Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 10-марты № 100-б
Мамлекеттик органдардын статс-катчылары менен 2008-жылдын 23-майындагы жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти койгон милдеттерди ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекиткен Иш-чаралардын планына ылайык, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатууга мамлекеттик органдардын муктаждыктарынын негизинде:
1. Тиркелген: 2009-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу программасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2009-жылга каралган каражаттардын чектеринде "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык мамлекеттик кызматчыларды окутууга министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана борбордук мамлекеттик органдарга зарыл финансы каражаттарын бөлүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен макулдашуу боюнча мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүү графигин эки жумалык мөөнөттө иштеп чыгуу жана бекитүү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигине берүү жана аны ишке ашырууну камсыздоо сунушталсын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана борбордук мамлекеттик органдар (макулдашуу боюнча):
- өздөрүнүн кызматкерлерин окутууну уюштурушсун;
- 2009-жылдын 20-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигине Мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу программаларын ишке ашыруу жөнүндө маалымат берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигине төмөнкүлөр сунушталсын:
- мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу программаларын ишке ашырууга мониторингди дайыма жүргүзүп туруу;
- мониторингдин жыйынтыктары боюнча 2010-жылдын 15-январына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берүү.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 100 буйругу менен бекитилген |