Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 4-апрели № 96-б
1. Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Бабанов Өмүрбек Токтогуловичке жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Долбоор
Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү достук мамилелерди жана техникалык-экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талабына ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү жалпы суммасы (______) кытай юанын түзгөн кайтарымсыз түрдөгү грант бөлүп берет.
2-берене
Жогоруда аталган кайтарымсыз грант эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан макулдашылган техникалык-экономикалык долбоорлорду кароого жана иш жүзүнө ашыруу үчүн пайдаланылат. Конкреттүү шарттар эки тараптын кошумча макулдашууну түзүүсү жолу менен аныкталат.
3-берене
Бул Макулдашууну аткаруу үчүн эсептик жол-жоболор боюнча тийиштүү Макулдашууга Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дайындалган органдын ортосунда кошумча кол коюлат.
4-берене
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Макулдашуудан келип чыгуучу бардык милдеттенмелерди эки тараптын өкмөттөрү толугу менен аткарып бүткөн күнгө чейин күчүндө болот.
2011-жылдын «___» - апрелинде Пекин шаарында ар бир тарап үчүн эки түп нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |