Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 9-декабры № 668-б
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Башкы штабынын ортосундагы Материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдун тиркелген долбоору мүмкүн болгон принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|
Долбоор
2009-жылдын "_______-" ___________ кол коюлган, кайтарымсыз аскердик жардамды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү ортосундагы Макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу деп аталат) негизделип, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Түркия Республикасынын Генералдык штабы (мындан ары Тараптар деп аталат) төмөнкүлөр жөнүндө келишим түзүштү:
1-берене. Максаттары
Ушул Протоколдун максаты, 2009-жыл үчүн чет мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам жөнүндө долбоорлорду аныктоо болуп саналат. Алар Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине берилет.
2-берене. Аныктама
"Макулдашуу" - мамлекет менен түзүлгөн башка келишимдерге салыштырмалуу экинчи даражадагы мааниге ээ болгон жана официалдуу тартиптерди талап кылбаган келишимдердин түрү;
"Аскердик мүлк" - тиешелүү милдеттемелердин аткарылышына кепилдик берген, инвентардык каттоодо турган мүлк;
"Оңдоо" - куралдардын, ок-дарылардын, мүлктөрдүн, жабдыктардын жана курулмалардын натыйжалуу жана дайыма иштөөсүн камсыздоо үчүн кабыл алынган бардык чаралар жана тейлөөлөр;
"Жокко чыгаруу" - токтотуу, жок кылуу;
"Кайтарымсыз жардам" - кайтарымсыз негизде берилүүчү грант;
"Материалдык-техникалык камсыздоо" - куралдын ар кайсы тибин, транспорттук каражаттарды, түзүлүштөрдү жана материалдарды берүүнү, сактоону, транспорттоону, бөлүштүрүүнү, пайдаланууну жана оңдоону, тиешелүү окууну, мүлктөрдү чыгарууну жана жок кылууну камтыган бардык иш чаралар, ошондой эле талап кылынуучу убакта жана жайга даярдалган өздүк курамды жана тейлөөлөрдү берүү жолу менен тынч убакта, кризистик учурларда жана аскердик убакта куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн деңгээлин өнүктүрүү, колдоо жана жогорулатуу үчүн өткөрүлүүчү куруу, жайгаштыруу, физикалык абалды колдоо жана ыкчам даярдыкты камсыздоо боюнча иш чаралар.
"Долбоор" - каржылоо булактарына ээ болгон, чектелген талаптардын чегинде аткарылуучу максаттуу багытталган жана өз ара байланышкан иш чаралардын жана милдеттердин тобу, ошондой эле керектүү күчтөр жана каражаттар (убакыт, өздүк курам жана жабдуу).
"Протокол" - макулдашууга кошумча тиркеме; чектелген аракети бар макулдашуу;
"Чыгымдоо каражаттары" - оңдоо, сактоо, изилдөө максаттарында текшерүү жана колдонуу үчүн керектүү мүлк толук чыгымдалган, колдонуудан чыгып калган жана өндүрүүдө же колдонууда сапатын жоготкон;
"Жеткирүү" - техникалык өзгөчөлүктөрдө жана/же башка документтерде аныкталган өндүрүштөрдү/материалдарды же тейлөөлөрдү алуу үчүн дайындалган финансы каражаттарын которуудан баштап, эсебин чыгарууга чейин бардык функцияларды камтыган жол-жоболордун/иш чаралардын тобу.
3-берене. 2009-жылга чет мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнө
аскердик материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө
долбоорлор
1. Түркия Республикасынын Генералдык штабы менен Макулдашуунун чегинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине 1125000 (бир миллион жүз жыйырма беш миң) АКШ доллары эквивалентинде суммасындагы түркия лиринде аскердик-техникалык жардамды көрсөтүү пландалып жатат.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине бөлүнгөн суммасынан төмөнкү долбоорлорго аскердик-техникалык жардам көрсөтүлөт:
а) Коргоо министрлиги үчүн материалдарды берүү;
б) Мамлекеттик күзөт кызматы үчүн жабдуу;
в) Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери үчүн жабдуу;
г) Чек ара кызматы үчүн жабдуу.
