Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-февралы № 46-б
1. Керек-жарак коомдор, кооперативдер союзунун системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Керек-жарак кооперативдер союзунун (Кыргызкерекжараксоюзу) системасын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун иш-аракетин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
"Ниет-Аракет" финансылык-консалтинг компаниясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Марка-Аудит" аудитордук компаниясынын өкүлү (макулдашуу боюнча).