Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 31-марты № 90-б
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 571-б буйругунун редакциясына ылайык)
Талас облусунда картошканы кайра иштетүүчү завод куруу менен байланышкан маселелерди чечүү максатында:
1. Талас облусунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен бирдикте Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Талас облусунда картошканы кайра иштетүүчү заводду куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында алынган картошканы кайрадан иштетүү боюнча жабдууларды белгиленген тартипте баалоону жүргүзсүн жана "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ААК) өткөрүп берсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 571-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
3. "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ААКына төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- картошканы кайра иштетүү боюнча жабдууларды уставдык капиталын көбөйтүүнүн эсебинен балансына кабыл алуу;
- бул буйруктун 1-пунктунда аталган Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында алынган өндүрүштүк, кампалык, турак-жай, администрациялык, кызматтык жана башка жайларды, ошондой эле жабдууларды жана башка материалдык баалуулуктарды тикелей арналышы боюнча колдонуу;
- картошканы кайра иштетүүчү заводду тез арада ишке киргизүү боюнча зарыл болгон иш-чарларды, анын ичинде инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана финансылык каражаттарды тартуу боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен макулдашуу боюнча иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
4. Талас облусунун мамлекеттик администрацияларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына картошканы кайра иштетүүчү заводду куруу жана ишке киргизүү менен байланышкан администрациялык жана башка маселелерди чечүүдө "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ААКына ар тараптан колдоо көрсөтүү сунуш кылынсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |