Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 26-майы № 237-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү,
кыргыз жана түрк элдеринин тилдеринин, маданиятынын, салтынын жана тарыхынын жалпылыгынан келип чыккан достук мамилелерин чыңдоо жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү калоолорун билдиришип,
айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу жана коргоо, азыркы жана келечек муундардын ден соолугу жана бакубаттуулугу үчүн туруктуу өнүгүүнүн жолдорунун маанилүүлүгүн түшүнүп,
айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылыш ресурстарын сактоонун илимий, техникалык жана технологиялык аспекттери боюнча тыгыз кызматташуунун зарылчылыгын белгилөө менен,
Тараптардын мамлекеттеринин тиешеси бар эл аралык укуктун жана көп тараптуу экологиялык макулдашуулардын бардык жерде кабыл алынган нормаларын жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу жана жаратылышты коргоо максатында Тараптар калыстыктын, өз ара жактыруунун жана өз ара пайда көрүүнүн негизинде билим, тажрыйба жана технологияларды берүү аркылуу кызматташат.
2-берене
Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жаатында төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
энергетика жана өнөр жай ишканаларынан атмосферага келтирилген булганычты азайтуу жана ага мониторинг жүргүзүү;
- айлана-чөйрөгө болгон таасирди баалоо;
- стратегиялык экологиялык баалоо;
- суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу;
- жайыттардын сапатын жакшыртуу;
- суулуу- саздуу жерлерди коргоо жана башкаруу;
- өзгочө корголуучу аймактарды эл аралык критерийлерге ылайык келтирүү;
- экотуризм;
- биотүрдүүлүк жана жаратылыш ресурстарын башкаруу;
- кыртыш эрозиясын контролдоо жана чөлгө айланууга каршы күрөшүү;
- климаттын өзгөрүшү;
- энергия булактарын жаңыртуу;
- токой чарбасы жана өсүмдүктөрдү жасалма жол менен өстүрүү;
- экологиялык билим жана коомчулуктун маалымдуулугун жогоролатуу;
- Тараптардын өз ара кызыкчылыктарын козгоочу башка багыттар.
3-берене
Бул макулдашуунун 2-беренесинде аталган багытта Тараптардын кызматташуусу төмөнкүдөй формаларда ишке ашырылат:
- биргелешкен илимий-техникапык изилдеөлөр/программалар; .
- кызматташуу долбоорлорун иштеп чыгуу;
- илимий-техникалык маалыматтарды жана изилдөө, конструктордук иштер боюнча документтерди жана айлана-чөйрөнү коргоонун эң мыкты тажрыйбаларын алмашуу;
- түшүнүүгө жеңил эң мыкты экологиялык технологияларды алмашуу;
- өкмөттүк эмес коммерциялык эмес уюмдардын расмий адамдарын, эксперттерин, изилдөөчүлөрүн жана мүчөлөрүн бири-бирине иш сапарга жиберүү;
- тренингдик программаларды, кеңешмелерди, конференцияларды жана симнозиумдарды уюштуруу;
- Тараптардын өз ара кызыкчылыктарын козгоочу кызматташуунун башка формалары.
4-берене
Тараптар бул Макулдашуунун алкагында кызматташуу боюнча иш-чараларга катышуу үчүн өкмөттүк мекемелердин, академиялык институттардын, жеке ишканалардын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн чакыра алат.
5-берене
Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин Тараптардын ар бири ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жооптуу болгон Улуттук координаторду дайындайт. Тараптар дайындалган Улуттук координатор тууралуу бири бирине билдирүү жиберишет.
Тараптар Улуттук координатордун орун басарын каалаган убактысында башка Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү боюнча дайындай алат.
Тараптардын Улуттук координаторлору ушул Макулдашуунун 2-беренесинде каралган кызматташуу боюнча конкреттүү иш-чараларды камтыган ар жылдык Жумушчу программаларды даярдашат.
Улуттук координаторлор ез ара келишимдин негизинде Макулдашуу боюнча иш-чараларды талкуулоо же айлана-чөйрөнү коргоо жаатында алардын кызматташуусуна карата башка маселелерди кароо үчүн каалаган учурда жолугуша алат.
6-берене
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын эске алуу менен алардын кызматташуусунун натыйжаларын үчүнчү Тарапка өткөрүп бере алат.
7-берене
Бул Макулдашууну чечмелөөдө же ишке ашырууда келип чыккан мүмкүн болуучу каалагандай талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
8-берене
Бул Макулдашуу эл аралык укуктардын алкагында Тараптардын ар биринин түзүлгөн башка макулдашууларынан келип чыгышы мүмкүн болгон Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине зыян келтирүү менен талкууланбайт.
9-берене
Бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү келип түшкөн күндөн тартып ушул Макулдашуу күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка анын колдонулушун токтотуу ниети тууралуу жарактуулугунун тиешелүү мөөнөтү бүткөнге чейин кеминде үч ай мурда жазуу жүзүндө билдирбесе, кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартылат.
Тарптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга анын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган, ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу анын аракетин токтотууга чейин түзүлген башка макулдашуулардын аныктыгына таасирин тийгизбейт.
________ жылдын «___» _____________ эки нускада ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү, мынды бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет. Бардык корреспонденция дагы англис тилинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Түрк Республикасынын Өкмөтү үчүн