Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 2-апрели № 144-б
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердик жүргүзүүлөрүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен ушул Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
1997-жылдын 8-апрелинде Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимдин принциптерин жетекчиликке алып,
Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында жеке ишкердик жүргүзүүгө Тараптардын мамлекеттеринин жарандарына жагымдуу режим түзүп берүү максатында,
Тараптардын мамлекеттеринин жарандарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын камсыз кылууну артыкчылыктуу милдет деп эсептеп,
өз мамлекеттеринин аймактарында миграциялык процесстерди тартипке келтирүү жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча кызматташтыкты өз ара аракеттенүү ишин жөнгө салуунун маанилүү багыты катары кароо менен,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Бул Макулдашуунун аракети Тараптардын мамлекеттеринин жараны болуп эсептелген, он сегиз жашка чыккан, ушул мамлекеттин улуттук мыйзамдарына жана Тараптардын мамлекеттери катышуучулары болуп эсептелген эл аралык келишимдерге ылайык, инсандыгын күбөлөндүргөн жарактуу документи боюнча экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына баруучу жана ушул Макулдашууга ылайык экинчи Тараптын мамлекетинин (мындан ары - кабыл алуучу мамлекет) аймагында юридикалык жакты түзбөстөн кабыл алуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык убактылуу жеке ишкердик жүргүзүүчү адамдарга колдонулат.
Бул Макулдашуу төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
- качкындарга жана аргасыз жер которгондорго;
- мыйзамсыз мигранттарга;
- билим алуу максатында келген адамдарга;
- Тараптардын мамлекеттеринин юридикалык жактарынын өкүлчүлүктөрүнүн аккредиттелген кызматкерлери болуп саналган адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө;
- Тараптардын мамлекеттеринин аймагында командировкада жүргөн адамдарга.
2-берене.
Жеке ишкерлер кабыл алуучу мамлекеттин салык кызматтары тарабынан берилген документтердин негизинде кабыл алуучу мамлекеттин аймагында ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырышат.
Бул Макулдашуунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү өз бетинче мүнөзгө ээ жана кабыл алуучу мамлекеттин аймагына киргендиги жөнүндө чек ара контролу органы белги койгон, инсандыгын тастыктаган документин көрсөткөндө анын убактылуу жашаган жери боюнча кабыл алуучу мамлекеттин салык органдарында жеке ишкер катары каттоого алынат жана бир жыл бою колдонулат.
3-берене.
1. Бул Макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар) болуп төмөнкүлөр эсептелет:
Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети;
Казакстан Республикасында - Казакстан Республикасынын индустрия жана соода министрлиги.
2. Тараптар 2008-жылдын 17-апрелинде Астана шаарында кол коюлган кыргыз-казакстан Өкмөттөр аралык кеңешти түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу менен түзүлгөн кыргыз-казакстан Өкмөттөр аралык кеңештин алкагында бул Макулдашуу боюнча кызматташууну жүзөгө ашырышат.
Тиешелүү Тараптын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы кабыл алуучу мамлекеттин аймагында Тараптардын мамлекеттеринин жарандарынын жеке ишкердик жүргүзүүлөрү үчүн зарыл болгон документтерди тариздөөгө байланышкан жол-жоболорду тездетүү үчүн зарыл чараларды көрөт.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасында жеке ишкердик жүргүзгөн жарандарын жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасында жеке ишкердик жүргүзгөн жарандарын жана алардын үй-бүлөлөр мүчөлөрүн каттоо кабыл алуучу мамлекет аныктаган тартипте мамлекеттик чек арадан өткөн күндөн тартып 90 сутканын ичинде алардын убактылуу турган жери боюнча жүргүзүлөт.
5-берене.
Жеке ишкерлердин кирешелерине салык салуу кабыл алуучу мамлекеттин мыйзамдарында жана Тараптардын мамлекеттери катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерде белгиленген өлчөмдө жана тартипте жүргүзүлөт.
6-берене.
Бул Макулдашууну чечмелөөдө жана колдонууда келип чыккан талаштар жана пикир келишпестиктер Тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
7-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзүнчө протокол менен таризделген жана бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
8-берене.
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткарылышын ырастаган Тараптардын акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүсү дипломатиялык каналдар боюнча алынган учурдан тартып 30-күнү күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу үч жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири да тиешелүү мезгил аяктаганга алты ай калганга чейин анын колдонулушун узартпоо жөнүндө ниетин жазуу жүзүндө билдирбесе, анда ар бир жолу кийинки үч жылга өзүнөн өзү узартылат.
__________ шаарында 2009-жылдын "__"________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн