Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-октябры № 17
Тору-Айгыр айылдык балдар бакчасына Сарбоз Смадияровдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Тору-Айгыр айыл өкмөтүндөгү Тору-Айгыр айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын протоколун, Тору-Айгыр айылындагы №7 балдар бакчасынын профсоюз уюмунун протоколун, ошондой эле Ысык-Кел районундагы кыштактардын жана Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүнө ысым ыйгаруу маселесин жөнгө салуу боюнча райондук комиссиясынын 27.09.2012-жыл № 69 чечимин карап, талкуулагандан кийин Эл депутаттарынын Тору-Айгыр айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тору-Айгыр айылындагы № 7 балдар бакчасына Сарбөз Смадияровдун ысымы ыйгарылсын.
2. Тору-Айгыр айылындагы № 7 балдар бакчасынын аталышы өзгөрүүлөр менен толукталып, Уставы бекитилсин.
3. Токтом Ысык-Көл райондук "Ысык-Көл баяны" гезитине жарыялансын
4. Тору-Айгыр айылындагы № 7 "Сарбөз Смадияров" атындагы балдар бакчасынын Уставы Ысык-Кел облустук Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
5. Ысык-Көл районунун билим берүү бөлүмүнүн №70 буйругуна ылайык, Абдрахманова Зыйна Жумабековна Тору-Айгыр айылындагы №7 Сарбөз Смадияров атындагы бала бакчанын директору болуп калтырылсын.
6. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле каттоо үчүн тапшырылган иш кагаздардагы маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн башчысына жана жооптуу катчыга тапшырылсын.
Тору-Айгыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Мамбетов |
| Тору-Айгыр айылдык кеңешинин 2013-жылдын 23-октябрындагы № 17 токтом менен бекитилсин |
Мамлекеттик жалпы билим берүүчү мекеме. "Мектепке чейинки билим берүү мекемесин башкаруу" методикалык колдонмосу түрдүү багыттагы жетекчилерине билим берүү уюмдарын башкарууда инновациялык ыкмаларды ишке ашыруунун жаны мүмкүнчүлүктөрүн ачат. "Мектепке чейинки билим берүү мекемесин башкаруу" жетекчилердин балдарды мектепке даярдоосун жеткиликтүү, сапаттуу жана баштапкы даярдыктын бирдиктүү принциптери аныкталат.
а) Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары:
б) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (район, шаар, айыл)
-Жалпы мектепке чейинки билим берүү мекемелердин уюштуруу документтери болуп аны түзүү жөнүндө чечим же уюштуруучулардын келишими, жалпы билим берүүчү мекемелердин уставы эсептелет.
-Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин уюштуруу укуктук формасы- мамлекеттик (муниципалдык) жалпы билим берүүчү мекеме.
-Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеме өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле Уставды жетекчиликке алат.
-Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеме чектелбеген мөөнөткө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон отот.
-Жалпы билим берүүчү мекеменин аталышы толук жана кыскартылган түрдө мамлекеттик тилде Тору-Айгыр айылынын Тору-Айгыр айылдык №7 балдар бакчасы
Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин юридикалык дареги:
Ысык-Көл району
Тору-Айгыр айылы-1
Кентибаев көчөсү № 3
2.1. Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеме мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып, финансылык- чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, өзүнчө мүлккө, өз алдынча баланска, өзүнүн аталышы кыргыз жана орус тилинде жазылган мөөргө, штамптарга жана бланктарга, казыналык органдарында жана башка финансы- кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана бет эсептерине ээ юридикалык жак болуп эсептелет.
2.2. Мүлк жана билим берүүчү мекемеге оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет, ага карата жалпы билим берүүчү мекеме ээлик кылуу укугун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдалуу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат. Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин мүлкүнүн курамына төмөнкүлөр кириши мүмкүн: негизги каражаттар, ээлеп турган жайы, жабдуулар, инвентарлар, жер участкасы жана башка мүлктөр.
