Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-февралы № 147
Депутаттардын Ош шаардык
Кеңешинин 2014-жылга иш планын
бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын сунуштарынын негизинде, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылга иш планы бекитилсин (тиркелет).
2. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (Б.Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
У.Примов |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 5-февралындагы № 147-токтомуна тиркеме |
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар |
I | СЕССИЯДА КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕЛЕР |
|
|
1 | Ош шаарын 2013-жылы социалдык-экономикалык ө нүктүрүү, калкты социалдык коргоо, бюджетти аткаруу, күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын жана тиешелүү кызматтардын аткарган иштеринин жыйынтыктары жана аларда орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүү жөнүндө | 1-квартал | Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия (ТДК), Өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча ТДК |
2 | Ош шаарындагы «Ош» аэропорту тарабынан калкка кызмат көрсөтүү боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маалыматын угуу | 1-квартал | Өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча ТДК |
3 | 2013-жылда депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө | 1-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
4 | Ош шаарындагы «Боорукердик» үй-интернатынын коргоого муктаж болгон жарандарды тейлөө боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө | 1-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
5 | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 1-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
6 | Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы тарабынан Ош шаарында курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 1-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
7 | Ош шаардык көрктө ндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багытында аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2-квартал | Өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча ТДК |
8 | Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын Ош шаарынын 2014-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 2-квартал | Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча ТДК |
9 | Ош шаарындагы медреселердин иш аракеттери жөнүндө | 2-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
10 | Шаардагы аксакалдар сотторунун аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча ТДК |
11 | Шаарда санитардык-эпидемиялык абалды көзөмөлдөө боюнча шаардык санэпидкөзөмөл борборунун аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
12 | Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 2-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
13 | Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2014-2015-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө | 3-квартал | Өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча ТДК |
14 | 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык экономикалык жактан өнүгүү программасынын жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету | 3-квартал | Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча ТДК |
15 | Ош шаарындагы кафе, чайкана, ресторандардын кызматкерлеринин укуктарын иш берүүчү тарабынан камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 3-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
16 | Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 11-октябрындагы №122-«Ош шаардык базарлар дирекциясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө» токтомунун аткарылып жатышы жөнүндө | 3-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча ТДК |
17 | Шаар калкынын маданияттуу эс алуусун камсыздоо боюнча Ош шаардык парктар башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө | 3-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
18 | Шаардык жол башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 3-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
19 | «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын Ош шаарынын калкын суу менен камсыз кылуу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө | 4-квартал | Өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча ТДК |
20 | Ош шаарындагы мекеме ишканаларда жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | ТДКнын сунушу боюнча | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
21 | Шаардагы Аймактык кеңештердин аткарып жаткан иштери жөнүндө | 4-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча ТДК |
22 | Энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча шаардык перинаталдык борбордун аткарып жаткан иштери жөнүндө | 4-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
23 | Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 4-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
24 | Сойкулукка каршы шаарда жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө | 4-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
II | ПРАКТИКАЛЫК ИШ ЧАРАЛАР |
|
|
1 | Сессияда карала турган маселелерди жерине чыгуу менен сапаттуу жана өз убагында даярдоо | Иш план боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
2 | Шаардык Кеңештин токтомдорунун аткарылышын жерине чыгуу менен көзөмөлдөө | Ай сайын | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
3 | Башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган семинарларга, тегерек столдорго активдүү катышуу | Чакыруу боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
4 | Бишкек, Балыкчы, Жалал-Абад, Токмок, Баткен шаардык Кеңештери менен тажрыйба алмашуу | 3-квартал | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
5 | Шаардык Кеңештин депутаттарынын билим деңгээлин жогорулатуу максатында, тиешелүү адистерди чакыруу менен депутаттык окууларды өткөрүү | План боюнча | Шаардык Кеңештин аппараты |
6 | Маанилүү маселелер боюнча калк арасында коомдук угууларды уюштуруу | Зарыл болгондо | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
7 | Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү, аткарылган иштер боюнча отчет берүү жана шайлоочуларды кабыл алуу | График боюнча | Депутаттык фракциялар, партиялардан шайланган депутаттар |
8 | Сессияга даярдалган документтерди өз убагында көбөйтүп, депутаттарга жеткирүү | Ар дайым | Шаардык Кеңештин аппараты |
9 | Иш планда белгиленген маселелерди өз убагында кароо | Ар дайым | Туруктуу депутаттык комиссиялар |
10 | Шаарда өткөрүлгөн массалык маданий, спорттук иш- чараларга активдүү катышуу | Ар дайым | Шаардык Кеңштин депутаттары, аппараты |
11 | Депутаттык милдеттерди аткарып жаткандыгы тууралуу массалык маалымат каражаттары аркылуу калкка маалымат берүү | Ар дайым | Шаардык Кеңештин депутаттары |
12 | Шаардык Кеңеш кабыл алган токтомдорду жана алардын аткарылышы тууралуу маалыматтарды жергиликтүү гезиттер, телевидение аркылуу калкка жеткирип туруу | Ар дайым | Шаардык Кеңештин аппараты |
13 | Шаардык Кеңешке келип түшкөн каттарды, арыздарды жана башка документтерди өз убагында каттоо, кароо жана аткаруу, ошондой эле жообун кат, арыз ээлерине билдирип туруу | Ар дайым | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |