Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 25-декабры № 725-б
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды инвестициялоонун экинчи долбоорун кошумча финансылоо" боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбооруна Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|
Юридикалык Департамент
Макулдашылган текст
2009-жылдын 24-сентябры
Кеннет К.Мвенда
Кредиттин номери 4657-KG
Гранттын номери H519-KG
(Айылды инвестициялоонун экинчи долбоорун кошумча финансылоо)
Датасы , 2009
2009-жылдын 24-сентябрындагы ушул Макулдашуу Негизги Долбоорго (ушул Макулдашууга карата Толуктоодогу аныктамага ылайык) тиешелүү болгон иш-чаралар үчүн кошумча финансылоо берүү максатында КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ("Насыя алуучу") менен ЭЛ АРАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ("Ассоциация") ортосунда түзүлдү. Ушуну менен Насыя алуучу жана Ассоциация төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
I статья - Жалпы шарттар; Аныктамалар
1.01. Жалпы шарттар (ушул Макулдашууга карата Толуктоодо берилген аныктамага ылайык) ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөт.
1.02. Эгерде контекстте башкача белгиленбесе, Финансылоо жөнүндө Макулдашууда пайдаланылган, баш тамгалар менен белгиленген терминдер Жалпы шарттар, Финансылоо жөнүндө Негизги Макулдашуу же ушул Макулдашуу тарабынан аларга бекитилип берилген тиешелүү мааниге ээ болот.
1.03. Финансылоо жөнүндө Макулдашууга ушул Макулдашууга карата Толуктоонун II бөлүмүндө баяндалган өзгөртүүлөр киргизилген.
II статья - Финансылоо
2.01. Ассоциация Насыя алуучуга ушул Макулдашууга ("Долбоор") карата 1-тиркемеде баяндалган долбоорду финансылоо үчүн төмөндө көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө, ушул Макулдашуунун алкагында баяндалган же айтылган мөөнөттөрдө жана шарттарда грант жана кредит (алар жыйынтыктап айтканда "Финансылоо" деп аталат) берет:
(а) эки миллион үч жүз миң (2300000 СПЗ) Насыя алуунун Атайын Укуктарына барабар болгон сумманы (Грант); жана
(б) эки миллион тогуз жүз миң (2900000 СПЗ) Насыя алуунун Атайын Укуктарына барабар болгон сумманы (Кредит) берет.
2.02. Насыя алуучу ушул Макулдашууга карата 2-тиркеменин IV бөлүмүнө ылайык Финансылоонун жалпы суммасынан каражаттарды алууну жүргүзө алат.
2.03. Финансылоо каражаттарынын алынбай калган калдыгын резервге коюу үчүн Насыя алуучу тарабынан төлөнө турган максималдуу өлчөм жылына бир пайыздын жарымын түзөт (1%дын 2/1).
2.04. Насыя алуучу Кредиттин негизги суммасынан мезгил-мезгили менен алып турууну тейлөө үчүн жылына бир пайыздын төрттөн үч (1%дын 4/3ү) өлчөмүндө комиссиялык акы төлөйт.
2.05. Ар бир жылдын 15-марты жана 15-сентябры төлөө мөөнөттөрү болуп саналат.
2.06. Кредиттин негизги суммасы ушул Макулдашууга карата 3-тиркемеде берилген тындыруу графигине ылайык төлөнөт.
2.07. Төлөмдөрдүн валютасы Америка Кошмо Штаттарынын доллары болуп саналат.
III статья - Долбоор
3.01. Насыя алуучу өзүнүн Долбоордун максаттарын колдой тургандыгын билдирет. Ушул максатта Насыя алуучу Долбоордун Жалпы Шарттардын IV статьясынын жоболоруна жана Долбоор жөнүндө Макулдашууга ылайык Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан ишке ашырылышын камсыз кылат.
3.02. Эгерде Насыя алуучу менен Ассоциациянын ортосунда башкача келишимге жетишилбесе, Насыя алуучу Долбоорду ушул Макулдашууга карата 2-тиркеменин жоболоруна ылайык, ушул Макулдашуунун 3.01-бөлүмүнүн жоболоруна карата чектөөлөрсүз ишке ашырууну камсыз кылат.
IV статья - Ассоциациянын укуктары
4.01. Ишти токтото турууга алып келүүчү кошумча окуялар: Долбоорду ишке ашыруучу Агентство жөнүндө мыйзамдардын өзгөрүшү, токтотула турушу, алмаштырылышы, жокко чыгарылышы же белгисиз убакытка чейин кийинкиге калтырылышы болуп саналат, мына ушулар Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан Долбоор жөнүндө Макулдашуунун алкагындагы өз милдеттенмелерин аткарышына олуттуу жана жагымсыз таасир тийгизет.
4.0.2. Мөөнөтүнөн мурда тындырууга алып келүүчү кошумча окуялар ушул Макулдашуунун 4.01-бөлүмүндө көрсөтүлгөн окуялардын келип чыгышы болуп саналат.
V статья - Күчүнө кириши, колдонулушун токтотуу
5.01. Ушул Макулдашууну күчүнө киргизүүнүн кошумча шарты Насыя алуучу менен Долбоорду ишке ашыруучу Агентствонун ортосунда Субсидиардык Макулдашуу түзүү болуп саналат.
5.02. Ушул Макулдашууну күчүнө киргизүүнүн чектелген мөөнөтү ушул Макулдашуу түзүлгөн учурдан тартып токсон (90) күндү түзөт.
5.03. Жалпы Шарттардын 8.05 (Ь) бөлүмүнүн шарттарын сактоо максатында Насыя алуучунун ушул Макулдашуунун алкагындагы аракеттеринин (төлөмдөр боюнча милдеттенмелерден башка) аяктоо мөөнөтү ушул Макулдашууга кол коюлган учурдан тартып жыйырма жылды түзөт.
VI статья - Өкүлдөр, даректер
6.01. Насыя алуучунун өкүлү Финансы министри болуп саналат.
6.02. Насыя алуучунун дареги:
Финансы министрлиги
Эркиндик Бульвары, 58
Бишкек шаары, 720040
Кыргыз Республикасы
Телекс: Факсимиле:
245-156 №UR KH (996-312) 661645
6.03. Ассоциациянын дареги:
Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы
Н 1818, №.W көч.,
Вашингтон,
Колумбия округу, 20433
Америка Кошмо Штаттары
Телеграф: Телекс: Факсимиле:
I№DEVAS 248423 (MCI) (202) 477-6391
Вашингтон
Колумбия Округу
МАКУЛДАШУУ ________________, _________, жогоруда аталган күндө жана жылда түзүлдү.
