Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-октября № 119
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу |
Аймактык шайлоо комиссиялар «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ырастамалары, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Аймактык шайлоо комиссиялардын "Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү" 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
7. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 22-октябрындагы № 119 токтомунун 1-тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
1 | Сын-Таш айылдык | Чондуков Азиз Курманкулович | Өз арызы | |
2 | Ивановка айылдык | Адылов Закир Муратович | Өз арызы | |
3 | Арыкшаев Азамат Жолдошбекович | Өз арызы | ||
4 | Жээк айылдык | Григорьева Ирина Васильевна | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган |
|
5 | Люксембург айылдык | Касымов Темир Исабекович | Өз арызы | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
6 | Токтогул шаардык | Турдалиев Дуулатбек Эсенович | Өлгөндүгүнө байланыштуу | |
Тогуз-Торо району | ||||
7 | Каргалык айылдык | Дуйшеев Анарбек Артыкбаевич | Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган | |
Майлуу-Суу шаары | ||||
8 | Майлуу-Суу шаардык | Абдиев Анасбек Нурпаизович | Өз арызы | |
Жалал-Абад шаары | ||||
9 | Жалал-Абад шаардык | Турдукулов Кабылжан | Өз арызы | |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
10 | Жылалды айылдык | Шерматов Келдибек Эшенкулович | Өлгөндүгүнө байланыштуу | |
Ош шаары | ||||
11 | Ош шаардык | Арапбаева Динара Абдулажановна | Өз арызы | |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
12 | Казан-Куйган айылдык | Конокбаев Жыргалбек Насырович | Өлгөндүгүнө байланыштуу | |
13 | Он-Арча айылдык | Молдакун уулу Төлөгөн | Өлгөндүгүнө байланыштуу | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
14 | Кум-Бел айылдык | Рыскулуев Муратбек Акматович | Өз арызы | |
Ак-суу району | ||||
15 | Тепке айылдык | Кулманбетов Садык Дуйшекеевич | Өлгөндүгүнө байланыштуу | |
16 | Ак-Чий айылдык | Исаев Бакытбек Дуйсенович | Айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган | |
17 | Айдакеев Мелис Мукунович | Башка жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен | ||
18 | Байтикова Жаныл Аянбаевна | Башка жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен | ||
19 | Джантаев Эльчибек Нуржадыевич | Мамлекеттик кызматка дайындалган | ||
Тоң району | ||||
20 | Күн-Чыгыш айылдык | Айтбаев Махарбек Майрамбекович | Өз арызы | |
21 | Дюшеев Урмат Кубатбекович | Өз арызы | ||
22 | Ак-Терек айылдык | Асанакунова Майрамкул Арстанбековна | Өз арызы | |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
23 | Чолпонбай айылдык | Маткеримов Айдар Сыйдабекович | Мамлекеттик кызматка дайындалган | |