Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 18-декабры № 663-б
Кыргыз Республикасы менен Египет Араб Республикасынын ортосундагы кызматташууну активдештирүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Египет Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык, илимий жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ушул Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Египет Араб Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Макулдашуучу Тараптар), эки өлкөнүн ортосунда ортосундагы достук мамилелерди андан ары чыңдоого умтулушуп жана
эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, техникалык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү каалашып,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуучу Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын чектеринде өздөрүнүн мамлекеттеринин аймактарындагы кызыкдар мекемелердин, уюмдардын жана жарандардын ортосундагы экономикалык, илимий жана техникалык кызматташууну колдошот жана өнүктүрүшөт.
2-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагындагы кызматташуунун түрлөрү, ыкмалары жана шарттары Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын чектеринде мекемелер, уюмдар, ишканалар жана башка кызыкдар тараптар менен макулдашылат.
3-берене.
Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында келишимдерди даярдоо, түзүү жана кызматташууну ишке ашыруу жол-жоболору менен байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
Макулдашуучу Тараптар Экономикалык, илимий жана техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-египет биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясын (мындан ары - Комиссия) түзүшөт.
Комиссия Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин министрликтеринин, ведомстволорунун, мекемелеринин, уюмдарынын жана ишканаларынын өкүлдөрүнөн турат.
Комиссия эки мамлекеттин ортосунда сооданы кеңейтүүнү кошкондо, өз ара кызыкчылыкты жараткан маселелерди кароо үчүн эксперттерден турган атайын жумушчу топторду түзө алат.
Комиссиянын милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) Экономикалык, илимий жана техникалык кызматташуунун абалына мезгилдүү текшерүү жана баалоо жүргүзүү;
2) Экономикалык, илимий жана техникалык кызматташуунун өнүгүшүн чектеген көйгөйлөрдү аныктоо, ошондой эле аларды жокко чыгаруу боюнча тиешелүү чараларды сунуштоо;
3) Экономикалык, илимий жана техникалык кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды даярдоо;
4) Мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосунда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана кеңейтүү менен байланышкан, Комиссиянын компетенциясынын чегиндеги маселелер боюнча консультацияларды өткөрүү жана маалымат алмашуу жана эки мамлекеттин ортосунда техникалык эксперттерди жиберишүү;
5) Ар бир өлкө өзүнүн аймагында, өзүнүн ички рыногу үчүн да, үчүнчү өлкөнүн рыногуна экспорттоо үчүн да биргелешкен ишканаларды түзүүнү камтышы мүмкүн болгон бир катар жол-жоболор аркылуу эки мамлекеттин ортосунда инвестицияларды жана кызматташууну илгерилетүү;
6) Ушул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө тийиштүү талаш маселелерди талкуулоо.
5-берене.
Комиссиянын жыйыны зарыл болгон учурларда, бирок бир жылда бир жолудан кем эмес, кезеги менен Кыргыз Республикасында жана Египет Араб Республикасында өткөрүлөт. Комиссиянын ар бир төрагасынын демилгеси менен Комиссиянын кезексиз жыйыны өткөрүлүшү же төрагалардын жолугушуусу демилгелениши мүмкүн.
Ар бир Макулдашуучу Тарап өз ыктыяры боюнча жыйынга катышуу үчүн кеңешчилерди жана эксперттерди чакыра алат. Комиссиянын жыйыны орус жана англис тилдеринде протокол менен таризделет.
6-берене.
Макулдашуучу Тараптар Комиссиянын чегинде эки тараптуу экономикалык, илимий жана техникалык кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашат, иштеп чыгышат, баяндама жасашат, көмөк көрсөтүшөт, өнүктүрүшөт жана баалоо жүргүзүшөт.
Кызматташуу соода, өнөр жай, коммуникация, электр жана энергетика, айыл чарба, саламаттык сактоо, фармацевтика, эмгек жана социалдык коргоо, ташуу, билим берүү, интеллектуалдык менчик, курулуш, турак жай курулушу жана коммуналдык чарба, экология, туризм, илимий изилдөөлөр, технологияларды берүү, окутуу, банк иши, көргөзмө жана жармаңке, конференция сыяктуу чөйрөлөрдү жана өз ара кызыкчылыкты жараткан башка тармактарды камтышы үчүн.
7-берене.
Бул Макулдашуунун жоболору эл аралык уюмдарга мүчөлүгүнөн келип чыгуучу Макулдашуучу Тараптардын эл аралык милдеттенмелерине жана Кыргыз Республикасы же Египет Араб Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерге каршы келбеши керек.
8-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга карата бардык талаш-тартыштар Макулдашуучу Тараптардын ортосунда кеңешүү жана консультация өткөрүү аркылуу чечилет.
9-берене.
Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 10-статьясында каралган тартипте күчүнө кирет.
10-берене.
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Макулдашуучу Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы кат жүзүндөгү билдирүү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш жыл мөөнөткө түзүлөт жана ар бир жолу беш жылга өзүнөн өзү узартылат жана анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндөгү Макулдашуучу Тараптын биринин кат жүзүндөгү билдирүүсүн экинчи Макулдашуучу Тарап алган күндөн баштап алты ай бүткөнгө чейин күчүндө болот.
Бул Макулдашуунун аракетинин токтошу анын колдонулуу мезгилинде түзүлгөн келишимдер жана долбоорлордун ишин токтотуунун себеби болуп эсептелбейт.
Каир шаарында 200___жылдын "___" ________ ар бири кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде эки нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Египет Араб Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн