Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-ноябры № 126 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу |
Аймактык шайлоо комиссиялар «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерди шайланган депутат деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Аймактык шайлоо комиссиялардын "Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү" 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
7. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 126 токтомунун 1-тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
1 | Кемин шаардык | Сматова Гульнар Шаршеналиевна | Мектеп директору болуп дайындалган | |
2 | Алиева Зина Садыевна | Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган | ||
3 | Жаңы-Алыш айылдык | Бокоев Эрлан Толонович | Себепсиз сессияларга катары менен 4 жолу келген эмес | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
4 | "Т.Мавлянов" атындагы Кош-Төбө айылдык | Кушубеков Алманбет Таникулович | Муниципалдык кызматка дайындалган | |
5 | Ак-Суу айылдык | Абышов Темиркул | Өлгөндүгүнө байланыштуу | |
6 | "Ш.Назаралиев" атындагы айылдык | Эшалиев Алимбек Азенбекович | Муниципалдык кызматка дайындалган | |
Тогуз-Торо району | ||||
7 | Атай айылдык | Жылтырова Бурулбүбү Сатымкуловна | Өз арызы | |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
8 | Өзгөн шаардык | Шарабидинов Абзалидин | Муниципалдык кызматка дайындалган | |
9 | Тиллабаев Юлдошбай Кочкорович | Муниципалдык кызматка дайындалган | ||
10 | Тешебаев Хусан Гулямович | Муниципалдык кызматка дайындалган | ||
11 | Баш-Дөбө айылдык | Мамадураимов Илияз Каримжанович | Муниципалдык кызматка дайындалган | |
Ноокат району | ||||
12 | Көк-Жар айылдык | Минбаев Саттарали Мукумович | Муниципалдык кызматка дайындалган | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
13 | Каракол шаардык | Ишембиев Канат Абылович | Өз арызы | |
Ак-Суу району | ||||
14 | Челпек айылдык | Орускулов Улан Бекчороевич | Өз арызы | |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
15 | Ак-Суу айылдык | Саматов Тулкинжон Абдумансурович | Өз арызы | |
16 | Маргун айылдык | Баетов Медербек Мурзабекович | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
17 | Нарын шаардык | Адиев Рахат Нурдинович | Шаардын мэри болуп шайланган | |
Талас облусу | ||||
Манас району | ||||
18 | Покровка айылдык | Сатишев Болотбек Мухамедович | Муниципалдык кызматка дайындалган | |
19 | Май айылдык | Отошев Кенчилик Сейитбекович | Өз арызы | |