Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-июну № 6
Балыкчы шаарынын Ардактуу жараны наамынын жобосун бекитүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын “ Ардактуу жараны” наамынын жобосуна шаардык коомдук комиссиясынын сунуштарынын негизинде юридикалык күчүн сактоо үчүн жана мыйзамга ылайык өзгөртүү жана толуктоолор боюнча шаар депутаттарынын жалпы колдоолорунан кийин карап, талкуулап Ысык- Көл областык Адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүү зарылдыгын эске алып, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” жөнүндөгү жобосу толуктоо өзгөртүүлөр менен бекитилсин ( тиркеме 3 барак ).
2. Кабыл алынган токтом шаардык Кеңештин каттоо журналынан өткөзүлсүн.
3. Токтом Балыкчы газетасына жарыялансын.
4. Ысык-Көл областык Адилет башкармалыгынан “Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны “наамы жөнүндөгү жобону каттоодон өткөрүү жагы суралсын.
5. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн мааламаттардын, ошондой эле каттоо үчүн тапшырылган иш кагаздардагы маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашкандыгын ырастайт.
6. Шаардык Каржы бөлүмүнүн башчысы К.Кожомбердиевге шаардык Кеңештин токтомунун негизинде тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү тапшырылсын.
7. Токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана шаардык Кеңештин башкы адиси Г. Орузбаевага жүктөлсүн.
Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Смадияров |
| Балыкчы шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын _____сессиясында №____ “____”_________ 2013-жылы өзгөртүү толуктоолор менен бекитилген. |
«Балыкчы шаарынын Ардактуу жараны» жөнүндөгү ЖОБО
1. Балыкчы шаарынын элинин алдында, шаардын өнүгүшүнө өз эмгеги менен зор салымын кошкон, ошондой эле шаарлардын, өлкөлөрдүн, элдердин ортосунда эл аралык байланышта, элдердин тынчтыгын жана ынтымагын бекемдөөдө көрсөткөн эмгеги үчүн Балыкчы шаарынын атуулуна «Балыкчы шаарынын ардактуу жараны» деген наам ыйгарылат.
2. «Балыкчы шаарынын ардактуу жараны» наамы жергиликтүү коомчулуктун эң жогорку наамы жана ал эл депутаттарынын Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясынын чечими менен берилет.
3. «Балыкчы шаарынын ардактуу жараны» наамына сунуштарды ар бир жылдын 31-июнуна чейин, аймактык өз алдынча башкаруу органдары, шаардык Кеңештин депутаттары, шаардын мэри, эмгек жамааттары, коомдук бирикмелер, Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бере алышат.
4. «Балыкчы шаарынын ардактуу жараны» наамын тапшыруу жана уюштуруу иштери Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясында бекитилип, шаардын мэринин макулдугу менен түзүлгөн коомдук комиссия алып барат.
5. Коомдук комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын, шаардын уставынын, шаардык Кеңештин чечиминин, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу комитетинин чечиминин жана ушул жобонун негизинде алып барат.
6. Комиссиянын отуруму түшкөн сунуштарга ылайык каралып, чечим протокол аркылуу чыгарылат, ошондой эле кароо мөөнөтү сунуш түшкөн күндөн баштап үч айдын ичинде же комиссиянын чечимине ылайык болот.
7. Комиссия түшкөн сунуштарды толук карап чыгып, андан соң ар бир талапкерге жыйынтыгын ар жылдын 10-июлуна чейин берилет.
8. Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча жылына 10 адамга чейинки талапкерлердин арыздары каралат, алардын ичинен наамга татыктууларын шаардык Кеңештин сессиясына алып чыгат.
9. «Балыкчы шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу комиссиянын чечимине ылайык талапкерлердин арыздары каралат, алардын ичинен наамга татыктууларын шаардык Кеңештин сессиясына алып чыгат.