4-берене. Негизги шарттары
1. Долбоорлорду ишке ашыруу чегинде берилүүчү материалдардын түрлөрү жана саны Аскердик атташе менен иштеп чыккандан кийин долбоор түрүндө Тараптар тарабынан аныкталат жана Түркия Республикасынын Генералдык штабы тарабынан акыркы формасында берилиши керек.
2. Грант түрүндө берүүгө пландаштырылган материалдар иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык Түркиядан, Түркия Республикасынын Генералдык штабы тарабынан берилет.
3. Бөлүнгөн суммадан милдеттүү жол-жоболордон тышкары куруу жана оңдоо иштерине каражаттар бөлүнбөйт.
4. Грант түрүндөгү материалдык мүлк пландалган долбоордон тышкары башка максаттар үчүн колдонулбашы керек.
5. Материалдык мүлктү үчүнчү жакка же мекемеге берүү жана жогоруда айтылган мүлктү бөлүштүрүү, Түркия Республикасынын Генералдык Штабы тарабынан жактырылышы керек.
6. Кыргыз Республикасына өтүүдө грант түрүндөгү берилүүчү мүлктөргө тиешелүү бардык бажылык жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аткарылышы керек. Бул жол-жоболор Түркия Республикасына ар кандай финансылык, юридикалык милдеттемелерди туудурбашы керек.
7. Грант түрүндөгү берилүүчү мүлктү оңдоо жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
5-берене. Талаштарды жөнгө салуу, толуктоо жана карап чыгуу
1. Ушул Протоколду түшүндүрүүдө же ишке ашырууда келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар аларды эксперттердин кеңешүүсү жана сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек, ошондой эле кандайдыр бир улуттук же эл аралык сот органы же үчүнчү жак менен каралбашы керек.
2. Ар бир Тарап ушул Протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушу өзүнчө протоколдор түрүндө таризделет жана ушул Протоколдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Мындай учурда сүйлөшүүлөр, ушул Протокол кол коюлган жеринде жазуу түрүндөгү билдирүүдөн кийин 30 күндөн кеч эмес башталышы керек.
3. Киргизилген өзгөртүүлөрдүн же толуктоолордун күчүнө кирүүсү ушул Протоколдун 6-беренесинин жобосуна ылайык ишке ашат.
4. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 60 күн ичинде жыйынтыктарды алып келбесе, ушул Протокол 7-беренеге ылайык өзүнүн күчүн токтотот.
5. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар өзүнүн милдеттемелерин аткарууну уланта беришет.
6-берене. Ратификациялоо жана күчүнө кирүү
Ушул Протокол Тараптын, күчүнө кирүүсү үчүн керектүү ички мамлекеттик жол-жоболорду өткөргөндүгү жөнүндө акыркы жазуу түрүндөгү билдирүүсүн берген күндөн баштап күчүнө кирет.
7-БЕРЕНЕ. Иштөө мөөнөтү жана токтоосу
1. Ушул Протоколдун иштөө мөөнөтү, ушунун негизинде Протоколго кол коюлган иштөө мөөнөтүндөй эле узактыкка ээ. Макулдашуу иштешин токтоткондо ушул Протокол да мындан ары аракетсиз жокко чыгарылышы керек.
2. Эгерде бир Тарап Протоколдун токтошу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, экинчи тарап ушул Протоколдун жоболорун аткара албайт. Протокол өзүнүн күчүн качан бир Тарап анын токтошу жөнүндө башка тарапка бир жактуу тартипте жазуу түрүндө билдирген күндөн баштап жоготот. Үчүнчү жак, мекеме, ортомчу жана эл аралык трибунал мындай мамилеге кирише албайт.
8-берене. Текст жана кол коюу
Ушул Протокол эки нускада, ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде жасалды, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Келишпестиктер чыккан учурда англис тилиндеги текст артыктуу күчүнө ээ.
Ушуну далилдеп, эки Тараптын өкмөттөрү тарабынан ыйгарым укукка ээ, төмөндө кол коюучу өкүлдөр "____-" __________ Анкара (Түркия) шаарында ушул Протоколго кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги атынан | Түркия Республикасынын Генералдык штабы атынан
|
(колу)
| (колу) |
Аты-жөнү
| Аты-жөнү |