Кыргыз Республикасынан
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн
Колу __________________
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн
Колу __________________
1-тиркеме
Долбоордун баяндамасы
Долбоордун максаты: (a) жергиликтүү деңгээлде башкарууну жана потенциалды жакшыртууда; (Ь) инфраструктуралык негизги кызматтарга карата мүмкүнчүлүктү камсыз кылууда; жана (c) жеке менчик чакан ишкерликти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүдө Насыя алуучуга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Долбоор Негизги Долбоордун бөлүктөрүнөн турат.
2-тиркеме
Долбоорду аткаруу
А. Институттук механизмдер
1. Долбоордун бүткүл жүрүшүндө Насыя алуучу Долбоорду ишке ашыруучу Агентствону Ассоциациянын талаптарына жооп берген кадрлар, ресурстар жана техникалык тапшырмалар менен камсыз кылып турат.
2. Насыя алуучу Ассоциациянын алдын ала макулдугу болмоюнча, Долбоорду ишке ашыруучу Агентство жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизбейт же Долбоорду ишке ашыруучу Агентствону ушундай кылууга мажбурлабайт, ошондой эле Долбоорду ишке ашыруучу Агентствого Долбоорду жалпы башкаруу жана координациялоо, анын ичинде башкалар менен катар:
(a) финансылоонун алкагында каражаттарды алуу үчүн билдирмелерди түзүү;
(Ь) Долбоорго байланыштуу документтерди жана эсептерди сактоо жана аларды аудитордук текшерүүдөн өткөрүүнү уюштуруу;
(c) Долбоордун алкагында тендердик жол-жоболорду жана контракттарды башкарууга катышуу; жана
(d) Ушул Тиркеменин II.А бөлүмүнүн талаптарына ылайык Долбоор боюнча кварталдык отчетторду түзүү жоопкерчилигин жүктөйт.
3. Насыя алуучу Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан Долбоорду ишке ашырууну Операциялык Колдонмонун жоболоруна ылайык ишке ашырат жана ишке ашырууну камсыз кылат. Эгерде Ассоциация менен башкача макулдашылбаса, эгерде Ассоциациянын пикири боюнча ушундай өзгөртүү же жокко чыгаруу Долбоорду ишке ашырууга же Долбоордун максаттарына жетишүүгө олуттуу таасир тийгизүүгө болсо, Насыя алуучу же Долбоорду ишке ашыруучу Агентство жогоруда аталган Колдонмонун ар кандай жоболорун өзгөртүшү, токтото турушу, жокко чыгарышы, алып салышы же аткаруудан баш тартышы мүмкүн эмес.
4. Насыя алуучу Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан Операциялык Колдонмону жүргүзүүнү жана ушул Колдонмодо башкалар менен катар, төмөндөгү маселелерди: (a) Коомчулуктар жана Микродолбоорлор үчүн Гранттарды алуу үчүн укуктарды аныктоонун критерийлерин; (Ь) Коомчулуктар жана Микродолбоорлор үчүн Гранттарга жактыруу алуу үчүн сакталууга тийиш болгон принциптерди жана жол-жоболорду; (c) финансылоону региондор боюнча бөлүштүрүүнү; (d) коомчулуктардын ишке ашырылып жаткан Микродолбоорлорго салым кошушу жагындагы талаптарды; жана (e) Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндөгү мониторингде Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан пайдаланыла турган индикаторлорду баяндоону камсыз кылат.
5. Насыя алуучу Долбоорду ишке ашыруучу Агентство: (i) аяктаган микродолбоорлорду текшерүү жана баа берүү үчүн көз карандысыз долбоорлоо уюму менен контракт түзүшүн; жана (ii) ийгиликсиз микродолбоорлордун, анын ичинде түзөтүүнү талап кылган структуралык кемчиликтери бар микродолбоорлордун тизмесин түзүшүн камсыз кылат.
6. Насыя алуучу: (i) Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан Долбоорду талапка ылайык ишке ашыруу үчүн зарыл же ылайыктуу болгон бардык зарыл чараларды көрүүгө, анын ичинде акча каражаттарын, жабдууларды, кызматтарды жана башка ресурстарды берүүгө тийиш; жана (ii) Долбоорду ишке ашырууга тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон же тоскоолдук кыла турган ар кандай чараларды көрбөөгө же андайларга жол бербөөгө тийиш.
B. Субсидиардык Макулдашуу
1. Долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн Насыя алуучу Ассоциация тарабынан жактырылган шарттарга ылайык Насыя алуучу менен Долбоорду ишке ашыруучу Агентствонун ортосундагы Субсидиардык Макулдашуунун негизинде Долбоорду ишке ашыруучу Агентствого финансылоо каражаттарын берет.
2. Насыя алуучунун жана Ассоциациянын таламдарын коргоону камсыз кылуу максатында, ошондой эле финансылоонун максаттарына жетишүү үчүн Насыя алуучу Субсидиардык Макулдашуунун алкагындагы өзүнүн укуктарынан пайдаланат. Эгерде Ассоциация менен башкача макулдашылбаса, Насыя алуучу Субсидиардык Макулдашууну же Субсидиардык Макулдашуунун ар кандай жоболорун өзгөртүшү, башкаларга бериши, токтото турушу, жокко чыгарышы, алып салышы же аткаруудан баш тартышы мүмкүн эмес.
C. Коррупцияны болтурбай коюу
Насыя алуучу Долбоордун Колдонмонун коррупцияны болтурбай коюу боюнча жоболоруна ылайык ишке ашырылышын камсыз кылат.
D. Микродолбоорлор
1. Насыя алуучу алгылыктуулуктун критерийлерине жана Ассоциациянын талаптарын канааттандырган жол-жоболорго, анын ичинде Операциялык Колдонмодо баяндалган же айтылган алгылыктуулук критерийлерине, жол-жоболорго жана шарттарга ылайык Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан Коомчулуктар, Бенефициарлар үчүн гранттарды берүүнү камсыз кылат.
2. Насыя алуучу Ассоциация тарабынан бекитилген шарттарга ылайык Коомчулуктар үчүн Гранттарды берүүдө Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан ар бир Бенефициар менен Коомчулуктар үчүн грант жөнүндө Макулдашуу түзүүнү камсыз кылат, ага төмөндөгүлөр кирет:
(a) Коомчулуктар үчүн Гранттардын суммасы кыргыз сому менен көрсөтүлөт.
