Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-майы № 72
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу |
Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдору менен айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Ал токтомдордун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын. 2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын каттоосу бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын. 3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын ырастамалары бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын. 4. Аймактык шайлоо комиссияларынын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин. 5. 2-тиркемеде аталган талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын. 6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастаманы жана төш белгини берсин. 7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн. 9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн. |
Төрага | Т. Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 16-майындагы № 72 токтомунун 1-тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Бишкек шаары | ||||
1 | Бишкек шаардык | Сариева Эльвира Кубанычбековна | Өз арызы | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогульский району | ||||
2 | Ничке-Сай айылдык | Нурматов Нарынбай Бекишович | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган | |
3 | Сары-Камыш айылдык | Тезекбаев Женишбек Касмалиевич | Өз арызы | |
Аксы району | ||||
4 | Авлетим айылдык | Алымкулов Ажибек Алишерович | Муниципалдык кызматка дайындалган | |
5 | Жоробеков Улукманбек Ташбаевич | Себепсиз сессияларга 4 жолу катышкан эмес | ||
6 | Жаңы-Жол айылдык | Дооранов Рысалы Азамбекович | Муниципалдык кызматка дайындалган | |
Чүй облусу | ||||
Чуй району | ||||
7 | Сайлык айылдык | Турсуналиев Бактыбек Жумаканович | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган | |
Москва району | ||||
8 | Биринчи май айылдык | Рубанов Иван Петрович | Себепсиз сессияларга 5 жолу катышкан эмес | |
Сокулук району | ||||
9 | Камышановка айылдык | Скопина Диляра Базаркуловна | Муниципалдык кызматка дайындалган | |
10 | Жаңы-Пахта айылдык | Травкина Любовь Федоровна | Өз арызы | |
11 | Зикиров Махмаямин Камчыбекович | Өз арызы | ||
12 | Махмануров Абдулфотох Абдулхайевич | Өз арызы | ||
13 | Абдусатторов Неъмоншо Махмадшоевич | Өз арызы | ||
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
14 | Каракол шаардык | Асанбеков Омурбек Ишенбаевич | Өз арызы | |
15 | Элебесов Таалайбек Казыбекович | Өз арызы | ||
Тоң району | ||||
16 | Көл-Төр айылдык | Садыков Кубатбек Мамытович | Өз арызы | |
Жети-Өгүз району | ||||
17 | Липенка айылдык | Курманалиев Азамат Асанбекович | Өз арызы | |
18 | Байсеркеев Азат Кылычбекович | Өз арызы | ||
Түп району | ||||
19 | Сан-Таш айылдык | Абдиева Айнура Жумашевна | Өз арызы | |
20 | Чоң-Таш айылдык | Абдукеримова Кульбара Жолочиевна | Себепсиз сессияларга 5 жолу катышкан эмес | |