Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 19-февралы № 53-б
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Россия Федерациясынын Байланыш жана массалык коммуникациялар министрлигинин ортосундагы Маалыматтык технологиялар, почта байланышы жана электр байланышы жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Россия Федерациясынын Байланыш жана массалык коммуникациялар министрлиги,
маалыматтык технологиялар, почта байланышы жана электр байланышы жаатында өздөрүнүн мамлекеттеринин экономикалык жана социалдык алгылыктуу өнүгүшү үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө умтулууну жетекчиликке алып,
биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга, маалыматтык технологияларды, почта байланышын жана электр байланышын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө ниеттенип,
Дүйнөлүк почта союзунун жана Эл аралык электр байланышы союзунун максаттарын жана принциптерин, ошондой эле бул эл аралык уюмдардын чегинде кабыл алынган башка документтерди эске алып,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашуунун чегиндеги кызматташтык Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат жана Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын улуттук кызыкчылыктарын коргоого тиешелүү иш-чараларды ишке ашырууда Тараптардын биринин дагы укуктарын чектебейт.
2-берене.
Тараптар кат-кабарлар, аманаттар, эл аралык тез почта аркылуу жөнөтүүлөрдү алмашууну жүзөгө ашырууга жана өнүктүрүүгө, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ыйгарым укук берилген почта ишканалары аркылуу акча каражаттарын почта менен которууларын кеңейтүүгө, "товарларды - почта аркылуу" кызматтарын уюштурууга көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле почта жөнөтүүлөрүн ташууну жана жеткирүүнү тездетүү, алардын сакталышын камсыз кылуу үчүн почталык алмашуу формаларын жана методдорун өркүндөтүү боюнча зарыл чараларды көрүшөт.
3-берене.
Тараптар Эл аралык электр байланышы союзунун 1992-жылдын 22-декабрындагы Уставына жана Конвенциясына, Эл аралык электр байланышы союзунун администрациялык регламенттерине жана сунуштарына, ошондой эле байланыш жаатындагы Региондук шериктештиктин документтерине ылайык электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүгө көмөк беришет.
4-берене.
Тараптардын ортосундагы кызматташтыктын багыттары маалыматтык технологияларга тиешелүү төмөнкүдөй тармактарды камтыйт:
а) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурууну өркүндөтүү үчүн маалыматтык технологияларды пайдалануу;
б) саламаттыкты сактоодо маалыматтык технологияларды, анын ичинде аралыктан медициналык кеңеш берүүлөрдү жүргүзүүнү пайдалануу;
в) билим берүүчү мекемелерди жана аралыктан окутууну компьютерлештирүү;
г) электрондук сооданы өнүктүрүү;
д) электрондук документтерди жана электрондук санариптик кол жазманы пайдалануу.
5-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин аймактары аркылуу бардык түрдөгү почта жөнөтүүлөрүнүн жана мамлекеттик бийлик органдарынын социалдык байланышынын эркин транзитин камсыз кылууга кепилдик беришет жана улуттук кызыкчылыктарга карама-каршы келбеген же кылмыштарга бөгөт коюуга тоскоолдук келтирген учурларды кошпогондо, электр байланыш тармактары боюнча кабарлардын, радио жана телепрограммалардын эркин өтүүсүнө көмөк көрсөтүшөт.
6-берене.
Тараптар өздөрүнүн иш аракеттерин Эл аралык электр байланышы союзунда, байланыш жаатындагы Региондук шериктештикте, Дүйнөлүк почта союзунда жана башка эл аралык байланыш уюмдарында координациялашат.
7-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин маалыматтык технологиялар, почта байланышы жана электр байланышы жагында иштеген чарбакер субъекттеринин ортосундагы ишкердик байланыштарды, анын ичинде өндүрүштүк тажрыйба жана илимий маалымат алмашууларды кеңейтүүгө көмөк беришет.
8-берене.
Эки мамлекеттин ортосунда эл аралык почта байланышын жана электр байланышты уюштуруудагы, ошондой эле байланыш кызматтары үчүн өз ара эсептешүүнүн шарттарындагы бардык өзгөрүүлөр жөнүндө Тараптар мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү болжолдогон күнгө чейин үч ай мурда бири-бирине алдын-ала кабар беришет.
9-берене.
Тараптар телефонисттер, телеграфисттер, техникалык кызматкерлер, байланыш уюмдарынын почта кызматчылары ортосунда кызматтык маалыматтар алмашуу, ошондой эле кызматтык документтерди алмашуу үчүн орус тилин пайдаланышат.
Тараптардын мамлекеттери ортосунда жиберилүүчү почта жөнөтүүлөрүнүн жана телеграммалардын даректери латын тамгалары жана араб сандары менен жазылат.
Кат-кабар жиберилүүчү өлкө орус тилинде кайталанган учурда даректи жиберилген өлкөнүн тилинде жазууга жол берилет.
10-берене.
Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасы же/жана Россия Федерациясы катышуучу болуп саналган колдонуудагы эки тараптуу же көп тараптуу эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
11-берене.
Ушул Макулдашууга эки тараптын тең макулдугу өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү жана эгерде Тараптар башкача келишимге келишпесе, ушул Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
12-берене.
Ушул Макулдашуунун жүрүшүндө же аны ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн интеллектуалдык менчик укуктарын бөлүштүрүү маселелери ушул Макулдашууда, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында жана Тараптардын мамлекеттери катышкан эл аралык келишимдерде каралган кызматташтыктын айрым багыттарын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн келишимдерге ылайык жөнгө салынат.
Тараптардын ар бирине ушул Макулдашуунун чегиндеги биргелешкен иш башталганга чейин же ушул Макулдашууга карабастан түзүлгөн интеллектуалдык менчик укугу таандык болот.
13-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун чегиндеги биргелешкен ишти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө экинчи тараптан алынган, экинчи тарап купуялуулукту сактоо талабын белгилеген маалыматты, экинчи тараптын буга кат жүзүндө уруксат берүүсү алынган учурларды кошпогондо Тараптардын бири да үчүнчү тарапка ачып бербейт жана жарыялабайт.
Бул жобо ушул Макулдашуунун колдонулушу токтотулгандан кийин да колдонула берет.
14-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга байланыштуу келип чыккан, Тараптар ортосундагы ар кандай талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы консультациялар жана/же сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
15-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу маселелери боюнча Тараптардын ортосундагы кат алышуулар орус тилинде жүзөгө ашырылат.
16-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет, 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири да экинчи тарапка Макулдашуунун колдонулушу кезектеги мезгил бүткөнгө чейин анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө кеминде алты ай мурда маалымдабаса, кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн-өзү узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу бул Макулдашуу колдонулган мезгилде башталган жана анын колдонулушу токтотулган күнгө карата аякталбаган биргелешкен программалардын жана долбоорлордун аткарылышына, эгерде Тараптар башка жөнүндө келишимге келишпесе тиешелүү болбойт.
Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып, Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлиги менен Россия Федерациясынын Байланыш министрлигинин ортосундагы 1992-жылдын 17-ноябрында жана 24-декабрында кол коюлган Почта жана электр байланышы тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун колдонулушу автоматтуу түрдө токтотулат.
_____________ шаарында 201_-жылдын "__" ________ ар бири кыргыз жана орус тилдеринде болгон эки нускада түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө максаты үчүн орус тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги үчүн
| Россия Федерациясынын Байланыш жана массалык коммуникациялар министрлиги үчүн |