Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 25-ноябры № 183-р
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Тажикстан Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы Финансылык мониторинг департаментинин ортосундагы терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Тажикстан Республикасынын
Улуттук банкынын алдындагы Финансылык мониторинг департаментинин ортосундагы терроризмди каржылоого
жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого)
каршы аракеттенүү жаатында кызматташуу жөнүндө
макулдашуу
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Тажикстан Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы Финансылык мониторинг департаменти,
терроризмди каржылоого жана акчаларды адалдоого байланышкан маалыматты кызматташуунун жана өз ара кызыкчылыктын духунда алмашууга көмөктөшүүнү каалашып, терроризмди каржылоого жана акчаларды адалдоого каршы натыйжалуу аракеттенүү максатында, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1. Тараптар терроризмди каржылоого, акчаларды адалдоого же ушулар менен байланышкан кылмыш ишине шектелген финансылык операциялар тууралуу өздөрүндө болгон маалыматты топтоо, ачуу жана талдоо учурунда кызматташат. Ушул максатта Тараптар өздөрүнүн демилгеси менен же суроо-талап боюнча акчаларды адалдоого же терроризмди каржылоого байланышкан финансылык операциялардын өздөрү тарабынан жана ушул ишке тартылган жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан иликтенүүсүнө байланыштуу болушу мүмкүн болгон ар кандай жеткиликтүү маалыматты алмашууну жүзөгө ашырышат. Маалыматка болгон ар кандай суроо-талап маалыматты пайдалануунун максатын билдирген суроо-талаптын, жок дегенде себебин кошо алганда, негизги фактылардын кыскача баяндоо менен негизделет, ошондой эле кабыл алуучу Тарапка суроо-талап улуттук мыйзамдарга жана өзү катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге жооп берерин же жооп бербесин чечүү укугун бериш үчүн керектүү маалыматтарды камтышы керек.
2. Ушул Макулдашууга ылайык алынган маалымат Тараптар тарабынан акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоо жана акчаларды адалдоо менен байланышкан кылмыш ишине шектелген адамдарды талдоо, иликтөө жана соттук териштирүү максатында пайдаланылышы мүмкүн. Ушул Макулдашуунун алкагында бөлөк Тараптан алынган маалымат же документ үчүнчү Тарапка берилбейт жана суралган Тараптын алдын ала макулдугусуз администрациялык, тергөө же соттук максаттарда пайдаланылбайт.
3. Тараптар тийиштүү органдардан алынган ар кандай маалыматты же документти берүүчү Тараптын алдын ала макулдугусуз ушул Макулдашууда көрсөтүлбөгөн максаттарда пайдаланууга же ачыкка чыгарууга жол беришпейт.
4. Ушул Макулдашууга ылайык алынган маалымат купуя болуп саналат жана ага улуттук булактардан алынган ошондой маалыматка карата алуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында каралган коргоо режими киргизилет. Бул Макулдашуунун иш-аракети токтогон учурда, бул жобо күчүндө кала берет.
5. Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык маалыматты берүү тартибин чогуу аныкташат жана ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу маселелери боюнча консультацияларды өткөрүшөт.
Тараптар өз ара кызматташууну жакшыртуу үчүн маалымат алмашууну уланта беришет.
6. Тараптардын ортосундагы кызматташуу, маалымат жөнүндө суроо-талапты, суроо-талаптарга жоопторду, маалыматтарды жана билдирүүлөрдү алмашууну кошо алганда, жазуу жүзүндө же факс аркылуу орус тилинде жүргүзүлөт.
7. Эгерде:
(1) суроо-талапта көрсөтүлгөн фактылар боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткан болсо;
(2) маалыматты берүү берүүчү Тараптын мамлекетинин коопсуздугуна, коомдук тартипке жана улуттук кызыкчылыктарга зыян келтириши мүмкүн болсо, же болбосо улуттук мыйзамдарга жана өзү катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге карама-каршы келсе, мындай учурларда Тараптар маалымат берүүгө милдеттүү эмес.
8. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө/колдонууга байланыштуу бардык талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы консультациялар/сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
9. Тараптардын өз ара келишүүсү менен, ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Макулдашуунун 10-пунктунда каралган тартипте күчүнө кире турган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
10. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл бою колдонулат. Эгерде ушул Макулдашуунун иш-аракетинин кезектеги мөөнөтү аяктаарына 6 айдан кем эмес убакыт калганга чейин Тараптардын эч бирөөсү ушул Макулдашуунун иш-аракетин токтотууга ниеттенгендиги тууралуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, анын иш-аракети кийинки 5 жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
11. __________________ шаарында 2010-жылдын «__» _________ эки түп нускада түзүлдү, ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы көз караштар келип чыккан учурда, орус тилиндеги текст артыкчылык кылат.
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы департаменти ______________________ | Тажикстан Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы Финансылык мониторинг _________________________ |