Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 19-октябры № 613-б
Балдарды коргоо, балдардын бейпилдигине артыкчылыктуу багыт берүү жана балдардын жакырчылыгын төмөндөтүү менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында:
1. Кыргыз Республикасында 2009-2011-жылдарга балдарды коргоо системасын реформалоо жана калкка социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин ведомстволор аралык планы (мындан ары - Ведомстволор аралык план) бекитилсин.
2. Ведомстволор аралык планда аталган жооптуу аткаруучулар жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Ведомстволор аралык пландын аткарылышы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турушсун.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2010-2011-жылдарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзгөндө Ведомстволор аралык пландын иш-чараларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бюджеттик каражаттарды карашсын жана аларды өз убагында каржылоону камсыз кылышсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 613-б буйругу менен бекитилген |
┌──────────┬────────────┬────────┬───────┬────────┬───────────────────┐
│Милдеттер │Иш-аракеттер│Жооптуу │Аткаруу│Каржылоо│Күтүлгөн натыйжалар│