Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 27-августу № 478-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 9-декабрындагы № 435 "Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктуна ылайык:
1. Тиркемеге ылайык курамда "Лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) жана Мыйзамдын Концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлсүн.
2. Жумушчу топ төмөнкүлөрдү иштеп чыксын:
- бир айлык мөөнөттө Мыйзамдын Концепциясын;
- үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругу менен түзүлгөн Ишкердик иштин нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимдеринин жана рекомендацияларынын негизинде Мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциацияларынын жана эл аралык донорлорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен бул Мыйзам долбоорун коомдук талкуулоону өткөрүп, кийин аны Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
4. Жумушчу топ өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тийиштүү адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жөнгө салуучу таасирди талдоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 478-б буйругуна тиркеме |