Редакцияот 24.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2016-жылдын 24-майы № 101

Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жана 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо, тиркемеге ылайык дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графиги, тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдраимов

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 24-майындагы № 101 токтомуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү ГРАФИГИ

 

№

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы

Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы

Эскертүү

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу району

1

Бөрү-Баш

2016-жылдын 10-июну,

саат 9-00дөн 12-00гө чейин

 

Нарын облусу

Ак-Талаа району

2

Жерге-Тал

2016-жылдын 10-июну,

саат 9-00дөн 12-00гө чейин

 

 

 

 

 

Кайра шайлоо

Чүй облусу

Кемин району

1

Кемин шаары

2016-жылдын 7-июну,

саат 9-00дөн 12-00гө чейин

мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен

Нарын облусу

Ак-Талаа району

2

Терек

2016-жылдын 7-июну,

саат 9-00дөн 12-00гө чейин

мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен

Нарын району

3

Учкун

2016-жылдын 7-июну,

саат 9-00дөн 12-00гө чейин

жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен

Жумгал району

4

Чаек

2016-жылдын 7-июну,

саат 9-00дөн 12-00гө чейин

мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен

Баткен облусу

Лейлек району

5

Бешкент

2016-жылдын 7-июну,

саат 9-00дөн 12-00гө чейин

мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен

6

Маргун

2016-жылдын 7-июну,

саат 14-00дөн 18-00гө чейин

мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен