Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 10-январы № 1-б
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Оман Султанатынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Оман Султанатынын
Тышкы иштер министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө
протокол
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Оман Султанатынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары Тараптар деп аталат),
эки өлкөнүн ортосунда достук жана кызматташуу мамилелерин өнүктүрүү жана бекемдөөнү көздөп;
эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, эл аралык жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүүнү мындан ары күчтөндүрүүнү каалап;
демократиянын, адам укугунун, негизги эгемендүүлүктүн принциптерине ишенимин кайрадан баса белгилеп;
жана Бириккен Улуттар Уюмунун максаттарына жана принциптерине өздөрүнүн ишенимин артууну бекемдөө менен;
төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча консультациялар эки тараптуу мамилелердин кызматташуусунун бардык аспектилердин кароо жана өз ара кызыкчылыктарды туудурган маселелер боюнча пикир алмашуу максатында жыл сайын же эки жылда бир жолу өткөрүлүп турат.
2-берене
Эки мамлекеттин дипломатиялык кызматтарынын өкүлдөрүнүн ортосунда саясий консультациялар эки өлкөнүн борбор шаарларында кезеги менен уюштурулуп турат. Бул консультацияларда эки тараптуу мамилелердин жана өз ара кызыкчылыкты туудурган эл аралык саясаттын маселелери талкууланып турат.
Тараптардын макулдугу боюнча конкреттүү маселелерди изилдөө үчүн атайын эксперттердин тобу түзүлүшү мүмкүн.
3-берене
Планга коюлган консультациялардын күн тартиби жана шарттары Тараптардын алдын ала макулдашуусу менен аныкталат.
4-берене
Тараптар эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өздөрүнүн ишмердүүлүктөрүн координациялоо максатында өз ара кызматташуу менен бири-бирине консультацияларды өткөрүшөт.
5-берене
Тараптар эки өлкөнүн дипломатиялык кызматтарынын ортосунда кызматташууну жана тикелей байланышты колдойт. Алар өткөрүүнүн шарттары дипломатиялык жол менен аныкталган семинарларды жана биргелешкен изилдөө иштерин уюштурууга көмөк көрсөтүшөт.
6-берене
Бул Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл мөөнөткө чейин иштейт. Анын иш жүргүзүүсү Тараптардын биринин Токтомдун иштөө мөөнөтүнүн аягына чыкканга чейинки 6 ай ичинде башка Тарапка анын ишин токтотуу тууралуу ниетин билдиргенге чейии кийинки беш жылга автоматтуу түрдө узартыла берет.
_______________шаарында 20__-жылдын «___» _______
эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб жана англис тилинде даярдалган, мында ар бир текст бирдей күчкө ээ.
Өз ара түшүнүү тууралуу бул Протоколдун жобосун талкуулоодо кайчы пикирлер келип чыкса, Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги үчүн | Оман Султанатынын Тышкы иштер министрлиги үчүн |