2.3. Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекемеге менчик укугунда акча каражаттары, мүлк жана ага карата жеке жана юридикалык жактар, жалпы билим берүүчү мекеменин өздук ишмердигинен түшкөн кирешелер, ушул кирешеге сатып алынган менчик объекттер таандык.
2.4. Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеме уюштуруучунун макулдугу менен мыйзамга ылайык өзүнө бекитилген мүлктү ижарага берүүгө укуктуу.
2.5. Ижарага берилген мүлктөн алынган киреше уставдык максаттары үчүн пайдаланылат.
2.6. Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеме мыйзамда каралган бардык жарандык укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырууга сотто доогер жана жоопкер болууга башка укуктарга жана милдеттерге ээ болууга укуктуу.
2.7. Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин ишмердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте аттестацияланууга жатат.
2.8. Улантуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда, тартипте жана чектерде жалпы билим берүүчү мекеменин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартат.
2.9. Жалпы мектепке чейинки билим берүү жагынан Кыргыз Республикасынын саясатына каршы келбеген саясатты аныктоо жана ишке ашыруу.
2.10. Билим берүү жагынан мыйзамдарды аткаруу.
2.11. Жер-жерлерге мектепке чейинки билим-берүү уюмдарын түзүү, уюштуруу, жоюу, каржылоо тартибинин өзгөчөлүктөрүн аныктоо.
2.12. Жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жолу менен мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик кепилдигин финансылык бекемдөө.
3.1. Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин негизги максаты жалпы билим берүүчү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумун өздөштүрүүнүн негизинде органдардын инсандыгынын жалпы маданиятын түзүү жана андан ары мектепке чейинки билим берүү программаларын өздөштүрүү жана жарандуулукка тарбиялоо.
3.2. Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин ишмердигинин предметинин программаларын ишке ашыруу болуп эсептелет.
4.1. Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеме төмөнкү принциптердин негизинде иштейт.
1. Сапаттуу билим алууга Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын укуктарынын теңдиги;
2. Мамлекеттик билим берүүчү стандарттарды аткаруу;
3. Билим берүүнүн натыйжалуу системасын түзүү.
4. Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин финансылык өзүнчөлүгүн камсыздоо;
5. Мамлекеттик финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу;
6. Бир балага эсептелген каржылоонун бирдиктүү стандартташтырылган нормативинин негизинде жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерди бюджеттик каржылоону камсыздоо;
7. Билим берүүчү процессинин системалуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
8. Мамлекеттик негизги билимди алуу жалпы мектепке чейинки тарбияланып жаткан ар бир жарандын милдети;
9. Кошумча билим берүү жана кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелер өзүнчө баланста эске алынат.
10. Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин финансылык ишмердигин коомдук-мамлекеттик контролдоо, ачык айкындуулук, жеткиликтүүлүк.
5.1. 0з иш милдеттерин ишке ашырууда коюлган милдеттерге жетүүнүн жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеме төмөнкү укуктарга ээ.
1. Чыгымдар сметасын өз алдынча иштеп чыгууга, бекитүүгө, тийешелүү түрдө аларды өзгөртүүгө
2. Өзүнүн материалдык - техникалык, финансылык, кадрдык ресурстардын өз алдынча
3. пайдаланууга; Мамлекеттик лицензия жана жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин ишмердигин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын, укугуна ылайык билим берүү процесси уюштурууга;
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим министрлиги бекиткен мамлекеттик билим берүү программаларын иштеп чыгууга, кабыл алууга, ишке ашырууга;
5. Мектепке чейинки билим берүү системасында кыргыз тилинде, жалпы билим берүүчү программаларды ишке ашырууну камсыз кылууга;
6. "Мектепке чейинки билим берүү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизги жоболоруна туура келүүчү тандоонун өз алдынчалыгына окутуу, тарбиялоонун формаларын, каражаттарын, усулдарын пайдаланууга жана түзүүгө;
7. Мектепке чейинки. жалпы билим берүүнүн баскычтарына - ушул аймакта жашаган, негизги жалпы мектепке чейинки билим алууга укугу бар бардык адамдарды кабыл алууга;
8. "Мектепке чейинки билим берүү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аттестациялоону баалоо, формасы, тартиби, мезгилдүүлүгүнүн системаларын тандоодо өз алдынчалыкка;
9. Уюштуруучулардын демилгеси же макулдугу боюнча финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун билим берүү процессине оптималдаштыруу максатында түзүүгө же жоюуга;
-Улуттук, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышууга;
-Жалпы мектепке чейинки билим берүү боюнча иштерди уюштуруу, жакшыртуу маселелерине карата жогору турган мамлекеттик башкаруу органына кызмат адамдарына сунуштарды киргизүүгө;
5.2. Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеме төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү жалпы билимдин сапатын жана анын мамлекеттик билим берүү стандартына туура келишим:
Билим берүү процессине колдонулуучу формадагы усулдарын, каражаттарын психологиялык өзгөрмөлүктөрдүн жөндөмдүүлүгүнө, шыгына кызыкчылыктарына, өмүрүн, ден соолугун коргоо талантарына шайкеш келиши:
-Санитардык гигиеналык нормаларын сактоо:
-Билим берүүнүн чектеш деңгээлинин ортосундагы өз ара аракетти уланмалуулукту:
-Сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоочу жана тарбияланып жаткан балдардык санитардык гигиеналык тарбиялоочу:
5.3. Жалпы "мектепке чейинки билим" берүүчү мекемеде тарбиялангандардын макулдугусуз ата-энелеринин макулдугусуз жалпы "мектепке чейинки билим билим берүүчү программаларда окуу планында жана мекеменин уставында каралбаган эмгекке бала бакчада тарбияланып жаткан балдарды тартууга тыюу салынат.
5.4. Жалпы "мектепке чейинки билим берүү" мекемесинде балдарга карата күч жана психикалык зомбулук методдорун колдонууга жол берилбейт
5.5. Жалпы "мектепке чейинки билим" бер мекемелерде коомдук-саясий, диний кыймылдарды жана уюмдарды түзүүгө жол берилбейт.
5.6. Тарбиячыларды коомдук-саясий уюмдарга, кыймылдарга катышууга, үгүттөгү компанияларга, акцияларга катышууга жол берилбейт.
6.1 Жалпы "Мектепке чейинки билим "берүүчү мекемеде мамлекеттик тилде жүргүзүшөт.
6.2 Балдар бакчасына 3 жаштан 6 жашка чейин балдардын ата-энесинин каалоосуна жараша кабыл алынат
6.3. Жалпы "мектепке чейинки билим" берүүчү мекемеде окутуу тарбиялоо баланын документтерин толуктоо менен ишке ашат Жетим балдар жана кең үй-бүлөлүү балдарды көзөмөлдөөчү органдар менен макулдашуусу менен педагогикалык кеңеши тарабынан кабыл алынат.
6.4. Жалпы "мектепке чейинки билим берүүчү" мекемеде тарбияланып жана мекемеси (мед кызматтар) тарабынан камсыз болот. Администрация жана педагогикалык кызматкер менен катар дарылоо-алдын алуу иш чараларын өткөрүүгө Санитардык -гигиеналык нормаларды, балдардын тамактануу режимин жана сапатын сактоого жоопкерчилик тартат.
6.5. Жалпы "мектепке чейинки билим берүүчү "мекемеде тарбияланып жана мекемеси (мед кызматтар) тарабынан камсыз болот. Администрация жана педагогикалык кызматкер менен катар дарылоо-алдын алуу иш чараларын өткөрүүгө Санитардык-гигиеналык нормаларды. балдардын тамактануу режимин жана сапатын сактоого жоопкерчилик тартат.
6.6. Жалпы "Мектепке чейинки билим" берүү мекемеде балдардын тамактануусун уюштуруу балдар бакчасы аркылуу жүргүзүлөт.
6.7. Жалпы "мектепке чейинки билим" берүүчү мекеме, аймактык башкаруу органынын макулдугу менен тийиштүү. Тайпаларды алууга укуктуу.
Процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери.
7.1. Жалпы "мектепке чейинки билим" берүү мекемеде билим берүү процессинин катышуучулары болуп жалпы билим берүүчү мекеменин педагогикалык кызматкерлери , ата-энелери эсептелет.
7.2. Жалпы "мектепке чейинки билим "берүү мекеме "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана ушул Устав менен аныкталат.
7.3. Тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринин укуктары жана милдеттери жалпы "Мектепке чейинки билим" берүүчү мекеме жөнүндөгү типтүү жобонун негизинде мекеменин уставы менен аныкталат.
7.4. Жеке окуу программалары боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында окутуунун тездетилген курсунан окууга.
7.5. Уставда аныкталган формада жалпы билим берүүчү мекемени башкарууга катышууга.
7.6. Адамдык кадыр баркты сыйлоого, абийир, маалымат эркиндигине жеке көз карашын, ишенимдерин эркин билдирилет. Балдарга карата психикалык зомбулук ыкмаларын колдонууга жол берилбейт
7.7. Мектепке чейинки билим берүүнү башка укук жергиликтүү органдарын түзүү жана аларга жетекчилик кылуу.
7.8. Мектепке чейинки билим берүүнү чыгармалар бөлүгүнүн бюджетин түзүү
7.9. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагог-кадрлардын даярдоо аттестациялоо.
7.10. Өз укуктарынын чегинде документтерди чыгаруу
7.11. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилигин дайындоо
7.12. Ата-энелер жалпы "мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин уставын алардын укуктарына милдеттерине аткаруучуга балдардын билим алышы учун шарттарды түзүүгө, тарбиялоого, жоопкерчиликке тартууга, принциптерин сактоого милдеттүү.
7.13. "Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жамааты, Ата-Энелер, балдар менен иштенүүнүн максатында милдеттери , методикасы болуп саналат.
7.14. "Мектепке чейин билим берүү "балдарга тарбия берүү, окутуу, өнүктүрүү, мектепке даярдоо максаттары ата-энелердин жардамы менен билим берүүгө натыйжалуу шарт түзөт.
Жалпы "Мектепке чейинки билим" берүүчү мекеменин кызматкерлерин токтоо тартиби уставы менен регламенттелет. Педагогикалык квалификациясы бар, кызматы боюнча квалификациялык мүнөзүнө талабына туура келген, билими жөнүндө документи бар адам педагогикалык кеңештин чечими менен 1 ай сыноо менен кабыл алынат
7.15. Жалпы" мектепке чейинки билим" берүү мекеменин кызматкерлерине, администрациясына карата Кыргыз Республикасына эмгек майданы колдонулат. Эмгек жөнүндө мыйзамы колдонулат эмгек жөнүндө мыйзамына ылайык кызматкерлер жана жумуш берүүчү тарабынан аныкталат.
7.16. Жалпы" мектепке чейинки билим" берүүчү мекеме кызматкерлери төмөндөгүлөргө укуктуу.
-Жалпы билим берүүчү мекеменин уставында аныкталган тартипте мекемени башкарууга катышууга кесиптик кадыр-баркты коргоого
-Кесиптик квалификацияны жогорулатууга окутуу жана тарбиялоосунун окуу китептерди жана материалдарды баалоо билим берүү жамаатындагы нормативдик документтердин негизи жоболоруна ылайык кармоо:
8.1. Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин түзүмү каалаган милдеттерди Уставды эске алуу менен мекеменин директору тарабынан аныкталып, айыл өкмөттөрдүн макулдугу менен билим берүүнүн аймактык башкаруу органы тарабынан бекитилет.
8.2. Кызматкерлердин саны финансылык ресурстарга жана балдар санына жараша жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеме тарабынан өз алдынча аныкталат.
8.3. Филиалдан юридикалык болуп эсептелет жалпы билим берүүчү мекеменин мүлкү болуп берилет. Ал бекиткен жобонун негизинде иштейт.
