000

5

300

50

3150

9450

 

Ат-Башы айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

К. Абдылдаев