Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 11-марты № 107-б
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Корея Республикасынын Илимий экономика министрлигинин ортосундагы Электрондук өкмөт жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Корея Республикасынын Илимий экономика министрлиги;
Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө зор маани берүү менен;
өз өлкөлөрүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн арттыруу үчүн маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар жаатында өз ара пайдалуу кызматташууну өстүрүү жана жакшыртуу ниетин жетекчиликке алуу менен;
электрондук өкмөт чөйрөсүндө инвестициялык ишти активдештирүү аркылуу биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүнү каалап;
ар бир өлкөнүн өзгөчө шарттарын, өзгөчөлүктөрүн жана маданий көп түрдүүлүгүн толук сактоо менен электрондук өкмөт чөйрөсүндө ишти биргелешип ишке ашыруу эки өлкөдө тең маалыматтык коомду өнүктүрүүгө кыйла түрткү бериши мүмкүн экендигин моюнга алуу менен;
бул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум (мындан ары - Меморандум) электрондук өкмөттү өнүктүрүү чөйрөсүндө байкалаарлык натыйжага жетишүү үчүн, билимдерди жана ресурстарды алмашуу боюнча биргелешкен иштерди кеңейтүү жана ишке ашыруу үчүн түзүмдү жана чектерди караарына өзгөчө маани берүү менен;
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар электрондук өкмөт чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрөт, эки өлкөдө тең кызыкчылыгы бар уюмдардын ортосунда байланышты орнотууга, зарыл болгондо конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
2-берене.
Тараптардын ортосундагы кызматташуунун негизги формалары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- электрондук өкмөт чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга тийиштүү маалыматтарды алмашууну;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү маалыматташтыруу жаатында техникалык жөнгө салуу боюнча маалыматтарды алмашууну;
- электрондук өкмөттү түзүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашууну;
- маалыматтык технологиялар жаатында, атап айтканда программалык камсыздоону өндүрүүнү өнүктүрүү жана кеңейтүү жаатында өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүү боюнча чараларды иштеп чыгууну;
- электрондук өкмөт чөйрөсүндө кесиптик окутууну.
3-берене.
Биргелешкен иштер төмөнкүлөрдөн турат:
- Электрондук өкмөттү ишке ашыруу планын (Электрондук өкмөттүн жол картасы) түзүүгө консультациялык кызмат көрсөтүү;
- Электрондук өкмөттү ишке ашыруу планынан келип чыккан жогорку артыкчылыктуу долбоордун ишке ашырылышын изилдөө боюнча көмөк көрсөтүү;
- визиттер жана делегацияларды жиберишүү үчүн мүмкүнчүлүк берүү;
- электрондук өкмөттүн долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Корея Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташуу фонду (ЭӨКФ/ЕDСF) менен кызматташууга көмөк көрсөтүү;
- электрондук өкмөт жаатында алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу үчүн семинарларды жана симпозиумдарды биргелешип өткөрүү;
- окутууну жана билим берүү программаларын кошкондо адам ресурстарын өнүктүрүү маселеси боюнча кызматташуу;
- Тараптардын биргелешкен чечими менен кабыл алынган кызматташуунун ар кандай башка түрлөрү.
4-берене.
Бул Меморандумдун алкагында биргелешкен иштер финансылык жана башка ресурстар болгон шарттарда ишке ашырылат.
5-берене.
Бул Меморандум эки тараптуу же көп тараптуу эл аралык макулдашуулардын негизинде кабыл алынган, Тараптар үчүн күчүнө кирген, Тараптардын укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
6-берене.
Биргелешкен долбоорлордон келип чыккан интеллектуалдык менчик укугун бөлүштүрүү маселеси ар бир өзүнчө учурда Кыргыз Республикасынын жана Корея Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге ылайык жөнгө салынат.
Тараптардын ар биринен жекече жана көз карандысыз иштелип чыккан интеллектуалдык иштердин, технологиялык иштеп чыгуулардын, продукттардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай натыйжаларын мамлекеттик деңгээлде пайдалануу укугуна Тараптардын ар бири ээ болот.
7-берене.
Ушул Меморандумга ылайык кызматташуунун жүрүшүндө Тараптардын бирине экинчи Тарап жазуу жүзүндө уруксат берген учурларды кошпогондо үчүнчү бир тарапка ар кандай купуя маалыматты ушул Меморандумду колдонуу мезгилинде гана эмес, ал бүткөндөн кийин да Тараптардын бири дагы ачыкка чыгарбашы керек.
8-берене.
Бул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө жана/же аткарууга байланыштуу келип чыккан Тараптар ортосундагы ар кандай талаштартыштар жана/же пикир келишпестиктер Тараптар ортосунда консультациялар жана/же сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек.
9-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Меморандумга ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
10-берене.
Бул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын бири ушул Меморандумдун колдонулушун токтотууга ниеттенгени тууралуу экинчи Тарапка билдирбесе 4 жыл колдонууда болот. Билдирүү келген учурда ушул Меморандум анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып колдонулушун токтотот. Бул Меморандумду бузуу ушул Меморандумдун алкагындагы башка долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга тиешеси болбойт.
______________шаарында 2009-жылдын "____"__________, эки түп нускада, ар бири кыргыз, англис жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар Илимий Экономика
министрлиги үчүн министрлиги үчүн