Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 30-декабры № 571-б
Кыргыз Республикасынын Талас облусунда картофелди кайра иштетүүчү заводду тездетип пайдаланууга киргизүүгө мамлекеттик колдоо-көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополия каршы саясат министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду менен бирге белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү киргизсин:
- акционерлердин жалпы жыйналышынын кароосуна "Азык" ачык акционердик коомун жоюу жана жоюу комиссиясын дайындоо жөнүндө маселени;
- "Азык" ачык акционердик коомунун мамлекеттик үлүшкө туура келүүчү активдерин, "Кыргыз азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына мамлекеттик үлүштү салымга ылайык тиешелүү көбөйтүү менен.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 90-б буйругунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жана агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |