Загрузка документа…
ЛИПЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 9 январы №1
Липенка айылдык Кеӊешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө
Липенка айылдык кеӊешинин иш регламенти жөнүндө жоопту катчы М. Орозгожоеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Липенка айылдык кеӊешинин ХХVI чакырылышынын 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Липенка айылдык кеӊешинин ХХVI чакырылышынын иш регламенти кабыл алынсын.
2. Липенка айылдык кеӊешинин иш регламентин Ысык-Көл облустук юстиция бөлүмүнөн каттоодон өткөрүү жагы Липенка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы М. Орозгожоевага милдеттендирилсин.
Липенка айылдык Кеӊешинин төрагасы | Н. Адыров |
Бөлүм. Жалпы жоболор.
Глава. Липенка айылдык кеңеш.
Глава. Липенка айылдык Кеңештин компетенциясы.
Бөлүм. Липенка айылдык Кеңештин түзүмү.
3.Глава. Липенка айылдык Кеңештин төрагасы.
4. Глава. Липенка айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары.
5. Глава. Липенка айылдык Кеңештин жооптуу катчысы.
6. Глава. Липенка айылдык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
3. Бөлүм. Липенка айылдык Кеңештин ишинин жалпы тартиби.
7. Глава. Липенка айылдык Кеңештин сессияларын өткөруунун тартиби.
8. Глава. Липенка айылдык Кеңештин токтом долбоорлорун кароо тартиби.
9. Глава. Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктарын токтотуу.
4. Бөлүм. Липенка айылдык Кеңешинин типтуу жобосу.
10. Глава. Липенка айылдык Кеңешинин иш регламентин бекитүү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.
1.1.Липенка айылдык Кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоо жөундө», «Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарында белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө калыптануусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймактарындагы өкулчулуктуу органы.
Айылдык Кеңеш жалпы бирдей жана туз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш беруу менен шайланган депутаттардан турат. Айылдык Кеңеш депутаттарын шайлоо өткөуу тартиби «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
1.2.Айылдык Кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, жергиликтүү жамааттардын уставы жана ушул жобо менен киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечуугө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конститутциясына жана мыйзамдарына каршы келген айылдык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Айылдык кеңеш өзунун функцияларын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген мөөнөттөрдө өткөргөн биринчи сессиясынын кунунөн тартып аткара баштайт жана айылдык кеңештин кийинки чакырылышынын биринчи сессиясынын кунунөн тартып өз ишин токтотот.
2.1.Айылдык кеңеш сессиясында төмөнку маселелер чечилет
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
- жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын журушу жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу;
- аймактык социалдык-экономикалык жактан өнуктуруунун жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
- жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана женилдиктерди киргизуу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектилерин менчиктештируу программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелуу аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
- мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтунөн мурда токтотуу;
- жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
- тиешелуу мамлекеттик бийлик органдарына киргизуу максатында администрациялык-аймактык тузулуш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келуучу чечимдерин жокко чыгаруу;
- кеңештин жобосун кабыл алуу;
- өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
-өкмөт тарабынан аныкталуучу типтуу чечимдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана тузумун бекитүү;
- муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
- алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өтөруугө тыюу салганга чейинки чектөөлөрун аныктоо;
- ирригациялык тармактарды, уйдөгу жана уй жанындагы участкаларды кутуунун тартибин аныктоо;
- жергиликтүү жамаааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечуу;
2.2. Айылдык кеңештин сессияларында кошумча ирээтинде төмөндөгудөй маселелер чечилет.
– айыл өкмөтунун башчысын шайлоо;
- «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте айыл өкмөтунун башчысына ишенбестик билдируу;
- тиешелуу район үчүн базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасында жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
- айыл чарбасында жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун ижарага беруунун тартибин аныктоо;
2.3. Айылдык кеңеш башка маселелерди чечуу укугуна ээ жана зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөруп беруу менен өзунчө мамлекеттик ыйгарым укуктар берилиши мумкун.
3.1. Айылдык кеңеш төрагасы айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен депутаттардын санынын көпчулугунун жашыруун добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтунө шайланат.
3.2. Айылдык кеңештин төрагалыгына кеңештин депутаттары тарабынан ошондой эле өзун-өзу көрсөтуу тартибинде жургузулөт;
3.3. Өзунун милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын учтөн биринин демилгеси боюнча айылдык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчулук добушу менен айылдык кеңештин төрагасы кызмат ордунан мөөнөтунөн мурда бошотулушу мумкун;
3.4. Айылдык кеңештин төрагасы өзунун милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
3.5. Айылдык кеңештин төрагасы:
1) айылдык кеңештин сессиясын чакырат;
2) сессияга төрагалык кылат;
3) айылдык кеңештин чечимдерине кол коет;
4) Айылдык кеңеш тарабынан жуктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
3.6. Айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына ыйгаруу жөнүндө расмий өтунуч жасайт.
4.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерди кеңештин төрагасы тарабынан сунушталат жана ачык добуш беруу жолу менен депутаттардын көпчулук добушуна ээ болгон талапкер шайланат.
4.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат. Ал жокто же ал милдетти аткара албаган учурда төаганын ордун алмаштырат.
4.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзунун ээлеген кызмат ордунан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын учтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчулук добушу менен бошотулушу мумкун.
4.4 Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзунун ишин коомдук негизде жургузөт.
5.1. Липенка айылдык кеңештин жооптуу катчысынын функцияларын айыл өкмөтунун жооптуу катчысы аткарат.
5.2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы:
- айылдык кеңештин сессиясынын протоколун жургузөт;
- келип тушкөн документтерди эсепке алууну уюштурат;
- айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары менен уюштуруу иштерин жургузөт;
- депутаттарга айылдык кеңештин сессиясын өткөруу жөнүндө билдирет жана алардын катышуусун эсепке алат;
- сессиянын токтомдорун жол-жоболоштурат жана аларды айылдык кеңештин депутаттарына жөнөтууну уюштурат;
- айылдык кеңештин сессияларынын токтом долбоорлорун даярдоо боюнча ишти жетектейт.
6.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары айылдык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо ошондой эле айылдык кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу жана ведомстволук аймакта жайгашкан мекеме жана уюмдардын алардын аткаруусун контролдоо үчүн жургузулөт.
6.2. Комиссиялардын тизмесин сандык курамын жана шайлоо тартибин айылдык кеңеш аныктайт. Айылдык кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтундө зарыл учурда жаны туруктуу комиссияларды тузуу мурун тузулгөндөрду башкаруу жана кйра тузуу алардын курамына өзгөтуулөрду киргизуу укугуна ээ.
6.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштуу чечим кабыл алат.
7.1. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук укуктук туру сессия болуп саналат. Сессияларды өткөруунун тартиби жана мезгили айылдык кеңештин жобосу менен аныкталат. Айылдык кеңештин сессиялары кварталына бир жолудан кем эмес жана айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын учтөн биринен кем эместигинин талаптары боюнча ачык өткөрулөт.
7.2. Айылдык кеңештин сессиясынын отуруму депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбурөөк катышса ал укуктуу болот. Айылдык кеңеш айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көбурөөк добушу менен чечим кабыл алат, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка каралбаса.
7.3. Жаны шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумадан кем эмес мурунку чакрылыштагы айылдык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын айылдык кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эн улуусу ачат.
7.4. Айылдык кеңештин сессиясынын кун тартибине айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, айылдык кеңештин уюштуруунун дагы башка эн маанилуу маселелери киргизилет.
7.5. Эгер каралуучу маселе мыйзам чыгарууга ылайык мамлекеттик сырга таандык болгон учурда айылдык кеңеш жабык сессия өткөруу жөнүндө чечим кабыл алышы мумкун.
7.6. Айылдык кеңеш ар бир сессияда кун тартибин жана иш тартибин кабыл алат. Кандайдыр бир себептерден бул сессияда каралбай калган маселелер айылдык кеңештин кийинки сессиясында каралышы мумкун.