(Ь) Насыя алуучу өзүнүн таламдарын жана Ассоциациянын таламдарын коргоо үчүн жетиштүү болгон укуктарга, анын ичинде: (i) Коомчулуктар үчүн грант берүү жөнүндө Макулдашууда аныкталган өзүнүн ар кандай милдеттенмелеринин бири Бенефициар тарабынан аткарылбаган учурда, Бенефициардын Коомчулуктар үчүн гранттык каражаттарды пайдалануу укугун токтото туруу же токтотуу же Коомчулуктар үчүн төлөнгөн гранттын суммасынын ордун толук же жарым-жартылай төлөтүп алуу укугуна ээ болот; жана (ii) ар бир Бенефициардан: (A) өзүнүн микродолбоорунун иш-чараларын Ассоциациянын талаптарын канааттандырган негизделген техникалык, экономикалык, финансылык, администрациялык, экологиялык жана социалдык стандарттарга жана практикалык ыкмаларга ылайык, анын ичинде Коррупцияны болтурбай коюу боюнча колдонмонун жоболоруна, ПМООСко, жерлерди бөлүп берүү саясаты боюнча алкактуу документке жана жерлерди бөлүп берүүнүн тиешелүү планына/пландарына ылайык дыкааттык менен жана натыйжалуу ишке ашырууну талап кылуу; (B) ушул максат үчүн талап кылынган ресурстарды өз убагында берүү; (C) ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Коомчулуктар үчүн гранттын каражаттарынан финансылана турган товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу; (D) Ассоциация үчүн алгылыктуу индикаторлорго ылайык Коомчулуктар үчүн Грантта каралган иш-чараларды ишке ашыруу жагындагы прогресске ылайык мониторингди жана баа берүүнү жүзөгө ашыруу үчүн өзүнө зарыл болгон адекваттуу саясатты жана жол-жоболорду камсыз кылуу жана анын максаттарына жетишүү; (E) (1) Коомчулуктар үчүн гранттарга байланыштуу операцияларды, ресурстарды жана чыгашаларды чагылдыруу үчүн Ассоциация үчүн алгылыктуу, ырааттуу колдонулуп келе жаткан эсепке алуу стандарттарына ылайык финансыларды башкаруу системасынын иш жүргүзүшү финансылык отчеттуулукту түзүү; жана (2) Ассоциациянын же Насыя алуучунун талабы боюнча ушундай финансылык отчеттуулукту Ассоциация үчүн алгылыктуу болгон аудиттин ырааттуу колдонулган стандарттарына ылайык Ассоциациянын талаптарына жооп берген көз карандысыз аудиторлор тарабынан аудитордук текшерүү жүргүзүү жана ушундай аудитордук текшерүүдөн өткөн отчеттуулукту токтоосуз түрдө Насыя алуучуга жана Ассоциацияга берүү; (F) Коомчулуктар үчүн Грант тарабынан каралган иш-чараларды текшерүү үчүн Насыя алуучу менен Ассоциацияга мүмкүнчүлүк түзүү, Коомчулуктар үчүн Грантты, ошондой эле Грантка же Коомчулукка тиешеси бар ар кандай эсептик документтерди же башка документтерди өздөштүрүү; жана (G) жогоруда аталган маселелер боюнча Насыя алуучу же Ассоциация тарабынан негиздүү суралган маалымдамаларды даярдоо жана Насыя алуучуга жана Ассоциацияга берүү укугуна ээ болот.
E Айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар
1. Насыя алуучу Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын планынын жоболоруна, жерлерди бөлүп берүү саясаты боюнча Алкактуу документке жана Жерлерди бөлүп берүүнүн тиешелүү пландарына ылайык Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан Долбоорду ишке ашырат ишке ашырууну камсыз кылат.
2. Насыя алуучу же Долбоорду ишке ашыруучу Агентство Ассоциациянын алдын ала макулдугу болмоюнча, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын планынын ар кандай жоболорун, жерлерди бөлүп берүү саясаты боюнча Алкактуу документти жана Жерлерди бөлүп берүүнүн тиешелүү пландарын өзгөртүшү, аракетин токтото турушу, жараксыз деп табышы, алып салышы же аткаруудан качышы мүмкүн эмес.
3. Эгерде Долбоорду аткаруучу Агентство тарабынан кандайдыр-бир микродолбоор боюнча жерлерди бөлүп берүүнүн планы түзүлбөсө, Жерлерди бөлүп берүүгө жана/же калкты көчүрүүгө байланыштуу микродолбоорлорду ишке ашырууга жол берилбейт, мындай пландын формасы жана мазмуну Ассоциациянын талаптарын канааттандырууга жана жерлерди бөлүп берүү саясаты боюнча Алкактуу документте баяндалган жоболорго ылайык келүүгө тийиш.
A. Долбоордун отчеттору
Насыя алуучу Долбоорду аткаруучу Агентство тарабынан Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнүн мониторингин жана баа берүү жүргүзүүнү жана Жалпы Шарттардын 4.08-бөлүмүнүн жоболоруна ылайык жана Ассоциация менен макулдашылган индикаторлордун негизинде долбоор боюнча отчетторду түзүүнү камсыз кылат. Долбоор боюнча ар бир ушундай отчет календарлык бир кварталга созулган мезгилди камтыйт жана ушундай отчет тарабынан камтылган мезгил аяктаган учурдан тартып кырк беш (45) күндүн ичинде Ассоциацияга жиберилүүгө тийиш.
B. Финансылык башкаруу, финансылык отчеттор жана аудиттер
1. Насыя алуучу Жалпы Шарттардын 4.09-бөлүмүнүн жоболоруна ылайык финансылык башкаруу системасын жүргүзүүгө же жүргүзүүнү камсыз кылууга тийиш.
2. Насыя алуучу ушул бөлүмдүн А бөлүгүнүн жоболоруна карата кандайдыр-бир чектөөлөрсүз эле, Долбоорду аткаруучу Агентство Долбоор боюнча аралыктуу текшерилбеген кварталдык финансылык отчетторду түзүшүн жана аны календарлык ар бир квартал аяктагандан кийин кырк беш (45) күндүн ичинде Насыя алуучуга берип турушун камсыз кылат, Долбоор боюнча отчетко киргизүү үчүн алардын формасы жана мазмуну Ассоциациянын талаптарын канааттандырууга тийиш.
