Редакцияот 30.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 30-майы № 6

Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан Исак Отунбаев атындагы күрөш залынын ачылышын жана ага байланыштуу Республикалык деңгээлде күрөш боюнча 11-салмактагы категория боюнча мелдеш өткөрүү үчүн комиссия курамын түзүү жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен 140000 (бир жүз кырк миң)сом акча каражатын бөлүү тууралуу депутат Э.Бейшебаевдин сунушу жөнүндө

Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXX- чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан Исак Отунбаев атындагы күрөш залынын ачылышын жана ага байланыштуу Республикалык деңгээлде күрөш боюнча 11-салмактагы категория боюнча мелдеш өткөрүү үчүн комиссия курамын түзүү жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен 140000 (бир жүз кырк миң)сом акча каражатын бөлүү тууралуу депутат Э.Бейшебаевдин сунушун карап талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исак Отунбаев атындагы күрөш залынын ачылышы жана Республикалык деңгээлде 11-салмактагы категория боюнча мелдеш өткөрүү үчүн 7(жети) адамдан турган комиссия курамы түзүлсүн. (тиркеме тиркелет)

2. Түзүлгөн комиссия күрөш залынын ачуу аземин жана өткөрүлүүчү мелдештер боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын.

3. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше булактарынан кошумча смета түзүлсүн 140000(бир жүз кырк миң) сомго,140000(бир жүз кырк миң) сом акча каражаты жумсалсын.

4. Кошумча смета түзүү жана чыгымдардын эсебин чыгаруу Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Мамбетовага жүктөлсүн.

5. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Соорбековго жүктөлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Боо-Терек айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Кубанычбеков

 

 

Боо-Терек  айылдык кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы №6 токтомуна тиркеме

 

Боо-Терек айылдык  аймагындагы Исак Отунбаев атындагы күрөш залын ачуу аземин жана Республикалык деңгээлде 11-салмактагы категория боюнча мелдеш өткөрүү үчүн 7 (адамдан) турган комиссия курамы:

1. Кубанычбеков А.С - комиссиянын төрагасы

2. Эсенкулов.Р - мүчөсү

3. Мотуев.А –мүчөсү

4. Токманбетов.К - мүчөсү

5. Мамбетова.А - мүчөсү

6. Алымкулова.А - мүчөсү

7. Бейшебаев.Э - мүчөсү