Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 28-марты № 83-б
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында:
1. Республиканын 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан түштүк регионун калыбына келтирүү үчүн 5 млн. АКШ доллары суммасындагы акчалай жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү алмашуу катынын расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын министри - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын директоруна жогоруда аталган алмашуу катынын долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Кыргыз тараптын жооп каты
Улуу Даражалууга
Улуу Даражалуу,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан төмөнкү мазмундагы Сиздин катыңыз алынгандыгын ырастайм:
"Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн атынан төмөнкүлөрдү билдирем, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн жана элинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана элине болгон достук мамилесин билдирип, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 5 (беш) миллион АКШ доллары суммасындагы акчалай жардам көрсөтүүгө макулдук берет. Жогоруда аталган сумманы Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү дайындаган орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген банктык эсепке которот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган сумманы алгандыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө ырастайт.
Эгерде Сиз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда жазылгандарды жооп кат менен ырастасаңыз, анда ушул жана Улуу Даражалуу Сиздин жооп катыңыз Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзөт.
Терең урматтоо менен,".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Улуу Даражалуу Сиздин катыңыздын жогоруда баяндалган текстине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү макул экендигин ырастайм.
Ушуга байланыштуу Улуу Даражалуу Сиздин катыңыз жана ушул жооп кат биригип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзөт.
Терең урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын министри -
Ош жана Жалал-Абад шаарларын
калыбына келтирүү жана өнүктүрүү
боюнча мамлекеттик дирекциянын директору