Редакцияот 6.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын

кезексиз IХ сессиясы

2014-жылы 6-февралы № 9-1

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2014-жыл үчүн

иш планын бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2014-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2014-жылга иш планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин (тиркеме  №1 тиркелет).

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага тапшырылсын. 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин депутаттардын төрагасы:

 

К.Абдылдаев

 

 

Тиркеме №1

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2014-жыл үчүн

ИШ  ПЛАНЫ

№

Каралуучу маселелердин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Айылдык Кеңештин 2014-жылга иш планы

1-квартал

Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиева

2

Айыл өкмөттүн, 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана

2014-жыл үчүн бюджетти бекитүү

1-квартал

Туруктуу комиссиянын төрагасы К.Айдыралиев,

Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиев

3

Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Н. Жунусов

4

Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө (сода-сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо)

2-квартал

Айыл өкмөттүн кызматкерлери

М. Ногойбаев,

Д. Сулайманов, туруктуу комиссиянын төрагасы И.Бейшеналиев

5

Айылдын социалдык маданий иштеринин абалы жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси К.Казиева,туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Курмангалиев

6

2014-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу

3-квартал

Айыл өкмөт башчысы

К. Чоробеков

7

Айылда күзгү оруп жыйуунун жыйынтыгы жана жайыттардын абалы жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, жайыт комитетинин төрагасы

Ж. Кожобердиев

8

Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын кышка карата даярдыктары жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Н. Жунусов

9

Жер бөлүштүрүү,айыл чарба жана экология боюнча иштердин абалы жөнүндө

4-квартал

Айыл өкмөттүн жер адиси К.Асаналиев, туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Ибраев

10

Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштеринин абалы жөнүндө

4-квартал

Туруктуу комиссиянын төрагасы М. Акматалиев

 

Айылдык Кеңештин

Жоопту катчысы:

 

Т.Иманбердиева