Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 25-ноябры № 160
Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө
(КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2020-жылдын 22-июлундагы № 85, 2023-жылдын 29-мартындагы № 74, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-майындагы № 88, 2025-жылдын 27-январындагы № 28 , 2025-жылдын 30-июлундагы № 167, 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
Ушул Мыйзамдын максаты болуп насыялык маалыматты жана насыялык бүтүм түзүүгө тыюу салуу жөнүндөгү маалыматты алмашуу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу саналат.
(КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Насыялык маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Насыялык маалыматты жана насыялык бүтүм түзүүгө тыюу салуу жөнүндөгү маалыматты алмашуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Конституциядан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
(КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
насыялык бүтүм - насыя, зайым, лизинг, факторинг келишими жана акча каражаттарын жана башка мүлктү карызга берүү каралган башка келишимдер, ошондой эле колдонулуучу терминологиянын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдер;
насыялык маалымат алмашуу - насыялык бюронун, субъекттин, насыялык маалымат берүүчүнүн жана пайдалануучунун насыялык тарыхты түзүү жана насыялык отчетту берүү максатында насыялык маалыматты жыйноо, иштеп чыгуу, талдоо, сактоо, берүү, пайдалануу жана коргоо боюнча өз ара аракеттенүүсү;
насыялык маалымат субъекти - тиешелүү түрдө зайымчы (карызкор), лизинг алуучу, банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык түзүлгөн келишим боюнча кардар, кепилдик берүүчү, кепил катары чыгуучу же болбосо түзүлгөн жарандык-укуктук келишимге ылайык насыячынын алдында башка финансылык карызы жана милдеттенмеси бар юридикалык же жеке жак, насыялык бүтүм түзүүгө тыюу салган жеке жак;
насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу (мындан ары - өзүнө-өзү тыюу салуу) - насыялык маалымат субъектинин - жеке жактын ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык банк же банктык эмес финансы-насыялык уюм (мындан ары - насыялык уюм) менен насыялык бүтүм түзүүгө тыюу салууну белгилөөгө өз алдынча эрк билдирүүсү;
насыялык маалымат берүүчү - насыялык бюрого насыялык маалымат берүүчү юридикалык же жеке жак;
насыялык маалыматты пайдалануучу - тиешелүүлүгүнө жараша насыячы, лизинг берүүчү, күрөө кармоочу катары чыгуучу юридикалык же жеке жак.
позитивдүү насыялык маалымат - түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелердин насыялык маалымат субъекти тарабынан талаптагыдай аткарылышы жөнүндө маалыматтарды камтыган, насыялык маалымат субъекти жөнүндө маалымат;
негативдүү насыялык маалымат - келишимдик милдеттенмелерди (мөөнөтү өткөн карызды) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү токсон календардык күндөн ашык аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган насыялык маалымат субъекти жөнүндө маалымат. Эгерде милдеттенмелерди аткарбоо өзгөчө кырдаал жана (же) өзгөчө абал убагында болсо, келишимдик милдеттенмелерин жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрүн аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтар негативдүү насыялык маалыматка киргизилбейт.
(КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 85, 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-берене. Насыялык маалымат
Насыялык маалымат - насыялык бүтүмдүн абалы жөнүндө, берилген камсыздоо (күрөө, кепилдик, кепилдик берүүчү жана камсыздоонун башка түрлөрү) боюнча милдеттенмелердин аткарылуусу тууралуу маалыматтар, ошондой эле насыялык маалымат субъектинин насыялык жөндөмдүүлүгүн, финансылык абалын, төлөө жөндөмдүүлүгүн, төлөмдүк тартиптүүлүгүн жана башка сапаттарын аныктоого өбөлгө болуучу башка маалыматтар, анын ичинде төмөнкү маалыматтар:
1) насыялык маалымат субъектин жана берүүчүсүн идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү;
2) негизги карыздын суммасын, берилген датасын, карызды график боюнча жана иш жүзүндө тындыруу датасын, пайыздык ставканын өлчөмүн, кошуп эсептелген пайыздардын суммасын, туумдун, айып пулдардын жана бышмананын суммасын, карызды кайра түзүмдөштүрүү фактысы жөнүндө маалыматты (карызды тындыруу графигине, карыздын суммасына жана түзүмүнө, пайыздык ставканын өлчөмүнө өзгөртүүлөр) кошуп алганда, насыялык маалымат субъектинин жарандык-укуктук келишим боюнча, анын ичинде колдонулуучу терминологиянын өзгөчөлүгүн эске алуу менен банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык түзүлгөн келишим боюнча акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу;
3) насыялык бүтүм менен байланышкан күрөө мүлкү тууралуу.
(КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)