Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 26-майы № 387
К.С.Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүн, анын жакындарын тез арада кармоо жана аларды кылмыш жообуна тартуу максатында:
1. К.С.Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү жана анын жакындары кайда жүргөнү жөнүндө маалымат бергендиги үчүн ушул тескеменин тиркемесине ылайык акчалай сыйлык жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги керектүү сумманы тапсын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эсебине которсун.
3. Жогоруда аталган адамдар жөнүндө маалымат бергендиги же кармагандыгы үчүн сыйлык укук коргоо органдарынын же атайын кызматтардын кызматкерлерине да төлөнүшү мүмкүн экендиги белгиленсин.
4. Бул тескеме жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык полиция кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бүткүл өздүк курамына маалымдалсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Убакгылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-майындагы №387 тескемесине тиркеме |
| Издөөдөгүлөрдүн аты-жөнү | Сыйлыктыи өлчөмү (АКШ доллары менен) |
1. | Бакиев Жаныбек Салиевич | 100 000 |
2. | Бакиев Каныбек Салиевич | 50 000 |
3. | Бакиев Ахмат Салиевич | 50 000 |
4. | Бакиев Марат Курманбекович | 100 000 |
5. | Бакиев Максим Курмалбекович | 100 000 |
6. | Үсөнов Данияр Токтогулович | 100 000 |
7. | Суталинов Мурат Абдыбекович | 50 000 |
8. | Темирбаев Курманбек Токтосунович | 20 000 |
9. | Темирбаев Нурлан Гоктосунович | 20 000 |
10. | Ширшов Алексей Юрьевич | 100 000 |
11. | Елисеев Алексей Александрович | 100 000 |
12. | Гуревич Евгений | 100 000 |