3. Насыя алуучу Долбоорду аткаруучу Агентствонун жогоруда аталган финансылык отчеттору Ассоциация үчүн алгылыктуу болгон көз карандысыз аудиторлор тарабынан жана аудиттин Ассоциация үчүн алгылыктуу болгон стандарттарына ылайык текшерилишин камсыз кылат. Ар бир аудитордук текшерүү Долбоорду аткаруучу Агентствонун финансылык бир (1) жылын камтууга тийиш. Ар бир мезгил үчүн аудитордук текшерүүдөн өткөн финансылык отчеттор ушундай мезгил аяктаган учурдан тартып алты (6) айдан кечиктирилбестен Ассоциацияга жиберилүүгө тийиш.
4. Насыя алуучу Долбоордун алкагында сакталган ички контролдуктун механизмдерин, процесстерди жана жол-жоболорду ар бир финансылык жылда (же Ассоциация менен макулдашылган башка мезгилде) Ассоциациянын талаптарына жооп берген техникалык тапшырмага ылайык көз карандысыз аудиторлор тарабынан аудитордук текшерүүнү камсыз кылат.
A. Жалпы жоболор
Долбоордун алкагындагы сатып алуулар "2006-жылы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча колдонмо" катары белгилүү болгон "МБРРдин насыяларынын жана МАРдын кредиттери менен гранттарынын эсебинен финансыланып жаткан долбоорлорду ишке ашырууда коррупцияны болтурбай коюу жана бөгөт коюу боюнча Колдонмого", ошондой эле "МБРРдын насыяларынын жана МАРдын кредиттеринин алкагындагы сатып алуулар боюнча колдонмого" жана 2004-жылдын майында жарыяланган жана 2006-жылдын октябрында кайра каралган "Дүйнөлүк Банктын насыя алуучулары тарабынан консультанттарды тандап алуу жана жалдоо боюнча колдонмого" жана сатып алуулардын ар бир жаңы операциясы үчүн түзүлө турган тиешелүү типтүү тендердик документке ылайык жүзөгө ашырылат.
1. Товарлар жана жумуштар. Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, берилген финансылоо каражаттарынан финансыланууга тийиш болгон бардык товарларды жана жумуштарды сатып алуу Сатып алуулар боюнча колдонмонун I бөлүмүндө баяндалган же айтылган талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
2. Консультанттардын кызматтары. Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, берилген финансылоо каражаттарынан финансыланууга тийиш болгон консультанттардын бардык кызматтарын сатып алуу Консултанттарды тандап алуу боюнча Колдонмонун I жана IV бөлүмдөрүндө баяндалган же айтылган талаптарга жана ушул Тиркеменин жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
3. Аныктамалар. Баш тамгалар менен белгиленген, ушул Тиркемеде сатып алуулардын жеке ыкмаларын же Ассоциация тарабынан айрым контракттарга баа берүүнүн ыкмаларын баяндоо үчүн пайдаланылып жаткан терминдер, кырдаалга жараша сатып алуулар боюнча Колдонмодо же консультанттарды тандап алуу боюнча Колдонмодо баяндалган тиешелүү ыкмаларга таандык кылынат.
B. Товарларды жана жумуштарды сатып алуунун жеке ыкмалары
1. Эл аралык конкурстук соода. Эгерде 2-пунктта (төмөн жактан караңыз) башкача каралбаса, товарлар жана жумуштар Эл аралык конкурстук. Сооданын негизинде түзүлгөн контракттар боюнча сатылып алынат.
2. Товарларды жана жумуштарды сатып алуунун башка ыкмалары. Кийинки таблицада товарларды жана жумуштарды сатып алууда пайдаланылышы мүмкүн болгон Эл аралык конкурстук соодадан айырмаланган сатып алуулардын ыкмалары көрсөтүлдү, алар товарларды жана жумуштарды сатып алуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Сатып алуулардын планында ушундай ыкмалар колдонулушу мүмкүн болгон кырдаалдар көрсөтүлөт:
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Сатып алуулардын ыкмасы │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ (а) Төмөндөгү жоболорго ылайык жүзөгө ашырыла турган Улуттук кон-│
│курстук соода: │
│ 1. Сооданын катышуучуларынын алгылыктуулугу "МБРРдын насыялар жа-│
│на МАРдын кредиттер боюнча сатып алуулар боюнча Колдонмосунун" I│
│бөлүмүнө ылайык, "МБРРдын насыялар жана МАРдын кредиттер боюнча сатып│
│алуулар боюнча Колдонмосунун" I бөлүмүндө көрсөтүлгөндөрдөн айырма-│
│ланган себептер боюнча сооданын бир дагы иш жүзүндөгү же потенциалдуу│
│катышуучусу Ассоциация тарабынан финансыланып жаткан контракттар үчүн│
│толук укуктуу эмес деп жарыяланышы мүмкүн эмес. Тыюу салуунун неги-│
│зинде соодага катышууга жол бербөө укукка жат аракеттер формасында│
│так аныкталган жоболор сакталбаганда жана объективдүү жана объек-│
│тивдүү ачык процесске ылайык колдонулат. │
│ 2. Сатып алуучу уюмдар Ассоциациянын талаптарына жооп берген та-│
│лапка ылайык типтүү тендердик документтерди пайдаланууга милдеттүү. │
│ 3. Эгерде бул өзгөчө кырдаалдар менен негизделсе, тендердик бил-│
│дирменин колдонулуш мөөнөтүн узартуу анын мөөнөтү аяктаганга чейин│
│жана баа берүүнү аяктоо же контрактты түзүү үчүн талап кылынган мини-│
│малдуу мөөнөткө сооданын бардык катышуучулары тараптан жазуу жүзүндө│
│суралууга тийиш. │
│ 4. Товардын же көтөрмөчүлөрдүн келип чыгышынын негизинде улуттук│
│артыкчылык берүүгө жол берилбейт. │
