Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-декабры № 1
Кара-Суу айылдык аймактык кеңештин регламенти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамынын негизинде айылдык кеңештердин биринчи сессиясында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштер боюнча Улуттук агенттиги сунушталынган айылдык кеңештин Регламентин карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин биринчи уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык аймактык Кеңештин Регламенти бекитилсин (регламент тиркелет).
2. Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши облустук адилет башкармалыгынын юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон откорулсун.
Кара-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Айталиев |
| «Бекитилди» Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 2012-жыл 5-апрелдеги 25 сессиясынын № 12 – токтом менен бекитилди |
Талас областынын Талас районунун Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин Регламенти (Уставы)
1.1 Кара-Суу айылдык аймактык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө» мыйзамына ылайык, тиешелүү аймактагы айылдык аймактык кеңештин (Айылдык кеңеш) депутаттарынан турган, төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун окулчулуктуу органы.
1.2. Айылдык кеңеши өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул Регламентинин (Уставдын) – (Регламенттин) негизинде жүргүзөт.
1.3. Айылдык Кеңештин Регламенти, кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, сессияны чакыруу мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
1.4. Айылдык кеңеш жашыруун добуш берүү менен жалпы, тен жана тике шайлоо укугунун негизинде шайланган депутаттардан турат. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндөгү Кодекси менен аныкталат.
1.5. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзам тарабынан анын компетенциясына кирген ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Айылдык кеңештин чечимдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келген учурда аларды жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
1.6. Айылдык кеңештин жайгашкан жери (дареги): Кыргыз Республикасы, Талас областы, Талас району, Кара-Суу айылы.
1.7. Айылдык кеңештин уюштуруу укуктук формасы – мекеме.
1.8. Айылдык кеңештин толук аталышы:
- Мамлекеттик тилде: Талас областынын Талас районунун Кара-Суу айылдык аймактык кеңеши;
- Расмий тилде: Кара-Сууйский айыльный аймакский кеңеш Таласского района Таласской области.
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде маселелерди карооого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
2.2. Айылдык кеңештин сессияларында төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилоо;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануунун журушу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
5) жергиликтүү жамааттын муниципиалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципиалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципиалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетун угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык аймактын башчысына ишеним көрсөтпөө;
9) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
10) административдик – аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
11) төраганы жана анын орунбасарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
12) айылдык кеңештин регламентин кабыл алуу;
13) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
14) өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айылдык аймактын башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескоочу органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
15) муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
16) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
2.3. Кошумча төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
- айылдык аймактын башчысын шайлоо;
Тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чектеринде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө;
- кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо.
1. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү менен депутаттардын ичинен кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнү шайланат.
2. Айылдык кеңештин торагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү тартиби жана шайлоонун башка жол-жобо маселелери ушул регламент менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же ойдогудай эмес аткарган учурда айылдык кеңештин торагасы ээлеген кызматынан шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен, кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча мөөнөтүнүн мурда бошотулушу мүмкүн.
4. Айылдык кеңештеринин торагалары өз милдеттерин коомдук башталыштарда аткарат, бирок айылдык кеңештин сессиясынын ишинин мезгилинде бир жолку компенсацияны алат.
5. Айылдык кеңештин торагасы:
- Кеңештин сессияларын чакырат;
- Сессияларда торагалык кылат;
- Кеңештин чечимдерине кол коет;
- Кеңеш жуктогон башка милдеттерди аткарат.
6. Айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын берүү жөнүндө отунуч кылат.
1. Айылдык кеңештин төрагасынын орунбасары сессияда депутаттардын ичинен шайланат.
2. Кеңештин төрагасынын орунбасары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жокто же өзүнүн милдеттерин аткара албаган учурда анын милдеттерин аткарат.
3. Төраганын орунбасары ээлеген кызматынан шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен, кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча бошотулушу мүмкүн.
4. Кеңештин төрагасынын орунбасарлары өз ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
1. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары кеңештин жаны курамынын түзүлүшүнө (калыптанышына), кеңешти мөөнөтүнүн мурда таратууга байланыштуу токтотулат.
2. Айылдык кеңеш кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынган чечим боюнча, болбосо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамынын 10-беренесинин негизи боюнча Президент тарабынан, же тиешелүү административдик аймактык бирдиктин шайлоочуларынын жарымынан кобунун сунушу боюнча мөөнөтүнүн мурда таркатылышы мүмкүн.
1. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп сессиясы саналат. Сессияларды өткөрүүнун тартиби жана мезгилдүүлүгү кеңештин ушул регламенти менен аныкталат.
2. Жаныдан шайланган кеңештин биринчи сессиясын мурдагы чакырылыштагы кеңештин төрагасы кеңештин депутаттары шайлангандан кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен чакырат. Кеңештин биринчи сессиясын кеңештин курагы боюнча эн улуу депутаты ачат.
3. Айылдык кеңештин сессиясы ачык, кварталына бир жолудан кем эмес жана кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
4. Айылдык кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран сессияларга жергиликтүү кеңеш бекиткен регламентке ылайык катышууга укуктуу.
5. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга кирсе, кеңеш жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
6. Айылдык кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарга алдын ала кабарлоо боюнча чараларды көрүүгө, алардын сессияларга кириши үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү жамаатка жеткирүүгө милдеттүү.
1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, бул чечимдерди ага караштуу аймакта жайгашкан мекемелер менен уюмдардын аткарышына контролдук кылуу үчүн тузүлөт. Кеңеш ошондой эле убактылуу комиссияларды түзө алат.
2. Комиссиялардын тизмесин, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин жергиликтүү кеңеш аныктайт. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде кеңеш, зарылчылык болгон учурда, жаны туруктуу комиссияларды түзүүгө, мурда түзүлгөндөрүн жоюуга же өзгөртүп түзүүгө, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө акылуу.
3. Туруктуу комиссиялар тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орунбасары шайланбайт.
4. Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өз ишинин негизги багыттары боюнча чакан комиссияларды түзө алат.
5. Кеңештин туруктуу комиссиясынын жана төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
6. Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өз милдеттерин аткарышына мүмкүнчулук бербеген кырдаалдарга байланыштуу кеңеш тарабынан мөөнөтүнүн мурда токтотулушу мүмкүн.
7. Кеңештин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун жана ишинин тартиби кеңештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен аныкталат.
8. Кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга укуктуу.
9. Кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
10. Кеңештин туруктуу комиссиялары аларга караштуу аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдуу-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) өз аймагын экономикалык, социалдык жана улуттук-маданий өнүктүрүү менен байланышкан, кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоого катышат;
2) өз аймагында социалдык-маданий жана ондуруштук инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздерин чындоо маселелери боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;
3) өз аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнун пландарынын жана бюджеттин долбоорлорун, пландарды аткаруу жана бюджетти аткаруу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык болгон учурда аларды кеңешке сунуш кылат;
4) айылдык кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарын аткаруунун сакталышына конролдукту жүзөгө ашырат;
5) аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана кеңештин регламенти тарабынан берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиянын ишинин планына ылайык чакырылат.
1) Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына бул комиссиялардын мүчөсү болуп саналбаган кеңештин кеңеш берүүчү добуш укугу бар депутаттары катыша алат.
3. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле кеңештин тапшыруусу боюнча даярдалышы жана комиссиялар тарабынан биргелешип каралышы мүмкүн.
4. Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү тен укуктарга ээ.
1. Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн аппараттарына жүктөлөт.
2. Айылдык кеңештин аппаратынын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескоочу органына жүктөлөт.
1. Мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, айылдык кеңештин өзүнүн карамагына таандык кылынган маселелер боюнча чечимдери шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин чечимдери токтом формасында чыгарылат жана ага кеңештин төрагасы кол коет.
2. Айылдык кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алган чечимдери тиешелүү аймакта жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун аймактык органдары, ошондой эле менчигинин формасына карабастан ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде милдеттүү түрдө аткарылат.
3. Айылдык кеңештин адамдын жана жарандын укуктарына, эркиндиктерине жана милдеттерине тиешеси бар ченемдик укуктук актылары мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш жана алар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөн тартып тиешелүү аймакта күчүнө кирет.
4. Айылдык кеңештин чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгарылат, болбосо күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
Кеңештин мүлкү оперативдик башкаруу укугуна берилген жана төмөндөгүлөрдөн түзүлөт:
- Оперативдик башкаруу укугуна берилген мүлктөрдөн;
- Бюджеттик каражатынын негизинде ээ болгон, ошону менен катар чарбачылык иш аракеттерден түшкөн кирешенин эсебинен алынган мүлктөрдөн;
- Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен түшкөн каражаттар жана башка кирешелерден;
- Кошумча төлөм кызматын көрсөтүү боюнча иш-аракетинен түшкөн кирешелерден;
- Кредиттер, гранттар ж.б. заемдук каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган башка негиздерде ээ болгон мүлктөрдөн;
Депутаттар тарабынан регламентке өзгортуу, толуктоо киргизууго сунуштар киргизилет. Сунуштар атайын түзүлгөн комиссияда каралат.
Айылдык кеңештин регламентин, депутаттардан турган комиссия иштеп чыккандан кийин, кеңештин сессиясында бекитүүго коюлуп жана кабыл алынат.
Регламенте каралбаган учурларда Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгу» мыйзамынын жана башка мыйзам актыларынын негизинде жонго салынат.
1. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары кеңештин жаны курамынын түзүлүшүнө (калыптанышына), кеңештин мөөнөтүнүн мурда таратууга байланыштуу токтотулат.
2. Айылдык кеңеш кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүүк добушу менен кабыл алынган чечим боюнча, болбосо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамынын 10-беренесинде каралган негиздер боюнча Президент тарабынан, же тиешелүү административдик аймактык бирдиктин шайлоочуларынын жарымынан кобунун сунушу боюнча мөөнөтүнүн мурда таркатылышы мүмкүн.
Кара-Суу айылдык кеӊешинин төрайымы |
Н. Курманалиева |