Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 24-ноябры № 651-б
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы менен Беларусь Республикасынын Минск облустук аткаруу комитетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жана Беларусь Республикасынын Минск облустук аткаруу комитети,
Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосунда калыптанган достук мамилелерди эске алуу менен,
экономикалык, маданий, социалдык чөйрөлөрдөгү өз ара кызыкчылыктардын негизинде кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулушуп,
өз ара сыйлашуунун, ишенимдин, тең укуктуулуктун принциптерин жетекчиликке алышып,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Тараптар төмөнкү тармактар боюнча кызматташтыкты ишке ашырышат:
- өнөр жай, айыл чарбасы, транспорт жана соода;
- илим, техника, билим берүү;
- маданият жана искусство;
- спорт жана туризм;
- экология, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу.
2-берене.
Тараптар Беларусь Республикасынын улуттук мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын негизинде кызматташтыкты ишке ашырышат.
3-берене.
Тараптар өздөрүнүн ишмердиги жана социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жетишкен ийгиликтери жөнүндө маалыматтарды алмашып турушат.
4-берене.
Тараптар кызматташтыкты түзүүдө менчигинин формасына жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан ишканалар жана уюмдар катышса болот деп эсептешет.
5-берене.
Тараптар ишканалардын жана уюмдардын ортосундагы чарбачылык байланыштардын кеңейишине жана жаңы байланыштардын орнотулушуна көмөк көрсөтүшөт, Тараптардын аймактарында жайгашкан, өз укуктарын ишке ашырып жатышкан жана алган милдеттери үчүн өз алдынча жоопкерчилик тартышчу чарбакер субъекттердин ортосунда менчиктеринин формасына карабастан түз байланыштарды орнотууга жардам беришет.
6-берене.
Тараптар биргелешкен ишканалардын жана башка биргелешкен структуралардын жаралышына көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
Тараптар өндүрүштүк кооперацияларды өнүктүрүү максатында өз компетенцияларынын чегинде инвестициялык ишмердикти ишке ашыруу үчүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөктөшөт.
8-берене.
Тараптар маданият, саламаттык сактоо, билим берүү, спорт жана туризм мекемелеринин, коомдук уюмдардын ортосунда түз байланыштардын түзүлүшүнө көмөк көрсөтүшөт.
9-берене.
Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана кайра өндүрүү, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, экологиялык таза өндүрүш чөйрөсүн кеңейтүүгө көмөктөшүү жагында кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
10-берене.
Тараптар ушул макулдашуунун жоболорун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын жана Беларусь Республикасынын мыйзамдарына ылайык эки тараптуу кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча өзүнчө макулдашууларга кол коюулары мүмкүн.
11-берене.
Бул макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу менен анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелчү өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун 12-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет.
12-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган убактан баштап күчүнө кирет жана Тараптардын бирөөсүнүн анын иш аракетин токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсү алынган күндөн баштап үч ай өткөнгө чейин күчүндө болот.
Бул Макулдашуунун жарактуулугунун токтотулушу ал жарактуу мезгилде башталган жана жарактуулугу токтотулган мезгилде аягына чыгарыла элек программалардын жана долбоорлордун ишке ашышына таасирин тийгизбейт.
2009-жылдын "__" ноябрында Минск шаарында ар бири кыргыз жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы үчүн | Беларусь Республикасынын Минск облустук аткаруу комитети үчүн |