Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 5-июну № 275-б
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы Чегирткеге жана айыл чарбалык башка зыянкечтерге каршы күрөшүүгө карата биргелешкен коргоо иш-чараларын жүргүзүү боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги жана Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги айыл чарба өсүмдүктөрү жана жайыттар үчүн чегирткенин, башка зыянкечтердин жана өсүмдүк илдеттеринин өзгөчө кооптуулугун эске алуу менен Кыргызстанда жана Казакстанда түшүмдүн болбой калышына, ошондой эле мамлекеттердин чектеш аймактарына киришине жол бербөө максатында:
өсүмдүктөрдү коргоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенүү менен төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар түшүмдүн болбой калышына жол бербөө максатында мамлекеттердин чектеш аймактарында чегирткеге жана айыл чарбалык башка зыянкечтерге жана илдеттерге каршы күрөшүүгө карата иш-чараларды уюштуруу боюнча биргелешкен жумушчу топту түзүшөт.
2-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен корголуучу мамлекеттик жана башка сыр болуп эсептелген маалыматты кошпогондо Тараптардын мамлекеттеринин чектеш аймактарынын өсүмдүктөрүн жана фитосанитардык абалын коргоо каражаттарын илимий жактан изилдөө, мамлекеттик каттоо жаатында Тараптар дайыма маалымат алмашып турушат.
3-берене.
Өсүмдүктөрдү коргоо боюнча Тараптардын башкаруу органдары, Тараптардын мамлекеттеринин чарбакер субъекттеринин адистери чек арага жакын райондордо төмөнкү иштерди аткарышат:
- чегиртке жана башка айыл чарбалык зыянкечтерге жана илдеттерге каршы күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн, ыкмаларын жана технологияларын, ошондой эле пайдаланылуучу пестициддердин ассортиментин аныктоо.
4-берене.
Зыянкечтер жапырт көбөйүү очокторунда активдешүү учурунда Тараптар өз мамлекеттерине экономикалык зыян келтирүүгө жол бербөө максатында бири бирине дароо маалымат беришет жана аларды жок кылуу боюнча иш-аракеттерди биргелешип координациялашат.
5-берене.
Тараптар зыянкечтердин жапырт көбөйүү очокторун жоюу боюнча өз мамлекеттеринин аймагында иштерди өз учурунда аткаруу жана пестициддерди сатып алуу боюнча чараларды көрүшөт, зыянкечтерди жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттерин жок кылуу боюнча тажрыйба алмашат.
6-берене.
Зарыл болгон учурда чегирткеге жана башка айыл чарбалык зыянкечтерге жана илдеттерге каршы күрөшүү боюнча иштерди ыкчам түрдө жүргүзүү максатында Тараптар бири-бирине өз ара көмөк жана техникалык жардам көрсөтүшөт, ошондой эле Тараптардын улуттук мыйзамдарын сактоо менен айыл чарба авиациясынын учуп өтүү маселелерин чечүүгө өз компетенттүүлүктөрүнүн чектеринде көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
Тараптар зарыл болгон учурда чегирткенин жана айыл чарбалык башка зыянкечтердин жана илдеттердин очокторун жоюу үчүн чек арага жакын райондордо отряддарды уюштуруу боюнча чараларды көрүшөт.
8-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда талаш-тартыштар келип чыккан учурда Тараптар аларды консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечишет.
9-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
10-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири кезектеги мезгилдин аягына чейин кеминде алты ай мурда экинчи Тарапка анын колдонулушун токтотууну ниеттенгени жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жибербесе кийинки беш жылдык мөөнөткө өзүнөн-өзү узартылат.
_______________ шаарында 2009-жылдын "____" ______________ эки түп нускада ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу Казакстан Республикасынын
чарба жана кайра иштетүү өнөржай айыл чарба министрлиги
министрлиги үчүн үчүн