Редакцияот 20.09.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 20-сентябры № 92-б 

Кыргыз Республикасынын эл аралык спорттук коомчулуктагы беделин бекемдеген спорттогу жогорку жетишкендиктерге дем берүү максатында:

1. Өспүрүмдөрдүн I Олимпиадалык оюндарынын (Сингапур) жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин бир жолку акчалай сыйлоо төмөнкүдөй белгиленсин:

- биринчи орун үчүн - 10 миң АКШ доллары;

- экинчи орун үчүн - 7 миң АКШ доллары;

- үчүнчү орун үчүн - 5 миң АКШ доллары.

2. Төмөнкүдөй сыйлоолор белгиленсин:

- улук машыктыруучуга - спортсменди сыйлоонун суммасынын 25 проценти өлчөмүндө;

- жеке машыктыруучуга - спортсменди сыйлоонун суммасынын 25 проценти өлчөмүндө.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Өспүрүмдөрдүн I Олимпиадалык оюндарынын (Сингапур) жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин, алардын машыктыруучуларын тиркемеге ылайык сыйлоо үчүн 30 (отуз) миң АКШ долларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 2010-жылдын 24-сентябрына чейинки мөөнөттө бөлсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык, саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

Р.Отунбаева

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 92-р тескемесине тиркеме

 

Өспүрүмдөрдүн I Олимпиадалык оюндарынын (Сингапур) жеңүүчүлөрүнүн жана байге ээлеринин,алардын машыктыруучуларынын тизмеси

 

 Аты-жөнү

Спорттун түрү

Ээлеген орду

Сыйлоонун суммасы

Аматов У.

Грек-рим күрөшү

Биринчи орун

10 миң АКШ доллары

Мамбетов Р.

Грек-рим күрөшү

Улук машыктыруучу

2,5 миң АКШ доллары

Ялома П.

Грек-рим күрөшү

Жеке машыктыруучу

2,5 миң АКШ доллары

Сулайманов Ш.

Грек-рим күрөшү

Үчүнчү орун

5 миң АКШ доллары

Мамбетов Р.

Грек-рим күрөшү

Улук машыктыруучу

1,25 миң АКШ доллары

Өмүрзаков И.

Грек-рим күрөшү

Жеке машыктыруучу

1,25 миң АКШ доллары

Токтогонов Б.

Дзюдо

Үчүнчү орун

5 миң АКШ доллары

Дүйшөнбеков Т.

Дзюдо

Улук машыктыруучу

1,25 миң АКШ доллары

Шаршенов А.

Дзюдо

Жеке машыктыруучу

1,25 миң АКШ доллары

Бардыгы:

 

 

30 миң АКШ доллары