Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 9-апрели № 153-б
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 3-июлундагы № 360-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Жарандардын улуттук таандыктыгын эркин аныктоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумуш топ түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө жарандардын улуттук таандыктыгын эркин аныктоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана белгиленген тартипте нормативдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко уюштуруу, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл учурда белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин ишке тартууга уруксат берилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-апрелиндеги № 153-б буйругуна тиркеме |
Жарандардын улуттук таандыктыгын эркин аныктоо
маселелерине карата сунуштарды иштеп чыгуу