Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 15-сентябры № 81-р
Карыган адамдарга колдоо көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, бейөкүмөт жана коомдук уюмдарды тартуу максатында:
1. 2010-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин «Карыган адамдарга көңүл буралы жана камкордук көрөлү» деген бир айлык өткөрүлсүн.
2. «Карыган адамдарга көңүл буралы жана камкордук көрөлү» деген бир айлыкты өткөрүү боюнча иш-чаралардын тиркелген Планы бекитилсин (мындан ары - иш-чаранын Планы).
3. Министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш-чаралардын бекитилген Планына ылайык чараларды өткөрүүнү камсыз кылсын жана 2010-жылдын 26-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу мамлекеттик агенттигине аткарылган иштер жөнүндө маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасында демөөрчүлүк иштерди аткарып жатышкан юридикалык жана жеке жактарга, эл аралык жана коомдук уюмдарга бир айлыкты өткөрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүү сунуш кылынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясына, облусттук телерадиокомпанияларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына республиканын региондорунда жана Бишкек жана Ош шаарларында бир айлыкты өткөрүүнү чагылдырууну уюштуруу сунуш кылынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу мамлекеттик агенттиги 2010-жылдын 15-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жалпыланган маалыматты сунуш кылсын.
7. Ушул тескеме жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
8. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-сентябрындагы № 81-р тескемеси менен бекитилген |