Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 30-декабры № 175
Ветеринария жөнүндө
(КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2017-жылдын 24-майындагы № 89 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам ветеринария жаатындагы укуктук, социалдык, уюштуруучулук, каржы-экономикалык негиздерди аныктайт жана адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринен калкты коргоого, Кыргыз Республикасынын аймагында эпизоотиялык бакубаттуулукту жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ветеринария - жаныбарлардын ылаңдарын алдын алууга, диагноз коюуга, дарылоого, адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринен адамдарды коргоого, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүгө багытталган илимий билимдердин жана практикалык иштердин жыйындысы;
ветеринардык врач - жогорку ветеринардык билими бар жана ветеринардык практиканы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашыруучу адам;
параветеринардык адис - ветеринардык врачтын контролу жана жоопкерчилиги астында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу ветеринардык фельдшер же мал чарбачылыгы тармагындагы дипломдуу адис;
ветеринардык иш - бул жеке жана юридикалык жактардын ветеринария милдеттерин чечүүгө багытталган иши;
ветеринардык-санитардык корутунду - экспертиза объекттеринин милдеттүү ветеринардык талаптарга ылайыктуу же ылайыктуу эместигин тастыктоочу документ;
ветеринардык дары каражаты - жаныбардын организми менен байланышка кирүүчү жана жаныбарлардын ылаңдарын дарылоого, алдын алууга, жаныбардын физиологиялык функцияларын калыбына келтирүүгө, коррекциялоого же өзгөртүүгө, бооздукту сактоого, болтурбоого же токтотууга, эвтаназияга, ошондой эле жаныбарлардын ылаңдарын диагностикалоого багытталган затты билдирүүчү же болбосо заттарды же заттардын комбинациясын камтуучу каражат (жаныбардын организми менен байланышка кирбеген заттарды же алардын комбинацияларын кошпогондо). Ветеринардык дары каражаттарына таасир этүүчү заттар, анын ичинде фармацевтикалык субстанциялар, ошондой эле ветеринардык дары препараттары кирет;
ветеринардык-санитардык мониторинг - жаныбарлардын ден соолугунун абалындагы өзгөрүүлөрдү табуу, контролдонуучу товарлардын (продукциянын) коопсуздугу жана алардын ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келүүсү жөнүндө жалпы аныктоо максатында пландалган жана ырааттуу байкоолорду же талдоону жүзөгө ашыруу;
ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптар - ветеринардык контролдоо жана көзөмөлдөө объекттерине коюлуучу, Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын жугуштуу, анын ичинде адам менен жаныбарлар үчүн жалпы ылаңдардын козгогучтарын жана ветеринардык-санитардык жактан кооптуу жаныбарлардан алынган товарларды алып келүүгө жана таратууга жол бербөөгө багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү талаптар;
таасир берүүчү зат - жаныбардын организмине тийгизген таасиринин натыйжалуулугу менен байланышкан, ветеринардык препараттын курамындагы биологиялык, биотехнологиялык, минералдык же химиялык жактан алынган зат;
ветеринардык-санитардык чаралар - жаныбарлардын жугуштуу жана жапырт жукпай турган ылаңдарынын пайда болушунун жана жайылып кетишинин алдын алууга, элдерди адамдар менен жаныбарлар ооруучу жалпы илдеттерден коргоого, жаныбарлардын ылаңдары келтирүүчү зыяндын алдын алууга багытталган иш-чаралар тутуму;
ветеринардык көзөмөл - ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча жол-жобо;
ветеринардык-санитардык кызмат көрсөтүүлөр - ветеринардык милдеттерди чечүү үчүн ветеринардык врачтар жана буга укугу бар башка адамдар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр;
ветеринардык практика - жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу, диагноз коюу жана дарылоо, ветеринардык чөйрөдө окутуу, консультацияларды берүү, изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча, ошондой эле сертификаттоо, тери астына имплантаттарды киргизүү, ветеринардык дары каражаттарын жөнөтүү, сатып өткөрүү жана таркатуу боюнча кызмат көрсөтүү боюнча иштер;
ветеринардык-санитардык экспертиза - жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулардын коопсуздугун аныктоо үчүн аларды атайын изилдөөлөрдүн комплекси;
жаныбарлар - ар кандай сүт эмүүчүлөр, канаттуулар, аарылар, ошондой эле суу фаунасынын өкүлдөрү;
карантин - жаныбарлардын карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын жайылуусун болтурбоого жана жок кылууга багытталган атайын жана уюштуруу иш-чараларынын режими;
тоюттар - жаныбарларды тоюттандыруу үчүн пайдаланылуучу жана жаныбарлардын ден соолугуна зыяндуу таасирин тийгизбөөчү, сиңимдүү, аш болумдуу заттарды камтыган өсүмдүктөн, жаныбардан алынган азыктар;
тоют кошулмалары - жаныбарлардын рационундагы жетишпеген аш болумдуу, минералдык заттар менен витаминдердин булактары катары пайдаланылуучу органикалык, минералдык, микробиологиялык жана синтетикалык заттар;
жаныбардан алынган продуктылар - ветеринардык көзөмөлдүн жана ветеринардык-санитардык экспертизанын предметтери болуп саналган жаныбарлардан, канаттуулардан, балыктардан, аарылардан алынган ар кандай азыктар жана чийки заттар;
эпизоотияга каршы иш-чаралар - эпизоотиянын алдын алууга, табууга же жоюуга багытталган уюштуруучулук жана атайын иш-чаралар тутуму;
өзгөчө коркунучтуу ылаңдардын тизмеги - алдын алуу, диагноз коюу, дарылоо жана жоюу иштери республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилүүчү ылаңдардын тизмеги;
эпизоотия - тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын кеңири таралышы;
эпизоотиялык бабакуттуулук - жаныбарлардын жугуштуу жана массалык жугуштуу эмес ылаңдары боюнча белгилүү аймактагы (зонадагы) ветеринардык-санитардык абал, мында жаныбарларды айдоо жана жаныбарлар, жаныбарлардын азыктары менен соода кылуу чектелбейт;
ветеринардык препарат - дары түрүндөгү ветеринардык дары каражаты;
эвтаназия - жаныбарды ооруга жана азапка салбастан жансыздандыруу.