│ 5. Эгерде алардын юридикалык жана финансылык жагынан көз каранды│
│эместиги аныкталбаса, акцияларынын контролдук пакети мамлекетке таан-│
│дык болгон юридикалык жактар мамлекет тарабынан өткөрүлүп жаткан соо-│
│дага катышууга чакырылышы мүмкүн эмес. │
│ 6. Алдын-ала квалификациялоо ири контракттарга, жумуштарга жайыл-│
│тылат жана Ассоциация менен макулдашуу боюнча колдонулат. │
│ 7. Алдын-ала жана андан кийинки квалификациялоонун критерийлери│
│мурдагы контракттарды аткарууга, сооданын катышуучуларынын финансы-│
│лык, башкаруучулук жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө гана таандык кы-│
│лынат. │
│ 8. Биргелешкен ишканалардын өнөктөштөрү өздөрүнүн милдеттенмелери│
│боюнча бирдей (биргелешкен жана жеке) жоопкерчилик тартат. │
│ 9. Салыштырмалуу чыгымдар бюджетти калыптандырууга жана курулуш│
│иштеринин контракттарына баа берүүгө карата колдонулбайт. │
│ 10. Билдирмелер аларды берүүнүн акыркы мөөнөтү келип жетээри ме-│
│нен дароо эле жалпыга маалим түрдө ачылат. Ачуу учурунда жана Насыя│
│алуучунун "Сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 6-статьясында айтылган│
│жагдайлардын тушунда билдирмелерди четке кагууга жол берилбейт. │
│ 11. Билдирмелердин сметалык баадан ашып кетишинин негизинде эле│
│аларды четке кагууга жол берилбейт. МБРРдин насыялар боюнча жана МАР-│
│дын кредиттер боюнча сатып алуулар боюнча Колдонмосунун 2.62-пункту-│
│нун шарттары аткарылган шартта гана Билдирмелер жокко чыгарылышы жана│
│соодага катышуу үчүн жаңы чакыруу жарыяланышы мүмкүн. │
│ 12. Билдирмелерге баа берүүнүн бардык критерийлери акчалай форма-│
│да өлчөнгөндөй болууга тийиш. │
│ 13. Билдирмелерге баа берүүнүн квалификациялык критерийлери кабыл│
│алуунун же жараксыз деп табуунун негизинде колдонулууга тийиш. │
│ 14. Контракт наркы алда канча аз, белгиленген талаптарга жооп│
│берген билдирме берген сооданын квалификациялуу катышуучусу менен│
│түзүлөт; сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт. │
│ 15. Сооданын катышуучуларына жана таламдаш тараптарга чыгарылган│
│чечимдерге протест келтирүүгө жана өздөрүнүн апелляцияларын өз уба-│
│гында кароого мүмкүнчүлүк бере турган натыйжалуу жана көз карандысыз│
│апелляциялык механизм колдонулууга тийиш. │
│ 16. Контрактты ишке ашыруунун жүрүшүндө милдеттенмелердин шартта-│
│рына/көлөмүнө кандайдыр-бир өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Ассоциациянын│
│алдын ала макулдугу талап кылынат. │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ (Ь) эркин соода аркылуу сатып алуулар │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ (c) Жергиликтүү коомчулуктарга катышуу │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ (d) Контракттарды түздөн-түз түзүү │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
C. Консультанттардын кызматтарын сатып алуунун жеке ыкмалары
1. Баанын жана сапаттын критерийлери боюнча тандап алуу. Эгерде ушул Бөлүмдүн 2-параграфында башкача каралбаса, консультанттардын кызматтары Баанын жана сапаттын критерийлери боюнча тандап алуунун натыйжалары боюнча ыйгарылган контракттардын негизинде сатылып алынат.
2. Консультанттардын кызматтарын сатып алуунун башка ыкмалары. Кийинки таблицада сатып алуулардын Баанын жана сапаттын критерийлери боюнча тандап алуудан айырмаланган ыкмалары көрсөтүлгөн, алар консультанттардын кызматтарын сатып алуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Сатып алуулардын Планында ушундай ыкмалар пайдаланылышы мүмкүн болгон жагдайлар көрсөтүлөт.
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Сатып алуулардын ыкмасы │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ (a) Консультанттардын квалификациясы боюнча тандап алуу │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ (Ь) Жеке консультанттарды тандап алуу, анын ичинде конкурстан│
│тышкары тандап алуу │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ (c) конкурстан тышкары тандап алуу │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
D. Сатып алуулар жөнүндө чечимдерди Ассоциация тарабынан карап
чыгуу
Сатып алуулардын Планында Ассоциация тарабынан алдын-ала каралууга тийиш болгон контракттар көрсөтүлөт. Калган бардык контракттар кийин Ассоциация тарабынан каралууга тийиш.
A. Жалпы жоболор
1. Насыя алуучу Жалпы Шарттардын II статьясынын жоболоруна, ушул Бөлүмгө жана 2-параграфтагы каражаттарды алуу Таблицасына ылайык жол бериле турган чыгашаларды финансылоо үчүн Ассоциация тарабынан Насыя алуучуга кабарлоо формасында өзүнчө көрсөтүлүшү мүмкүн болгон кошумча нускамаларга (анын ичинде 2006-жылдын майындагы, Ассоциация тарабынан мезгил-мезгили менен кайра каралып турган жана ушундай нускамаларга ылайык ушул Макулдашууга карата колдонулган "Долбоор боюнча төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу боюнча Дүйнөлүк Банктын Колдонмосуна") ылайык финансылоо каражаттарын алууну жүргүзө алат.
