Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 17-февралы № 61-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 552-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында россиялык аскердик объекттердин иштөө маселелерин жөнгө салуучу, укуктук базаны өркүндөтүү жана россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин биотүрлөрдү, өзгөчө корголуучу аймактарды, экотүзүлүштү сактоо жана басма сөз кызматы бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жер жайгаштыруу жана жер кадастры боюнча башкармалыгынын башкы адиси;