7.7. Айылдык кеңештин сессиясында жооптуу катчы протокол жургузөт. Сессиянын отурумунун протоколунда себептерин кошо көрсөтуу менен сессияда катышкан жана катышпаган айылдык депутаттардын сессияга чакырылгандардын аты-жөну, угуулар жана алар кабыл алган чечимдер камтылышы керек. Протокол сессияда төрагалык кылган жак менен кол коюлат.
7.8. Айылдык кеңештин сессиясында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер зарыл учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
8.1. Сессияда каралган маселелер боюнча айылдык кеңеш токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому сессияда ачык же жашыруун добуш беруу менен кабыл алынат.
8.2. Айылдык кеңешке кароого берилген токтом долбоорлорунда аткаруучулар, аткаруу мөөнөттөру, финансылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө кирген убактысы көрсөтулушу керек. – кызыкдар уюмдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тийиштуу бөлуктөру ошондой эле зарыл учурда мамлекеттик бийликтин тийиштуу органдары менен макулдашылган болушу керек; - бул маселе боюнча мурунку токтом эске алынышы керек жана мурун кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу же өзгөтуу боюнча сунуштар камтылышы керек. – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келуусу жөнүндө юридикалык негизге ээ болушу керек.
8.3. Айылдык кеңештин токтому сессияда кароодон кийин айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчулук добушу менен кабыл алынат.
8.4. Чечимге кошулбаган айылдык кеңештин депутаты жазуу же оозеки турдө өзунун өзгөчө оюун беруугө укуктуу ал айылдык кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
8.5. Сунушталган токтом долбоорлоруна сессияда катышкан депутаттардын жарымынан көбу добуш берсе, негиз катары кабыл алынат. Эгер сунушталган токтом долбоору негиз катары кабыл алынбаса пункт боюнча каралышы мумкун.
8.6. Баардык ондоолор каралгандан кийин токтом долбоору толук кабыл алынат.
8.7. Айылдык кеңештин чечимдерин жөнөтуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө айыл өкмөтунун аппараты тарабынан жургузулөт.
8.8. Айылдык кеңештин чечимдери анын ыйгарым укуктарынын четинде кабыл алынат. Тийиштуу аймакта жайгашкан ишканалар мекемелер, уюмдар жана кызматтык жакта раны сөзсуз аткарууга тийиш.
9.1. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештин жаны курамы тузулушунө кеңеш мөөнөттөрунөн мурда аткарылышына байланыштуу токтотулат.
9.2. Айылдык кеңеш мөөнөттөрунөн мурда төмөндөгудөй учурларда таркатылышы мумкун:
1) айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын учтөн экиден кем эмес көпчулугу тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;
2) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негизде Президент тарабынан;
3) администрациялык-аймактык бирдиктин чек араларынын өзгөрулушунө алып келген кайра уюштуруу учурларында;
9.3. Өзун-өзу таркатуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими айылдык кеңештин төрагасы тарабынан тийиштуу жогорку инстанцияларга жиберилет.
9.4. Чек араларын өзгөртпөстөн кеңештин администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртуу кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кеңешти таратууга алып келбейт.
9.5. Президенттин мөөнөтунөн мурда тарткатуу жөнүндө жарлыгы расмий жарыяланган кундөн тартып айылдык кеңеш мөөнөтунөн мурда таркатылды деп эсептелет.
9.6. Айылдык кеңеш мөөнөтунөн мурда таркатылган учурларда мулкунун жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелуу башчылары тартышат.
10.1. Айылдык кеңештин иш регламенти, иш регламенттин маселелери боюнча жумушчу топ тарабынан иш регламенттин негизинде иштелип чыгат жана айылдык кеңештин сессиясына бекитүүгө берилет.
10.2. Иш регламент маселелери боюнча жумушчу топтун курамы айылдык кеңеш шайлоочу беш депутаттан кем болбошу керек. Аны айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жетектейт.
10.3. Ар бир депутат регламентке өзгөртуулөрдужана толуктоолорду киргизуу жөнүндө сунуш киргизе алат. Сунуштар регламент боюнча жумушчу топко кароого берилет.
10.4. Айылдык кеңештин иш регламенти жана анын ондоолору айылдык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчулук добушу менен кабыл алынат.
Бул регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын айылдык кеңештеринин иш тартибин аныктайт.