2. Кийинки таблицада Финансылоо ("Категория") каражаттары менен жабылышы мүмкүн болгон Жол берилүүчү чыгашалардын категориялары, Кредиттин жана Гранттын суммаларын ар бир Категория боюнча бөлүштүрүү, ошондой эле ар бир Категория үчүн Финансылоо каражаттары менен жабылышы мүмкүн болгон чыгашалардын пайыздык үлүшү көрсөтүлгөн. Ушул (3(Ь)) Категориясы үчүн канчалык практикалуу жана орундуу болсо да, Гранттын каражаттары Кредиттин каражаттары төлөнгөнгө чейин төлөнөт:
┌─────────────────────────┬─────────────┬─────────────┬───────────────┐
│ Категориясы │ Кредиттин │ Гранттын │Финансыланууга │
│ │ бөлүнгөн │ бөлүнгөн │ тийиш болгон │
│ │ суммасы │ суммасы │ чыгашалардын │
│ │ (СПЗнын │ (СПЗнын │ пайызы │
│ │эквиваленти │эквиваленти │ │
│ │ менен │ менен │ │
│ │билдирилген) │билдирилген) │ │
├─────────────────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────┤
│(1) Товарлар, жумуштар, │ │ 287000 │ 100% │
│окутуу жана операциялык │ │ │ │
│чыгашалар │ │ │ │
├─────────────────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────┤
│(2) Консультанттардын │ │ 192000 │100% │
│кызматтары, анын ичинде │ │ │жергиликтүү │
│аудит жана операциялык │ │ │чыгашалар │
│обзорлор │ │ │90% чет өлкөлүк│
│ │ │ │чыгашалар │
├─────────────────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────┤
│(3) Коомчулуктарга │ │ │ │
│төмөндөгү максаттар үчүн │ │ │ │
│бөлүнгөн Гранттар: │ │ 650000 │ 100% │
│(а) Долбоордун II бөлүгү │ 2900000 │ 1044000 │100% төлөнгөн │
│боюнча татаал │ │ │суммалар │
│микродолбоорлорду │ │ │ │
│модификациялоо; жана │ │ │ │
│(Ь) Долбоордун II бөлүгү │ │ │ │
│боюнча регулярдуу │ │ │ │
│микродолбоорлор │ │ │ │
├─────────────────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────┤
│(4) Бөлүштөрүлбөгөн │ │ 127000 │ │
│каражаттар │ │ │ │
├─────────────────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────────┤
│Жалпы суммасы │ 2900000 │ 2300000 │ │
└─────────────────────────┴─────────────┴─────────────┴───────────────┘
Ушул тиркеменин максаттары үчүн:
(a) "чет өлкөлүк чыгашалар" деген термин Насыя алуучунун өлкөсү болуп эсептелбеген ар кандай өлкөнүн аймагынан жөнөтүлгөн товарларды, жумуштарды кызматтарды сатып алуу үчүн Насыя алуучунун өлкөсү болуп эсептелбеген ар кандай өлкөнүн валютасы менен тартылган чыгашаларды билдирет;
(Ь) "жергиликтүү чыгашалар" деген термин Насыя алуучунун аймагынан жөнөтүлгөн товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу үчүн Насыя алуучунун валютасы менен тартылган чыгашаларды билдирет;
(c) "окутуу" деген термин Долбоорго байланыштуу жана товарларды жана кызматтарды жөнөтүүчүлөр менен контракттарга киргизилбеген окууга байланыштуу жол жүрүүлөрдү, тренингдерди, семинарларды, кеңешме жыйналыштарды жана башка окутуучу ишти, анын ичинде машыктыруучулар менен катышуучулардын транспорттук чыгашаларын жана суткалык акыларын билдирет;
(d) "операциялык чыгашалар" деген термин Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан Долбоорду ишке ашыруунун, башкаруунун, ишке ашыруунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн жүрүшүндө тарткан операциялык кошумча чыгымдарын, анын ичинде өзүнүн келишимдик кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү, социалдык чегерүүлөрүн, офистик имарат жайларды ижарага алууга, күтүүгө жана оңдоого кеткен чыгашаларын, ошондой эле чыгымдуу жана жана башка материалдарга, байланыш кызматтарына, маалыматтык системаларды техникалык коштоого, котормочулук кызматтарга, банктык жыйымдарга, транспорттук чыгашаларга кеткен чыгымдарды, Долбоорду ишке ашыруучу Агентствонун кызматкерлерине суткалык акы төлөөнү жана Долбоорду ишке ашырууга түздөн-түз байланыштуу болгон, Ассоциация үчүн алгылыктуу болгон ар жылдык бюджетте негизделген, башка негиздүү чыгашаларды билдирет, буга Насыя алуучунун мамлекеттик кызматтагы кызмат адамдарына эмгек акы төлөө жана Ассоциация менен башка чыгашалар кирбейт; жана
(e) "Социалдык Чегерүүлөр" деген термин камсыздандыруу взносторуна же оорусуна, жумушсуздук боюнча пособиелерге, эмгекке жараксыздык учурунда камсыздандырууга, жумушчуларды компенсациялоо боюнча пособиелерге, пенсиялык куракка толгондугуна байланыштуу пенсияларга (пенсия же социалдык камсыздоо) жана иштеген кызматкерлер үчүн келечектеги жеңилдиктерди акырындык менен пайдалануу үчүн төлөмдөрдү түзүп турган жеке камсыздандырууга кетүүчү ар кандай чегерүүлөрдү жана төлөмдөрдү билдирет.
B. Каражаттарды алуунун шарттары; Каражаттарды алуу мөөнөтү
1. Ушул Бөлүмдүн А бөлүгүнүн жоболоруна карабастан, ушул Макулдашуу түзүлгөн датага чейин жүзөгө ашырылган төлөмдөрдү финансылоо үчүн каражаттарды алууга жол берилбейт.
2. 2011-жылдын 31-декабры Жабылуу датасы болуп саналат.
3-тиркеме
Тындыруу графиги
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Тындыруу датасы │ Кредиттин тындырылууга тийиш │
│ │ болгон негизги суммасы (пайыз │
│ │ менен билдирилген)(*) │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Ар бир жылдын 15-мартында жана │ │
│15-сентябрында: │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2020-жылдын 15-мартынан тартып │ 1% │
│2009-жылдын 15-сентябрында │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2030-жылдын 15-мартынан тартып │ 2% │
│2049-жылдын 15-сентябрында │ │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
(*) Эгерде Жалпы Шарттардын 3.03 (Ь) Бөлүмүнө ылайык Ассоциация тарабынан башкача көрсөтүлбөсө, пайыздар Кредиттин негизги суммасынын тындырылууга тийиш болгон үлүшүн билдирет.
ТОЛУКТОО
1. "Коррупцияны болтурбай коюу боюнча колдонмо" 2006-жылдын 15-октябрындагы "МБРРдин насыяларынын жана МАРдын кредиттеринин жана гранттарынын эсебинен финансылануучу долбоорлорду ишке ашырууда коррупцияны болтурбай коюу жана бөгөт коюу боюнча колдонмону" билдирет.
2. "Бенефициар-Коомчулук" толук укуктуу коомчулукту билдирет, ал Коомчулуктун инвестициялык планын ишке ашыруу үчүн Долбоордун II бөлүгүндө каралган Коомчулук үчүн Грантты алуучу болуп саналат же ага алуучу болуу сунуш кылынат.
3. "Категория" ушул Макулдашууга карата 2-тиркемедеги IV бөлүмдүн А.2 бөлүгүндөгү таблицада көрсөтүлгөн категорияны билдирет.
4. "Коомчулук үчүн Грант" Долбоордун II бөлүгүнүн жоболоруна ылайык коомчулуктардын Инвестициялык планын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алууга кеткен чыгашаларды финансылоо үчүн толук укуктуу коомчулукка Финансылоо каражаттарынан берилген же сунуш кылынып жаткан грантты билдирет.
5. "Коомчулук үчүн грант жөнүндө Макулдашуу" Бенефициар-Коомчулукка Коомчулук үчүн грант берүү жаатында Тиешелүү инвестициялык бирикменин аткаруу комитетинин, айылдык кеңештин жана Долбоорду ишке ашыруучу Агентствонун ортосунда түзүлгөн Макулдашууну билдирет.
