Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-марты № 45
2014-жылдын 20-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт, Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой, Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө |
Жалал-Абад облусундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 12-мартындагы № 20-чечиминин, Нарын облусундагы Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 11-мартындагы № 4-чечиминин, Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 11-мартындагы № 6-чечиминин негизинде шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча сунуштарына жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-, 4-, 5-пункттарын, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 20-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт, Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой, Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төраганын ыйгарым укуктарын аткаруучу | А. Шайымкулова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 13-марты № 45 токтомуна тиркеме |
№ 1 “Кенжекулов” шайлоо округу.
Ш.Кенжекулов атындагы орто мектеби.
Уч-Малай айылынын чегинде.
Мандаттын саны: 2
Шайлоочулардын саны: 436
№ 2 “Көк-Арт” шайлоо округу.
Көк-Арт гимназиясы.
Жалгыз-Жаңгак айылынын Э.Чокморов атындагы көчөнүн чыгыш тарабынан айылдын аягына чейинки аймактын чегинде.