Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 26-февралы № X-7
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин 2014-жылга түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын отурумунда каралып, 2014-жылга карата түзүлгөн иш планды бекитүү жөнүндөгү сунуштарынын негизинде Депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары тарабынан сунуш кылынган шаардык кеңештин 2014-жылга карата иш планы бекитилсин.
(Иш план тиркелет)
2.Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин 2014-жылга түзүлгөн иш-планынын толук аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы А.Гафаровга тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеңешинин төрагасы: |
А.Гафаров |
| Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин 2014-жылдын 26-февралындагы кезектеги IV чакырылыш X сессиясынын №7 токтомуна №1 тиркеме |
Шаардык кеңештин сессиясында каралуучу маселелер:
I чейректе каралуучу маселелер:
1.Ноокат шаар мэриясынын 2013-жыл ичинде аткарган иштери боюнча Ноокат шаарынын мэринин отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын мэри О.Тургунбаев
2. Ноокат шаардык мэриясынын 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 статьясына ылайык Ноокат шаардык мэриясынын 2014-жылдын жергиликтүү бюджетин жана 2015-2016-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун болжолун бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы М.Нарматов
3. Ноокат шаардык мэриясынын 2012-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга шаардык кенешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы М.Нарматов
4.Ноокат шаардык мэриясынын 2014-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы М.Нарматов
5.Ноокат шаардык кеңешинин 2014-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет: депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы М.Ярматов
II чейректе каралуучу маселелер:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы жайгашкан жеке ишкерлердин алынуучу салыктардын (патент, сатуудан алынуучу салык, аренда жана жер салыгы ж.б) чогултулуш абалы тууралуу
Билдирүү берет: Туруктүү комиссия, киреше бөлүмүнүн башчысы.
2.Ноокат шаарынын муниципалдик менчик департаментинин 2013-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын муниципалдик менчик департаментинин башчысы К.Саланов
3.Ноокат шаарынын базарларынын санитардык абалы, эт, күнүмдүк оокат, аштарды сатууда дүкөндөрдө сатуучу болуп эмгектенип жаткан кызматкерлердин медициналык кароодон өтүшү жана санитардык китепчелерин текшерүү жөнүндө.
Билдирүү берет: Туруктуу комиссия
III чейректе каралуучу маселелер:
1.Ноокат шаарынын 2014-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаарынын ФЭБ башчысынын билдирүүсү.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы М.Норматов
2.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчаларынын жаны окуу жылына даярдыгы жөнүндө.
Билдирүү берет: Туруктуу комиссия
3.Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Комунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө.
Билдирүү берет: “Ноокат Комунальщик” ачык типтеги ишкананин жетекчиси А.Кадиров
IV чейректе каралуучу маселелер:
1.Ноокат шаарынын 2014-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы М.Норматов
Билдирүү берет: Билдирүү берет: Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы М.Норматов
2.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин кышка карата даярдыгы
Билдирүү берет: Туруктүү комиссия
3.Ноокат шаар мэриясынын социал маселеллер боюнча адиси С.Шерматованын билдирүүсү.
Билдирүү берет: Туруктүү комиссия
II. Үюштүрүү практикалик иш чаралар.
1 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз РеспубликасынынОш облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана токтомдорун, буйруктарын аткарылышын көзөмөлгө алуу жана атуулдардын арыз-даттанууларына өз убагында жооп берүүнү камсыз кылуу. | I-чейрек 2014-жыл | Шаар кеңештин аппараты |
2 | Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин №269 токтомунун негизинде шаардын аймагында медицина тармагында аткарылып жаткан иш- чаралар боюнча анализ маалымдоо
| II-чейрек | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
3 | Билим беруу тармагындагы Крупская, А.Абдуваитов, Х.Самиев, А.Абдуллаев атындагы орто мектептериндеги инвентарлардын жана компютердик класстардын учурдагы абалын талдоо | I-чейрек | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
4 | Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы Крупская, А.Абдуваитов, Х.Самиев, А.Абдуллаев атындагы орто мектептериндеги спортук аянтчалар жана спорт залдардын абалы боюнча туруктуу комиссияда кароо | I-чейрек | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
5 | Шаардык кенештин туруктуу комиссияларынын иш жургузуусуно комок корсотуу | Дайыма | Шаар кеңештин аппараты |
6 | Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларын жергиликтуу оз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин чечимдерин жана тиешелуу кенештин регламенти тарабынан берилген ыйгарым укуктарды жузоого ашырууда аткарылып жаткан иштердин абалы тууралуу туруктуу комиссиялардын отурумунда маселе карап сессиянын кароосуна сунуштоо: | Апрель, май, июль, сентябрь | Шаар кеңештин аппараты |
7 | Шаар мэриясында иштеген муниципалдик кызматкерлердин функционалдык милдеттерин аткаруудагы жоопкерчилигин көзөмөлдөө | Жыл ичинде | Шаар кеңештин аппараты |
8 | Атуулдардан келген арыз даттануулар менен иштөө, аларга мыйзам чегинде өз убагында жооп берүү | Дайыма | Шаар кеңештин аппараты |
9 | Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар арасында отчетторун угууну уюштуруу | Атайын графиктин негизинде | Шаар кеңештин аппараты, туруктуу комиссиялар |
10 | Шаардык мэрияда КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» Мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдө | Дайыма | М.Ярматов, Мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
11 | Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө | Дайыма | М.Ярматов, Мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
12 | Шаардык мэрияда иштеген муниципалдык кызматкерлердын бош орундарына кадрларды конкрустук жол менен кабыл алынуусун уюштуруу | Дайыма | М.Ярматов, шаар кеңештин аппараты |
13 | Кесиптик майрамдарга карата алдыңкы кызматкерлерди шаардык кеңештин Ардак Грамотасы менен сыйлоо | Кесиптик майрамга карата | М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты |
14 | Жергиликтүү кеңештин чыгып калган депутаттарынын ордун толуктоо көрүү | Дайыма | М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты |
15 | Шаар кеңештин чечимдеринин аткарылышын козомолдоо | Дайыма | М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты |
Ноокат шаардык кеңешинин Жооптуу катчысы: |
М.Ярматов |