9.1. Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекемени башкаруу мектепке чейинки билим берүү жагына министрлик 2010-жылга (2007) чейин өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырат. Билим берүүнү ишке ашыруу учун педагог кадрларды даярдоо квалификациясынын жогорулатуу педагогикалык билимдерди өнүктүрүү жана турмушка ашыруу.
мектепке чейинки билим берүү жагынан Кыргыз Республикасынын саясатына каршы келбеген саясатты аныктоо жана ишке ашыруу
Билим берүү жагындагы мыйзамдарды аткарууну түзүү, уюштуруу каржылоо тартибин өзгөчөлүктөрүн аныктоо.
Педагогикалык коллективге жетекчилик жүргүзүү
Тура тандоону жана кадырларды жайгаштырууну камсыз кылуу
Эмгек акы жана кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө ички жобону бекитет.
Бюджеттик атайын каражаттар боюнча чыгымдар сметасын бекитет
Чыгымдар сметасын аткаруу жөнүндө отчётторду, балансты бекитет кол коёт
Бекитилген чыгымдар сметасына ылайык жалпы "мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин өз учурунда каржылоого каражаттарды максаттуу пайдаланууга көзөмөл жүргүзөт
9.4. Мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин атынан чыгат келишимдерди эмгек келишимдерди түзөт белгиленген тартипке штатты бекитет мекеменин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет мекеменин жалпы билимин келечегин жылдык пландарын киргизет.
9.5. Жалпы "мектепке чейинки билим" берүүчү мекеменин директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамында келишимдерде Уставда каралган өзүнүн функционалдык милдеттемелерине ылайык өзүнүн иши учун ата-энелердин коомчулуктун уюштуруучулардын алдында жеке жоопкерчилик тартат.
9.6. Жалпы "мектепке чейинки билим" берүүчү мекемени өз алдынча башкаруу формасы болуп мекемени педагогдору эмгек жамаатынын жалпы чогулушу эсептелет
9.7 Билим берүү мекемеде окуу-тарбиялык процессти өркүндөтүү тарбиячылардын кесиптик чеберлигин, максатын педагогикалык кеңеш иштетет
Билим берүүнүн маселелерин тандоо окуу-тарбия иштерин методдорун аларды ишке ашыруу ыкмаларын талкуулайт.
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, өнүктүрүү боюнча иштерди уюштурат.
Жалпы "мектепке билим чейинки" берүүчү мекеменин педагогикалык кеңешин зарылдыгына жараша директор чакырат.
10.1 Билим берүү мекеменин финансылык каражаттарынын негизи Булагы төмөндөгүлөр :
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары.
Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ошондой эле башка уруксат берилген өз алдынча алынган киреше. Эл аралык уюмдардын гранттары.
Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген булактар :
10.2. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жалпы "мектепке чейин билим" берүүчү мекемени каржылоо, мекеменин тибине жараша ар бир балага эсептегенде бюджеттик каржылоо минималдуу стандартынын негизинде жак башына нормативдик боюнча
10.З. Жалпы "мектепке чейинки билим" берүү мекемеде финансылык
каражаттарды, квалификациялык талаптарга ылайык, кызматкерлерге эмгек акы ставкасы (кызматтык маянасы) белгилейт, аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде эмгек акы каражаттары түрдүү өлчөмдөрүн, штаттык расписаниени жана кызматтык милдеттерди бөлүштүрүүнү аныктайт.
11.1 Ушул уставга өзгөртүүлөрдү жаңы толуктоолорду эмгек жамаатынын жалпы жыйналышы менен кабыл алынат, бекитилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлөт.
12.1 Жалпы "мектепке чейинки билим" берүүчү мекеменин ишмердигин көзөмөлдөө ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген типте жүргүзүлөт
13.1. Жалпы "мектепке чейинки билим" берүүчү мекеменин иши уюштуруучулардын болбосо соттун чечими боюнча жоюу же кайра уюштуруу түрүндө токтолушу мүмкүн.
13.2. Жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоюу комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
Жалпы мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин директору | З. Абдрахманова |