6. "Коомчулуктун инвестициялык планы" Операциялык колдонмодо аныкталган принциптерге, жол-жоболорго жана алгылыктуулуктун критерийлерине ылайык толук укуктуу коомчулук тарабынан даярдалган жана Коомчулуктар үчүн Гранттын эсебинен финансыланып жаткан же финансыланууга сунуш кылынган инвестициялык планды билдирет.
7. "Консультанттарды тандап алуу боюнча Колдонмо" Дүйнөлүк Банк тарабынан 2004-жылдын майында жарыяланган жана 2006-жылдын октябрында кайра каралган "Дүйнөлүк банктын насыя алуучулары тарабынан консультанттарды тандап алуу жана жалдоо боюнча колдонмону билдирет.
8. "Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чаралардын планы же ПМООС" Ассоциациянын талаптарын канааттандырган, Насыя алуучу тарабынан 2009-жылдын 24-сентябрында кабыл алынган жана Операциялык колдонмого киргизилген, Долбоордун айлана-чөйрөгө тийгизүүчү мүмкүн болуучу терс таасирин жумшартуу ыкмалары, Долбоор боюнча мониторинг жана институттук чаралар, анын ичинде микродолбоорлорду алдын-ала экологиялык текшерүүдөн жана баа берүүдөн өткөрүү боюнча колдонмо баяндалган планды билдирет.
9. "Жалпы шарттар" 2005-жылдын 1-июлундагы "Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы: Кредиттердин жана гранттардын жалпы шарттарын" (кийин 2006-жылдын толук 15-октябрына чейин киргизилген өзгөрүүлөрү менен) билдирет, ушул толуктоонун II бөлүмүндө баяндалган өзгөрүүлөрү менен.
10. "Жерлерди бөлүп берүүнүн планы" ар бир микродолбоор үчүн Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан иштелип чыккан, жерлерди бөлүп берүүнү жана/же калкты көчүрүүнү караган, (бул жерде жана мындан ары белгиленгендей) Ассоциациянын талаптарына жооп берген, жерди бөлүп берүү саясаты боюнча Алкактуу документте аныкталган параметрлерге ылайык даярдалган, белгилүү бир жерден жерлерди бөлүп берүү планын билдирет.
11. "Жерлерди бөлүп берүү боюнча алкактуу документ" 2009-жылдын 24-сентябрында кабыл алынган, Ассоциациянын талаптарына жооп берген, Насыя алуучу тарабынан кабыл алынган жана: (i) Долбоордун баяндамасын жана жерлерди бөлүп берүү жана/же көчүрүү талап кылынышы мүмкүн болгон иш-чараларды; (ii) көчүрүүнү даярдоону жана жүзөгө ашырууну аныктоочу принциптерди жана максаттарды; (iii) жерди бөлүп берүүнүн пландарын даярдоону жана жактырууну; (iv) мүмкүн болушунча, көчүрүлө турган же жабыр тарткан адамдардын болжолдуу санын жана алардын мүмкүн болуучу категорияларын; (v) көчүрүлүүчү жана жабыр тарткан адамдардын категорияларын аныктоонун критерийлерин; (vi) алуучунун мыйзамдарын жана жоболорун Ассоциациянын саясатынын талаптары менен салыштыруу үчүн юридикалык алкактуу документти, ошондой эле алардын ортосундагы ылайык келбей калган маселелерди чечүү боюнча сунуш кылынган чараларды; (vii) зыян тарткан активдердин наркын аныктоонун ыкмаларын; (viii) даттанууларды берүүнүн механизмдеринин баяндамасын; (ix) компенсациялоо механизмдеринин баяндамасын; жана (x) Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан жана зарыл учурда көз карандысыз адамдар тарабынан мониторингди жүзөгө ашыруунун принциптерин камтыган алкактуу документти билдирет.
12. "Микродолбоор" Долбоордун II бөлүгүнө ылайык коомчулуктардын Инвестициялык планына киргизилген же киргизүүгө сунуш кылынган жана Коомчулуктар үчүн гранттын каражаттарынын эсебинен финансылоого арналган инфраструктуралык долбоорду билдирет.
13. "Операциялык Колдонмо" Ассоциациянын канааттандырган, 2009-жылдын 24-сентябрындагы, Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан кабыл алынган жана башкалар менен катар: (а) Долбоорду ишке ашыруунун жол-жоболорун жана мониторингин; (Ь) алгылыктуулуктун критерийлерин, Бенефициардын салымы жаатындагы таламдарды, ошондой эле микродолбоорлорду даярдоону, баа берүүнү, тандап алууну, финансылоону, ишке ашырууну жана Коомчулуктар үчүн гранттарга көзөмөлдүк жүргүзүүнү; жана (с) ПМООСту камтыган операциялык колдонмону билдирет.
14. "Финансылоо жөнүндө негизги макулдашуу" Айылды инвестициялоонун экинчи долбоорун финансылоо жөнүндө Насыя алуучу менен Ассоциациянын ортосундагы 2006-жылдын 3-октябрындагы Макулдашууну билдирет (Грант № H250-KG).
15. "Негизги долбоор" Финансылоо жөнүндө Негизги Макулдашуунун текстинде баяндалган долбоорду билдирет.
16. "Долбоор жөнүндө Негизги Макулдашуу" Финансылоо жөнүндө Негизги Макулдашуунун датасы коюлган, Ассоциация менен Долбоорду ишке ашыруучу Агентствонун ортосунда түзүлгөн Айылды инвестициялоонун экинчи долбоорун билдирет.
17. "Сатып алуулар боюнча Колдонмо" Дүйнөлүк Банк тарабынан 2004-жылдын майында жарыяланган жана 2006-жылдын октябрында кайра каралган "МБРРдин насыяларынын жана МАРдын кредиттеринин алкагындагы сатып алуулар боюнча колдонмону" билдирет.
18. "Сатып алуулардын планы" Насыя алуучунун 2009-жылдын 24-сентябрындагы долбоор боюнча, Сатып алуулар боюнча Колдонмонун 1.16-пунктунда жана Консультанттарды тандап алуу боюнча Колдонмонун 1.24-пунктунда айтылган сатып алууларынын планын билдирет, мында аталган пункттардын жоболоруна ылайык ушул планга киргизилиши мүмкүн болгон жаңылануулар эске алынат.
19. "Долбоор жөнүндө Макулдашуу" Ассоциация менен Долбоорду ишке ашыруучу Агентствонун ортосундагы ушул Макулдашуунун датасы коюлган Макулдашууну билдирет, ага мезгил-мезгили менен өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн жана анын жоболору долбоор жөнүндө Макулдашууга карата бардык тиркемелерди жана кошумча макулдашууларды камтып турат.
20. "Долбоорду ишке ашыруучу Агентство" Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун же анын ар кандай жолун жолдоочусун билдирет.
21. "Долбоорду ишке ашыруучу Агентство жөнүндө мыйзамдар" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы № 330 Жарлыгын, анын ичинде аталган Жарлыкка киргизилген ар кандай өзгөрүүлөрдү же Долбоорду ишке ашыруучу Агентствону түзүү жөнүндө ар кандай кийинки актыны билдирет.
22. "Субсидиардык макулдашуу" ушул Макулдашуунун 5.01-бөлүмүнө ылайык Насыя алуучу менен Долбоорду ишке ашыруучу Агентствонун ортосунда түзүлгөн субсидиардык макулдашууну билдирет, ага мезгил-мезгили менен өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн жана Субсидиардык макулдашууга карата бардык тиркемелерди камтып турат.
Финансылоо жөнүндө негизги Макулдашууга төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилет.
1. Финансылоо жөнүндө Негизги Макулдашуунун 2-тиркемесинин I бөлүмүнө төмөндөгүдөй мазмундагы 4 жана 5-параграфтар киргизилди:
"4. Насыя алуучу Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан Долбоорду ишке ашырууну Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чаралардын Планынын жоболоруна, жерлерди бөлүп берүү саясаты боюнча Алкактуу документке жана Жерлерди бөлүп берүүнүн Пландарына ылайык ишке ашырууну камсыз кылат.
5. Насыя алуучу же Долбоорду ишке ашыруучу Агентство Ассоциациянын алдын-ала макулдугу болмоюнча, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чаралардын Планынын ар кандай жоболорун, Жерлерди бөлүп берүү саясаты боюнча Алкактуу документти жана Жерлерди бөлүп берүүнүн Планын өзгөртүшү, аракетин токтото турушу, жараксыз деп жарыялашы, алып салышы же аткаруудан качышы мүмкүн эмес.".
2. Финансылоо жөнүндө Негизги Макулдашууга карата толуктоо тиешелүү түрдө 11, 12 жана 13-пункттарга төмөндөгү толуктоолорду киргизүү, Толуктоодогу кийинки аныктамалардын номерлерин тиешелүү түрдө өзгөртүү аркылуу киргизилди:
"11. "Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чаралардын планы" же "ПМООС" Ассоциациянын талаптарын канааттандырган, 2009-жылдын 24-сентябрындагы, Насыя алуучу тарабынан кабыл алынган жана Долбоордун айлана-чөйрөгө тийгизиши мүмкүн болгон терс таасирин жумшартуу ыкмаларын, Долбоордун мониторинги боюнча чараларды жана институттук чараларды, анын ичинде микродолбоорлорду алдын-ала экологиялык текшерүү жана баа берүү боюнча колдонмону баяндоо менен, Операциялык Колдонмого киргизилген планды билдирет.
12. "Жерди бөлүп берүү планы" Жерлерди бөлүп берүү саясаты боюнча Алкактуу документте (ушул жерде жана мындан ары аныкталгандай) аныкталган параметрлерге ылайык даярдалган, Ассоциациянын талаптарына жооп берген, Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан ар бир микродолбоор үчүн иштелип чыккан, жерлерди бөлүп берүүнү жана/же калкты көчүрүүнү караган, белгилүү бир жерден жерлерди бөлүп берүүнүн планын билдирет.
13. "Жерлерди бөлүп берүү боюнча алкактуу документ" кабыл алынган, Ассоциациянын талаптарын канааттандырган, 2009-жылдын 24-сентябрындагы, Насыя алуучу тарабынан кабыл алынган жана: (i) Долбоордун баяндамасын жана жерлерди бөлүп берүү жана/же көчүрүү талап кылынышы мүмкүн болгон иш-чараларды; (ii) көчүрүүнү даярдоону жана жүзөгө ашырууну аныктоочу принциптерди жана максаттарды; (iii) жерди бөлүп берүүнүн пландарын даярдоону жана жактырууну; (iv) мүмкүн болушунча, көчүрүлө турган же жабыр тарткан адамдардын болжолдуу санын жана алардын мүмкүн болуучу категорияларын; (v) көчүрүлүүчү жана жабыр тарткан адамдардын категорияларын аныктоонун критерийлерин; (vi) алуучунун мыйзамдарын жана жоболорун Ассоциациянын саясатынын талаптары менен салыштыруу үчүн юридикалык алкактуу документти, ошондой эле алардын ортосундагы ылайык келбей калган маселелерди чечүү боюнча сунуш кылынган чараларды; (vii) зыян тарткан активдердин наркын аныктоонун ыкмаларын; (viii) даттанууларды берүүнүн механизмдеринин баяндамасын; (ix) компенсациялоо механизмдеринин баяндамасын; жана (x) Долбоорду ишке ашыруучу Агентство тарабынан жана зарыл учурда көз карандысыз адамдар тарабынан мониторингди жүзөгө ашыруунун принциптерин камтыган алкактуу документти билдирет.".
3. Финансылоо жөнүндө Негизги Макулдашууга карата 2-тиркеменин IV бөлүмүнүн В.2 параграфы өзгөртүлдү жана төмөндөгүдөй баяндалды:
"2. Жабылуу датасы 2011-жылдын 31-декабры болуп саналат."
МАРдын 2005-жылдын 1-июлундагы (2006-жылдын 15-октябрына чейин киргизилген кийинки өзгөрүүлөрү менен) кредиттер жана гранттар үчүн Жалпы шарттарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
6.02 бөлүмдүн (i) параграфы өзгөртүлдү жана төмөндөгүдөй редакцияда баяндалды:
"6.02-бөлүм. Ассоциациянын чечими менен токтото туруу
... (1) Укукка жөндөмсүздүк. Эгерде, Ассоциация же Банк тарабынан Долбоорду ишке ашыруучу Агентство алдамчылык, коррупциялык ишти жүзөгө ашырууга, үчүнчү жактагы адамдарды кандайдыр-бир аракеттерге мажбурлоого катышкандыгын же Ассоциация же Банк тарабынан берилип жаткан финансылык каражаттарды пайдалануу менен жашыруун бүтүмгө катышкандыгы аныкталса, Ассоциация же Банк Долбоорду ишке ашыруучу Агентствонун Ассоциация же Банк тарабынан берилип жаткан финансылык каражаттарды алууга же Ассоциация же Банк тарабынан толугу менен же жарым-жартылай финансыланып жаткан ар кандай долбоорду даярдоого же ишке ашырууга башкача катышууга укугу жок экендигин билдирет.".