Шаардык Кеңештин чечими менен ушул наамга татыктуу болгон атуулдар жергиликтүү газетага жарыяланат. Бул чечимде атуулдун катардагы номери, кайсы эмгеги үчүн татыктуу болгону айкын көрсөтүлүп, кыргызча жана орусча тилдеринде жүргүзүлөт, Шаардык Кеңештин төрагасы кол коёт.
10. «Ардактуу жаран» наамы Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк атуулдарга атайын жана түбөлүккө ыйгарылат.
11. «Ардактуу жаран» наамына татыктуу болгон ар бир атуулга күбөлүк жана медаль тапшырылат. Күбөлүк менен медалды жана Ардактуу жаран жашайт деген табличканы жасатып илдирүү үчүн даярдоо шаардык мэрия тарабынан жүргүзүлөт.
12. Ар бир наамга татыктуу атуулдун аты-жөнү шаардык Кеңешин алдындагы «Балыкчы шаарынын ардактуу жараны» китебине түшүрүлөт.
13. Кыргыз Республикасынын ушул наамга татыктуу атуулунун көзү өткөн соң, тиешелүү документтери комиссиянын чечиминин негизинде «Балыкчы шаарынын тарыхый» музейине тапшырылат.
14. «Ардактуу жаран» наамы мурда алгандарга жана соттолгондорго берилбейт, ошондой эле мыйзам бузууга жол бергендерге эл арасында аброю кеткен учурларда комиссиянын чечими менен «Ардактуу жаран» наамынан ажыратылат.
15. «Ардактуу жаран» наамын ыйгаруунун негиздери болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
- көп жылдык, 20 жылдан кем эмес Балыкчы шаарынын элине белгилүү болгон талыкпаган күжүрмөн эмгеги, туруктуу эмгеги, коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн алган сыйлыктары, өкмөттөн алган наамдары ;
- шаар үчүн жасалган руханий дөөлөттүү патриоттук эмгеги жана социалдык экономикалык өнүгүүгө болгон үзүрлүү салымдары;
- шаардын жыргалчылыгы үчүн көрсөткөн эрдиктери;
- чет өлкөлүк жарандарга бул наам башкача негизде ыйгарылат, алардын ичинде саясий-коомдук маанилүү аткарылган иштери үчүн;
- кээ бир учурда патриоттуулуктун жана эрдиктин бийик үлгүсүн көрсөткөн, өлкөнүн беделин көтөрүүгө олуттуу салым кошкон адамдарга да салтанаттуу жагдайларда да ыйгарылышы мүмкүн.
16. Ардактуу жарандын күбөлүгү жана медалы ушул наамга татыктуу жаранга жылына бир жолу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө салтанаттуу түрдө тапшырылат;
17. Ардактуу жаран наамына татыктуу адамдар төмөндөгүдөй артыкчылык укуктарга ээ:
- Балыкчы шаардык Кеңешинин жана шаардык мэриясынын өкмөттүк майрамдарга арналган иш-чараларына чакырылууга, шаар күнүнө жана башка маанилүү окуяларга катышууга;
- Балыкчы шаардык Кеңешинин иш-чараларына, жергиликтүү өз-алдынча башкаруусунун аткаруу комитетинин отурумуна, шаардык Курултайга катышууга;
- Балыкчы шаарындагы коомдук автоунааларда бекер жүрүүгө;
- телефон байланышын кезексиз орнотууга;
- коммуналдык төлөмдөргө 50% жеңилдик алууга (шаардык Кеңештин сессиясы менен бюджеттен акча каражаттын карап берүү колдоого алынат)
18. Ардактуу жаранга татыктуу атуул өзүнүн юбилейин өткөрө алат.
19. Балыкчы шаарынын ардактуу жараны төмөндөгүдөй милдеттерге ээ:
- жаштарды тарбиялоо иштерине катышууга, ата-бабалардын осуяттарын үлгү түрүндө жактоого, бардык элдер менен тынчтыкта жана ынтымакта жашоого, жаш муундарды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө үндөөгө;
20. Аймактык өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз жана активдүү иш алып барууга
Балыкчы шаардык жооптуу катчысы |
Ө. Рахманов |