Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 15-апрели № 80
2010-жылдын 6-апрелинен тартып 9-апрелин кошуп алгандагы мезгилде жабыр тарткан жарандарга шашылыш медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү дө үзгүлтүксүз ишти камсыщ кылууга кошкон зор салымы үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу фонду саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттарынан материалдык жардамды ушул тескемеге карата тиркемеге ылайык бөлүп берсин.
2. Мамлекеттик жардамды төлөп берүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлсүн:
-врач кызматкерлерге,
анын ичинде жетекчилерге - 8000 сомдон;
- орто медициналык кызматкерлерге - 6000 сомдон;
-кенже медициналык кызматкерлерге,
тез жардам автомашиналарынын айдоочуларына - 4500 сомдон;
- жана башкалар - 2000 сомдон.
3. Ушул тескеменин аткарылышын контролдооо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
Тиркеме
1. Улуттук госпиталь
2. Улуттук хирургия борбору
3. Энеликти жана балалыкты коргоонун улуттук борбору
4. Бишкек шаарынын темир жол ооруканасы
5. Дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмеси
6. Бишкек шаарынын № 1 шаардык клиникалык ооруканасы
7. Бишкектеги травматология жанан ортопедия илимий борбору
8. Балдардын шаардык клиникалык ооруканасы
9. Бишкек шаарынын № 6 шаардык клиникалык ооруканасы
10. Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясы
11. Бишкек шаарынын травматологиялык пункту
12. Чуй областтык бириккен ооруканасы
13. Сокулук аймактык ооруканасы
14. Ысык-Ата аймактык ооруканасы
15. Чуй аймактык ооруканасы
16. Токмок шаарынын аймактык ооруканасы
17 Жайыл аймактык ооруканасы
18. Чуй областык Үй-бүлөлүк медицина борбору
19. Сокулук районуну Үй-бүлөлүк медицина борбору
20. Талас областтык бирикен ооруканасы
21. Талас областтык Үй-бүлөлук медицина борбору
22. Таластагы Үй-бүлөлүк медицина борбору
23. Бакакй-Атадагы Үй-бүлөлүк медицина борбору
24. Манастагы жалпы врачтык практика борбору